АйТи жолубуз тууралуу

АйТи жолубуз тууралуу дагы бир ирет айтып берейин деп чечтим.

Кыргыз тилчи мугалимден кантип АйТиге өткөнүмдү көпчүлүк эле билип калды, билбегендер үчүн кыскача айта турган болсом, карантинде үйдө бош отурбай АйТи окуп, бул тармак менен жакындан таанышкам.

💻 АйТи жолубуз тууралуу дагы бир ирет айтып берейин деп чечтим.

Кыргыз тилчи мугалимден кантип АйТиге өткөнүмдү көпчүлүк эле билип калды, билбегендер үчүн кыскача айта турган болсом, карантинде үйдө бош отурбай АйТи окуп, бул тармак менен жакындан таанышкам.

Алгач Жылдыз Академи менен бирге фронтенд тармагын окуп, ал тармакта ийгиликтүү болуп кете албай, кийин Азамат Акматов агай менен бирге Флаттер тармагына киргем. Флаттерде деле дароо укмуш болуп кете алган жокмун. Айлыгым башка АйТи адистериндей 2-3 миң доллар эмес, атайын коштум, АйТи адисимин десең эле, айлыгың жакшыбы дешет экен 😊

Бирок Флаттерге киргенден кийин бир нерсени жакшы түшүндүм, ийгилик биз ойлогондой оңой эмес экен. 3-4 ай окуп эле, же 1 жыл иштеп эле укмуш болуп кетүү дээрлик мүмкүн эмес экенин жакшы билдим. Ошол күндөн тартып анан, туруктуулук менен, аракет менен, тырышчаактык менен, сабырдуулук менен АйТиде ийгиликтүү боло алам деп өзүмө жана жакындарыма сөз бердим.

Өзүм ийгиликтүү болуп, кыйын болуп, жакшы айлык алып, өз жашоомду оңдоп кете берсем деле болот, бирок өлкөмдүн келечеги да мени ойлондурбайт койбойт, ошондуктан өзүм билген жакшы нерселерди, өзүм билген ийгиликтин жолун башкалар да билишин кааладым.

Ар аптада бир макала жазып, билгенимди элге жеткирип турмай болдум. Окурмандар күн санап артты, суроолор келе баштады, каалоо тилектер, ар кандай жаман-жакшы сөздөр, аларды окуган сайын өзүмө болгон ишеним артып, дагы да мотивация күчтөндү. Менин элге кылгым келген жакшылыкты Азамат агай да кылгысы келип жүргөнүн билдим. Ошентип анан экөөбүз бирге иш алып бара турган болдук.

Эң башында 5-6 ай 1 группа, 20 дан ашык адамды акысыз окуттук. Алардын ичинен азыркы учурда 5 адам ушул тармакта иштеп жатат. Бул бизге аябай чоң мотивация берди. Эми жакшылап ойлоно баштадык.

Эң башында, өзүбүз бир тиркеме жасап чыгалы дедик. Ал тиркемебиз бизге киреше булагы болот деп, көпкө ойлондук, пландадык, анализдедик. Бирок азырынча ал тиркемени жасап чыгууга бизде 2 нерсе жетишпейт экенин көрдүк. 1-мыкты адистерибиз жок, командабыз жетиштүү эмес, 2-ден баарыбыз билгендей эле каражаттын жетишсиздиги.

Биз бул көйгөйдү чечүү үчүн, команда топтоп, алар менен заказ алып иштейли, жакшы тиркемелерди жасайлы, бир аз каражат маселесин чечели дедик. Анткени, өлкөбүздө да Флаттер тармагы өнүгүп келе жатат, СНГ өлкөлөрүндө болсо абдан өнүгүп кетти, Америкада да акырындык менен Флаттер тааныла баштады, Европа өлкөлөрүндө да талап жакшы.

Команда топтоо үчүн да каражатыбыз жетишкен жок. Бул учурда мен дагы деле Флаттер менен иштеп акча таба элек элем. Бул маселени чечүү жана жакшы бир командага ээ болуу үчүн дагы кызыккан досторду топтоп, окутуу группаларын ачып, Азамат агай өзү Флаттерди окутуп, мен аларга күндөп-түндөп жардам кылып, активдүүлүк менен иштеп баштадык.

Убакыт учкан куш тура, 1 жылга жакын убакыттын ичинде 5 группа онлайн, 1 группа Ош шаарында офлайн окутканга жетиштик. Алардын 3 группасы окуусун жыйынтыкташты, 3 группасы дагы деле окууну улантып жатышат.

Окууну аяктаган досторубуз Флаттер тармагында иш издөө менен алек болуп жатышат, биз дагы аларды иш менен камсыз кылганга аракет кылып, азыркы учурда 3 мобилдик тиркемени жасоо менен алек болуп жатабыз. 27 адамдан турган сонун команданы түзүп алдык. Алардын ичинде дизайнерлерибиз бар, проект менеджерлерибиз бар, тимлиддерибиз бар. А мен болсо эптеп жүрүп эле, өзүмдү директор деп атап алгам. Анткени Азамат агай публиканы жакшы көрө бербейт, бул жазганымды окуса деле “мени айтпай эле койсоң болмок” – дешин билем. А менде болсо көөдөн жок да, кыялымдагы ийгиликтеримди да жеткендей кылып айтып турганды жакшы көрөм 😊 Бирок, мен ийгиликтүү боло аларыма толуш ишенем.

Бул команданы азыркы учурда деле каражат жагынан толук кандуу камсыздай элекпиз, бирок жакшы үйрөнүп алышса, заказдарды дагы да көбөйтсөк, каражат маселе болбойт деген ойдобуз. Ансыз деле, биздин негизги максатыбыз каражат эмес, биздин максатыбыз мыкты адис даярдоо, мыкты команда топтоо. Мыкты адистер менен куралган командага каражат ансыз деле өзү келерине 100 пайыз ишенебиз.

Бизде акыбал ушундай достор, суроолор болсо ушул жерге комментарий катары калтырсаңыздар болот. Ар бир суроого жооп берүүгө даярбыз.

Ии баса, биз го азыр көбүнчө стажировка, разработка менен алек болуп кеттик, дагы деле биз менен окугусу келгендер көп болуп жатат, бул жагын кандай кылалы? Дагы бир группа алып окуталыбы? Же жөн эле ишибизди уланта берелиби?

⚠️ Эмнеси болсо да, өзүңүздү өнүктүрүңүз, өлкөнүн өнүгүүсунө салым кошуңуз!

✍🏻 Турат Алыбаев, Бишкек шаары, 9-июнь, 2022-жыл.

  • Биздин каттарга жазыл

    Сиз бул татынакайга туруштук бере албайсыз! Ал сизге жума-айлык жаңылыктарды алып келсин.

    *Эч спамсыз. Каалаган учурда баш тартсаңыз болот.
  • Контентчини колдоңуз. Эгер колуңуздан келсе, каалаган сумма менен бизди колдоп турсаңыз болот. Биз Контентчи ресурстарында дагы да көп жана пайдалуу маалыматтарды чыгарып турабыз. Рахмат.
  • Жарнама

  • 17

    Бөлүш

    Лента Кененирээк

    Добавить комментарий

    Ваш адрес email не будет опубликован.

    Контентчи

    © 2022 Контентчи