🚀 АйТинин тармактары

🔷 Эми болсо АйТинин кандай тармактары бар экенин, тизмектеп да жаза кетели.

🔹Web Developer – Веб сайт иштеп чыгуучу програмчы, (мунун ичинде FrontEnd жана BackEnd дегени жана FullStack Developer дегендери да бар);
🔹Mobile Developer – мобилдик тиркеме иштеп чыгуучу програмчы;
🔹Graphics Designer – графикалык дизайнер;
🔹Product Manager – Продукт менежер;
🔹Project Manager – Проект менежер;
🔹Tester – тестер;
🔹Team lead – команда лидери;
🔹QA Engineer – QA инженер ж.б. көптөгөн кесиптер бар.

🚀 АйТинин тармактары

⁉️ Учурда көп суралган суроолор. АйТинин кайсы тармагын окусам болот? АйТинин кайсыс тармагы актуалдуу? АйТи деген эмне? Анан кандай тармактары бар? Мага АйТинин бардык тармактарын айтып бериңизчи?

✅ Урматтуу окурманым, негизи АйТи дегенибиз маалымат технологиясы (Information Technology) деген гана сөздүн баш тамгалары. Бул жерде мага АйТини толук түшүндүрүп бериңизчи дегенде, бул нерсени бир отуруп алып толук түшүндүрүп берип коюу мүмкүн эмес. Ошентсе дагы, ушул макала аркылуу, кыска-нуска түшүнүк бергенге аракет кылайын.

🔷 Күнүбүздө технология абдан өнүгүп жаткандыктан, адамзатка кызмат көрсөтүүнүн форматы да технология менен байланыштуу болуп калды. Билим алуу, көңүл ачуу, соода-сатыктан тартып бардык иштерди күнүбүздө интернет аркылуу же тагыраак айтканда телефон, компьютер аркылуу жүргүзүп калдык. Демек, ушул тармактарга байланыштуу иш алып баруунун бардыгын бүгүн АйТи деп атап жатабыз.

🔷 Эми АйТи тармагынын кесиптерине жалпылай токтоло турган болсок.
Интернет веб сайттарды иштеп чыгуу, уюлдук телефондор үчүн мобилдик тиркемелерди иштеп чыгып, аларды өнүктүрүү, сайттар жана тиркемелер үчүн графикаларды тартуу, видеолорду, анимацияларды иштеп чыгуу жана ушул иштердин бардыгын уюштуруу мына ушулардын бардыгы АйТи тармагынын кесиптери болуп эсептелет.

🔶 Азыркы учурда АйТи тармагын окуйм дегендерге, математиканы жакшы оку, физиканы билбесең программист боло албайсың деп кеңеш бергенден алыс болуңуздар. Себеби АйТинин бардык тармагы эле математика, физика менен тыгыз байланышта эмес. Ооба, балким бир учурларда ушундай болгон чыгар, бирок бүгүн АйТи дагы өз адистери үчүн күндөн-күнгө жеңилдеп, ыңгайлуу болуп бара жатканын эскерте кетели.

🔷 Мисалы веб сайттарды жана мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуучу АйТи компанияларда атайын програмдоо тилдерин колдонуп, код жазып бул нерселерди иштеп чыгышат. Ошол эле компанияды дизайнер болушу мүмкүн, ал код жазганды билиши, математиканы укмуш өздөштүргөнү зарыл болбойт. Ошону менен эле бирге, програмчыларды, дизайнерлерди башка адистердин иштерин бөлүштүрүп, аларга багыт берип туруу үчүн проект менежер (Project Manager) да иштейт.

🔷 Же сиздин соода-сатык менен алектенген чакан фирмаңыз бар, сиздин фирмага бир сайт керек, ал сайтты да код жазып отурбастан, WordPress, Tilda, Wix. AirТable, Webflow сыяктуу көптөгөн конструкторлор аркылуу өзүңүз эле жасап алсаңыз болот, же арзаныраак жасатып алса туура болот. Мобилдик тиркемелерди да ушундай жасаса болорун айтып жүрүшөт, бирок мен ал ишти байкап көргөн жокмун.

🔷 Ошол эле учурда АйТи компанияларда Project Manager, Product Manager, Graphics Designer деген да адистер эмгектенишет, алар да код жазбайт. Айрыкча булардын ичинен менин байкаганым, графикалык дизайнерлер өз алдынча да иштеп, өтө чоң суммадагы кирешелерди тапса болот экен.
Жыйынтыктап айта турган болсок, АйТи адиси болуу үчүн сөзсүз математиканы, физиканы билиш керек деген нерсе жок экенин билсеңиз болду. Бирок бул дегендик алардын такыр эле кереги жок дегендик эмес, аларды билсеңиз, сиздин жолуңуз, ишиңиз дагы да узун, дагы да мыкты болушу турган иш. Кыскасын айтканда АйТи тармагынан өз жөндөм, шыгыңызга карап сөзсүз бир кесип тапсаңыз болот экенин билсеңиз болду.

🔷 Эми болсо АйТинин кандай тармактары бар экенин, тизмектеп да жаза кетели.

🔹Web Developer – Веб сайт иштеп чыгуучу програмчы, (мунун ичинде FrontEnd жана BackEnd дегени жана FullStack Developer дегендери да бар);
🔹Mobile Developer – мобилдик тиркеме иштеп чыгуучу програмчы;
🔹Graphics Designer – графикалык дизайнер;
🔹Product Manager – Продукт менежер;
🔹Project Manager – Проект менежер;
🔹Tester – тестер;
🔹Team lead – команда лидери;
🔹QA Engineer – QA инженер ж.б. көптөгөн кесиптер бар. 

🔰 Урматтуу окурманым, эмнеси болсо дагы “Өзүңүздү өнүктүрүңүз, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуңуз!” Бул жерде жазылган гана адистиктер бар эмес, АйТи тармагы өзүнчө бир чоң аалам, ал ааламда ар бир адамдын орду бар. Чоң ийгиликтерге жетүү үчүн математикам начар, физика окуган эмесмин, англис тилин үйрөнө албай койдум деген шылтоолор өтпөйт, эгер ийгиликке жетем десеңиз, АйТинин математика жок тармагын эмес, математикасы да, физикасы да бар тармагын тандаңыз. Көп окуңуз, же башкалардын окуусуна жардам кылыңыз. Бул өлкө баарыбыздын өлкөбүз, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошуу ар бирибиздин ыйык милдетибиз.

✍🏼 Турат Алыбаев, Бишкек шаары, 12-август, 2022-жыл.

  • 9

    Бөлүш

    Лента Кененирээк

    Добавить комментарий

    Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

    Контентчи

    © 2023 Контентчи