2020-жыл Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыяланды. Мындан улам, биргелешип темага байланыштуу #5kitep2020 challenge баштайбыз! Шарттар эң жөнөкөй, сиз өзүңүздүн социалдык баракчаңызга бул жылы сөзсүз окулушу керек болгон #5kitep2020 сунуштаңыз. Андан соң эстафетаны жакынкы 5 тааныштарыңыздарга өткөрүп бериңиз. Азаматсыз! Челлендждин максаты, өлкөбүздө өтүп жаткан «Бир адамдан – бир китеп» долбооруна жардам берүү. Кеттик!
«Биринчи мугалим» – Чынгыз Айтматов
1923 жыл. Орто Азияда жарандык согуш токтогон менен басмачылар али толук жоюла элек учур. Комсомолдун тапшырмасы боюнча кызыл аскер Дүйшөн элет жерине мектеп ачканы келет. Жергиликтүү калк анын умтулган талабына көңүл кош мамиле кылат. Көптөгөн тоскоолдуктарга карабастан окуучулардын жаркын келечегине ишенген Дүйшөн чечкиндүү кадамдарга барып, көздөгөн максатына тынбастан барат.
«Атлант расправил плечи» – Айн Рэнд
Россия империясында төрөлгөн, америкалык жазуучу биринчи жолу 1957-жылы жарыка чыгарган антиутопия-романы. 3 томдон турат. 12 жыл жазган. Эркин экономика, гениалдуу ишкерлер жана аларга каршы турган компетентсиз мамлекеттик кызматкерлер. Роман «Джон Голт деген ким?» деген суроо менен башталат, каармандар жана окурмандар ушул суроого жооп издешет.
«365 градусов по Фаренгейту» – Рей Брэдбери
1953-жылы басылып чыккан илимий-фантастикалык антиутопия-романы. Бул китеп келечектеги коомду сүрөттөйт. Ал коомдо китептер тыюу салынган, ошондуктан болгон китептерди таап «Өрт коопсуздугунун» ишкерлери өрттөп жоготушкан. Алардын арасында башкы каарман Гай Монтэг дагы болгон. Бирок ал коомдо болгон идеялдарга нааразы болуп, куугунтука алынган. Ошого карабастан, жашыруун кичи уюмдарга кошулуп, алар менен бирге тукумдарга билим сактап калуу үчүн китептердин тексттерин жатташкан. Китептин аты, эпиграфта түшүндүрүлөт: Фаренгейт шкаласы боюнча 365 градуста – кагаз күйөт жана өрттөнөт.
«Красная таблетка» – Андрей Кураптов
Чындыктын көзүн кара! Бул китеп окурмандарга жөнөкөй тил менен, адамдын мээси кантип иштейт экенин айтып берет. Автор оор терминдерди колдонбой аң-сезимдин жаратылышы жөнүндө кыска-нуска, тамашаларды кошуп жазган. Эмне үчүн биз мээмбиздин мүмкүнчүлүктөрүнө көп ишенбей, айлана-чөйрөдөгү болуп жаткан окуяларды жана адамдарды туура эмес кабыл алабыз? Эң негизгиси – эмне үчүн бул заманда өзүбүздү табууга абдан кыйын? Жоопторду «Кызыл таблетка» китебинде жазылган.
«Стив Джобс» Уолтер Айзексон
Бул автобиографиялык китепти журналист Уолтер Айзексонго «санарип революциясынын атасы» жана Apple компаниясынын негиздөөчүсү Стив Джобс, катуу оорулуу экенин билгенден кийин, жаздыргууга сунуштаган. Китепти жазуу убагында ал өзү түздөн-түз катышып, өзүнүн жашоосу жөнүндө суроолорго жооп берип, төкпөй-чачпай айтып берген. Китеп аябагандай кызыктуу, ошондуктан бул жылы сөзсүз окулушу керек!
«Бир адамдан – бир китеп» долбооруна акча каражатын котордум.
Кезектеги эстафетаны – Айзада Акбекова, Алмаз Арапов, Тилек Мамутов, Азиз Абакиров жана Айдана Өмүрбаевага тапшырам!