😳 АйТи тармагындагы МИФтер!
⚠️ Ар тармакта болгондой эле АйТи тармагында да ар кандай мифтер айтылып жүрөт, бүгүн сиздер менен бирге ошол мифтерге көз жүгүртүп көрөлү урматтуу окурманым.
✅ Чынын айтканда миф деген түшүнүк, кайсы бир учурда укмуш, өзгөчө адамдар жасай алган бир иш же нерсе, аны азыр жасоо бизге окшогон карапайым адамдын колунан келбейт дегендей эле мээбизге сиңип калган эмеспи.
✅ Мына ушул мифтер бар болгону үчүн да АйТи тармагын окуй албай жүргөн көп адамдарды байкадым, ошондуктан сиздерге бул мифтер тууралуу түшүнүк бере кетүүнү туура көрдүм.
- АйТини өтө акылдуу, вундеркинддер гана окуйт, ошолор эле код жаза алат – деген миф бар эл арасында. Бул МИФ өзгөчө бизге фантастика кинолордон калыптанган. Батыштын фантастика кинолорунда, эч нерсени карабай, колунун он манжасын толук иштетип, капкара экранга укмуштуудай бир нерселерди жазып, шакылдатып отуруп, акыркы секундада жарыла турган бомбаны токтотуп калган адам.
Эстедиңиз болуш керек, бул мифтин кайдан келгенин. Бир гана ошондой адамдар програмчы болот, биздин колдон келмек беле деп отуруп, АйТи бизге абдан татаал бир кесиптей көрүнүп калган. Чынын айтканда кандайдыр бир маселени, кандайдыр бир көйгөйдү чечкиси келген ар бир адам АйТи окуй алат, сөзсүз эле баарын билген вундеркинд эмес, тескерисинче бир нерсе үйрөнгүсү келген адам окуйт. - Экинчи дагы бир укмуштуудай МИФ бар. Отуруп алып Phyton азыр дүйнөдө номер 1 экен, жок ай Флаттер укмуш болуп кетти, ой кокуууй ЖаваСкрипт менен укмуш болуп кетем. Бул дагы АйТи тармагынын адашкан мифтеринен десем туура болот.
Ооба, сөзсүз кайсы бир тилдин, кайсы бир тилден артыкчылыгы болот, же тескерисинче кемчилиги да болушу мүмкүн, бирок окуган тилиңизди мыкты билсеңиз, аны өз орду менен колдоно билсеңиз, анда сиз үчүн тилдердин айырмасынын мааниси деле жок. Болгону туура тандоо керек.
Элестетиңиз, сиз айфонго мобилдик тиркеме жасоону максат кылып жатасыз, бирок сиз Python дүйнөнүн эң мыкты тили деген уламышка ишенип алып, ошону окуп жатасыз, сиз окуп жаткан тил, сиздин көйгөйдү чечпеген соң ал дүйнөнүн эмес, бүтүн 18 миң ааламдын эң мыкты тили болсо да анын сизге кандай пайдасы бар. - Мыкты программист болуш үчүн чет өлкөдөн университет окуп келиш керек. Байкашымча азыркы жаштардын арасында да ушундай бир уламыш бар экен. Бул жакта окуса же курста окуса мыкты програмчы боло албайт дегендей көз карашты карманып алышыптыр. Бул МИФ окугусу келбегендердин же өзүнө ишенбегендердин эле чыгарган ушагы МИФке айланып кетсе керек.
Мыкты програмчы болуу үчүн, керек болсо курс деле окубай, интернетти туура пайдаланып програмчы болуп кетсе да болот. Бирок бул дагы чынында ар тараптуу маселе, жаш курагыңызга, азыркы абалыңызга карап тандоо кылыңыз демекчимин.
18 жашка чейинкилерге сөзсүз университет окууну, университетти бүтүргөндөргө, башка кесипте иштегендерге, такыр окубай калгандарга ар кандай курстарды сунуштасам болот. Мектепти 9-класстан таштап койгондор да, азыр ойлонуп, кайрадан курс окуп програмчы болуп кете алышат. Ал эми өз алдынча үйдө окуйм дегендерге болсо, бекем сабыр, күчтүү тартип талап кылынат экенин эстен чыгарбаңыз. - Жогорку миф менен бирге, жашым өтүп кетти деген уламышты эске салбасак болбойт. Негизи билим алуу эч качан кеч эмес. 50-60-70 жашта окуп жаткан көп эле адамды билебиз го. А сиз канчага чыктыңыз да сизге кеч болуп кетти. Мисалы биз өзүбүздүн 50 жаштан өтүп калган бир эжебизди окутуп, мыкты програмчы кылып чыгара алдык.
