5G деген эмне?

1) Көзүбүздү жумабыз🧘🏻‍♀️

2) Терең дем алабыз 🧘‍♂️

3) Саясатты унутабыз 💆🏻‍♀️

4) Технологиялар жөнүндө ойлонобуз🙇🏻‍♀️

5) Көзүбүздү ачабыз👀

6) Окуйбуз:)⬇️

❓5G деген эмне?

❓5G нин кандай артыкчылыктары бар?

❓Huawei мн 5G нин эмне байланышы бар?

❓5G ден соолукка зыянбы?

Буга чейин 1G, 2G, 3G, 4G дегендерди угуп, колдонуп эле жүргөнүбүздөй 5G дагы бул 5-генерациядагы уюлдук желенин стандарты. 4G нин тездиги секундасына 100MB болсо, 5G секундасына 10GB. Башкача айтканда 4G ге караганда 10 эсе тез жана даталарды дароо ошол замат (real-time) жүктөй алат.

5G тездиги мн гана айрымаланбастан бир канча дивайстарды (devices) бир убакытта (одновременно) тагыраагы 1 миллионго чейин байланыштыра алса, ал эми 4G болжол мн 200 гана дивайсты (devices) бир убакытта (одновременно) байланыштыра алат. Ошондуктан 5G азыркы учурда негизинен индустрияда, Smart City, Internet of Things тармактарына керек. Мисалы, кабелсиз байланышкан же сенсорлор мн иштеген машиналар, роботтор жана телемедицинада анан autonomous driving тармактарына багытталган. Аны үчүн 5G антенналар орнотулуп, алар бири-бири мн fiber-optic кабелдери мн туташтырылышы керек. Аны ишке ашыруу үчүн көп каражат жана убакыт талап кылынат. Ал эми 5G бардык мобилдик телефондордо кармабайт, ага атайын 5G кармай турган chip орнотулган телефон керек.

Кытайдын Huawei компаниясы дүйнөдөгү 5G технологиясынын эң көп патенти бар компания, андан кийинки эле Ericson жана Nokia турат. USA болсо өзүнүн Канада, UK сыяктуу партнёрлору мн биргеликте Huawei-дин бул технологиясын колдонбоону сүйлөшүшкөн. Алар Кытай бул жаатта дүйнөлүк маркетти багындыруусун каалабайт. Ага бир канча себептер бар (кайра эле саясатка кирип кетпей токтотоюн:)).

Мындан тышкары 5G ден соолукка зыян деген имиштер айтылып келет. Жада калса дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дагы өзүнүн интернет баракчасында уюлдук желе жөнүндө жазган:  “Possibly carcinogenic to humans”- “адамдагы рак илдетин козгошу МҮМКҮН”. Бирок башка изилдөөлөрдө бул тууралуу так ДАЛИЛ ЖОК экендиги айтылып келет.

5G технологиясы Кыргызстанга эмес көпчүлүк өнүккөн өлкөлөргө да азырынча толук жете элек. Бизде 5G эмес дагы деле 3G, 4G толук орнотула элек. Ошoндуктан 5G аркылуу вирус жугат экен дегендер коркпой эле жашап тургула😁…

PS: технология терминдерин кыргызча которуш кыйын экен. Ошондуктан каталар болсо кечиргиле:)

  • 3

    Бөлүш

    Лента Кененирээк
    Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2024 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x