💻 Технология билим алууга тоскоолбу?

🔷 Каалайбызбы же каалабайбызбы айырмасы жок, биз технология менен аралашып калдык. Технология бүгүн биздин жашообузга кирип калды.
🔷Ооба, телевизор, телефон, компьютер булар балдарыбыздын билим алуусуна чоң тоскоолдук кылып жаткандай сезилиши мүмкүн. Ошондуктан, айрым нерселерди балдарыбызга чектегендин коркунучу деле жок. Бул жерде бир аз карама-карышыктар болушу мүмкүн.

🔷 Каалайбызбы же каалабайбызбы айырмасы жок, биз технология менен аралашып калдык. Технология бүгүн биздин жашообузга кирип калды.
🔷Ооба, телевизор, телефон, компьютер булар балдарыбыздын билим алуусуна чоң тоскоолдук кылып жаткандай сезилиши мүмкүн. Ошондуктан, айрым нерселерди балдарыбызга чектегендин коркунучу деле жок. Бул жерде бир аз карама-карышыктар болушу мүмкүн.

❓Кандайча? Анткени азыр мен айта турган нерсе, телефон, компьютерди билим алуунун куралы катары колдонсо болот деп айтам. Бирок ага чейин чектөө керектигин айтып жатам.
Эгер сиз технология билим алууга тоскоол деп ойлоп жатсаңыз, мен тескерисинче айтсам, сиз менин да оюма кошулсаңыз, карама-каршы эки ойго тең туура деп кошулган болосуз, а чынында, бул нерсе жакшы эмес.

✅ Мен компьютерди, телефонду билим алуунун каражаты катары көрөм. Жалпы билим берүү системасынан чыгып, өз алдынча көп изденген, ар бир мүмкүнчүлүктү билим алуунун каражаты катары көргөн адамдар гана дүйнөнүн эң ийгиликтүү инсандары боло аларын айткым келет.

🔷 Болгону азыр айтканымдай, компьютериңиз сизге тоскоол жаратып жаткан болсо, анда ал сизге пайда алып келиши өтө кыйын, оюңузду бөлөт, концентрация жоголот. Телефондогу соц тармактардын увидемлениеси ачык болсо, сиз эми китеп окуп баштасаңыз, же Йутубдан пайдалуу бир видео көрө баштасаңыз, соц тармактан улам тыңкылдап билдирүү келип, же Йутубдун үстүнө Ватсаптан жазылган смс көрүнүп жатса, анда көрүп жаткан видеоңуз деле, сизге тоскоолдук гана жаратат.

✅ Биз балдарыбызды телефондон 100 пайыз тыйып сала албадык. Анткени, биздин балдарыбыздын чоң ата – чоң энеси, тай ата – тай энеси, ата – энеси (биз) телефон колдонуп жатабыз, а балдар болсо, айтканыбызга караганда, бизден көргөнүн көп кыларын билебиз. Андыктан азырынча бизде 100 пайыз тыйып салууга мүмкүнчүлүк жок, ошентсе да, аларга чектөөлөрдү кылып турабыз.

✅ Билим багытындагы видеолорду тандап берип, тарбия берүүчү видеолорго, тил үйрөтүүчү видеолорго басым кылабыз. Жана албетте көрүү убактысына чектөө. Мүмкүн болушунча, чоң экрандан, жана көтөрүп жүрө албай турган кылып коюп бергенге аракет кылабыз. Кийинки видеого автоматтык түрдө өтпөгөнү жакшыраак. Себеби контрол толугу менен бизде болот.

✅ Экрандын бир жерде турганы, бала телефондо көрсө кыймылсыз отуруп калат, экранда көрсө үйдө ойной берет, көрө да берет, кыймылдуу болот.

🔰 Телефон, компьютер ошол эле учурда өзүбүздүн да билим алуу булагыбыз. Мисалы, келинчегим экөөбүз тең англис тилин телефон аркылуу үйрөнүп жатабыз, онлайн курстарга жазылганбыз. Йутуб жана гугл биздин билим алуучу негизги булак, китептерди, макалаларды, видеолорду өзүбүзгө жаккандай, өзүбүз каалагандай таба алабыз. Буюрса улуу кызым да чоңоюп келе жаткандыктан, эне тили англис тилдүү болгон англис тил курстарына онлайн окуталы деген ниетибиз бар.

✅ Кыскасын айтканда, жаңы нерселерди, технологияны, заманбап нерселерди өзүбүз өтөөсүнө чыгып биле албай, балдарыбызды да такыр алыс кармаганыбыз туура болбой калат демекчимин. Ии баса, ошол эле учурда, мисалы Apple’дын СЕОсу Тим Кук да өз балдарына гаджеттер темасына чек койгону көпчүлүккө эле маалым болсо керек.
Урматтуу окурманым, айтайын дегеним чектөөдө да, чектебей коюуда да чектен ашып кетпөөнү сунуштайт элем. Жаман-жаман дей берсек, балдарыбыз технологиянын пайдаларынан ала албай, ага душман болуп калат. Же тескерисинче анын жакшы жактарын биле албай, бир гана пайдасыз жагында калып калат. Же тескерисинче бир гана жакшы жагын айта берсек, анын зыяндарын да жакшылап түшүндүрө албасак, анда балдарыбыз гаджетке эле байланып, чыныгы жашоонун ырахатын, таза абанын каңылжар жарган кереметин сезе албай, экранга байланып өтүп кетпесин.

✅ Андыктан, дайыма ортолукту карманалы. Балдарыбызга булардын пайдалуу жактарын жеткире алуубуз үчүн, алгач өзүбүз аларды жакшы гана иштер үчүн, билим алуу үчүн, өзүбүздү өнүктүрүү үчүн колдонолу. Билим гана адамды жарык кылат, илим гана адамдарды тең кылат. Өзүбүздү ар тараптан өнүктүрүп, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошолу! Технологияны жакшы түшүнүү үчүн, АйТи окуйлу, окубагандарды биз окуталы.

✍🏻 Турат Алыбаев, Бишкек шаары, 11-июль, 2022-жыл.

  • Биздин каттарга жазыл

    Сиз бул татынакайга туруштук бере албайсыз! Ал сизге жума-айлык жаңылыктарды алып келсин.

    *Эч спамсыз. Каалаган учурда баш тартсаңыз болот.
  • Контентчини колдоңуз. Эгер колуңуздан келсе, каалаган сумма менен бизди колдоп турсаңыз болот. Биз Контентчи ресурстарында дагы да көп жана пайдалуу маалыматтарды чыгарып турабыз. Рахмат.
  • Жарнама

  • 6

    Бөлүш

    Лента Кененирээк

    Добавить комментарий

    Ваш адрес email не будет опубликован.

    Контентчи

    © 2022 Контентчи