- Програмчы болуу үчүн, же укмуштуудай код жазыш үчүн эч кимде болбогон бир идеяң болушу керек. Чынын айтсам, айрым програмчылар берилген гана тапшырманы аткарып, жакшынакай айлыгын алып эле жашап жатышат, өзгөчө идеяга деле бай эмес. Болгону АйТи билими бар, иштегенди билет. Тескерисинче түнт, башкалар менен көп баарлашпаган, өзү бир нерсе ойлоп тапкысы келбей, берилген эле ишти аткарып жашагысы келген програмчылар бар, фриланс заказдарды алат, аны бүтүрүп акчасын алат, жакшынакай жашап жүрөт. Бул МИФке да ишенсеңиз, анда бул дагы жөн гана шылтоо демекчинмин.
- Дагы бир уламыш. Жогорку уламыш менен бир аз байланышып кетет. Ой програмчылар компьютерден баш көтөрбөй отура берип, түнт болуп, адамга аралашпай келесоо болуп калат дейт. Же компьютер эле карап отуруп башка ишке жарабай калат экен.
Бул дагы АйТи окугусу келбегендердин же эптеп окубай коюш үчүн шылтоо издегендердин уламышы. Анан үстүнө АйТи тармагы азыркы учурда абдан өнүгүүдө. Ар кандай тармактар менен түздөн-туз байланышууда. Азыр АйТини соодагерлер, мугалимдер, доктурлар, аскер кызматкерлери да окуп үйрөнүп жаткан чагы.
Ошол өзүнүн ардактуу кесибин замандын талабына ылайык алып кетүү үчүн, мисалы бир мал доктур инибиз бар, АйТи тармагын өздөштүрүп, өзүнүн веб сайтын чыгарып, өз билимин жалпы өзкөбүзгө арнасам деп жүрөт.
Себеби мал багууда, балдын ден соолугуна кам көрүүдө бизде чоң көйгөйлөр бар экен, мына ошол көйгөйлөрдү чечүү үчүн ушундай жолго кадам таштап жатыптыр. Көрдүңүзбү урматтуу окурманым, демек кайсы бир көйгөйдү чечем десеңиз, сиз АйТи эле адиси болуп калбастан, тескерисинче мурунку өз кесибиңизди да эң жогорку деңгээлде алып кетсеңиз болот экен. - Дагы көптөгөн уламыштар бар, жана боло берет. Менин бул макаламдагы акыркы уламышты айта турган болсом. АйТи адиси болуу үчүн математиканы укмуш билиш керек. Ал эле эмес, физиканы чакпасаң сенден АйТи адиси чыкпайт. Бул МИФ көп жылдардан бери бар.
Мисалы мен Кыргыз тили мугалими элем, АйТи адиси боло алдым. Математиканы да физиканы да мыкты билбейм. Билсем албетте артыкчылык болот, үйрөнүүгө аракет кылып жатам, бирок бул дегендик мени АйТи адиси болуудан тосо алган жок. Мен билген көп эле мыкты АйТи адистери математиканы укмуш билбейт. Математика менен физика да өз орду менен колдонулат, сиз а деп АйТиге киргенде эле, жогорку математиканы кармап тосуп албайт.
🔰 Урматтуу окурманым, уламыштар бүтпөйт. МИФтер улана берет, окууну каалабаган, окугусу келбеген адамдар, ар кандай уламышты таап айтып жүрө берет. Жалкоонун шылтоосу көп.
🔰 Окуп билим алуу үчүн эч качан кеч эмес, жана окубай коюуга эч кандай шылтоо жок. Жогорудагы уламыштарга сиз дагы ишенет белеңиз, же сиз булардан башка дагы кандай уламыштарды угуп жүрөсүз, комментарийге жаза кетиңиз.
🔰 Же эми уламышка ишенбей АйТини окуйм, же деги эле окуп билим алып, өзүмдү жана өлкөмдү өнүктүрөм деп өзүңүзгө, бизге, досторуңузга, ата-энеңизге сөз бериңиз. Биз ишенебиз, сиз берген сөзүңүзгө турасыз, сиз айткан сөзүңүздү сөзсүз аткарасыз.
⚠️ Окуңуз, өзүңүздү өнүктүрүңүз, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуңуз!
✍🏻 Турат Алыбаев, Бишкек шаары, 16-апрель, 2022-жыл.
Эн сонун.Буюрса мен да АйТини окуйм деп чечтим.Рахмат!