Заманбап сүрөт канча турат?

Ондогон жылдар бою сүрөттөрдү сатышып жана алар бар үчүн искусство дүйнөсүндө сүрөт бийик оордунду ээлеген, абройлуу галереялар тизмеси көп эмес. Мындай галереяларды Art Basel, Frieze Art Fair жана башка искусство жарманкелеринде оңой эле тапса болот.

Ошондой эле, рыноктун белгилүү сүрөт галереялар тизмеси Paris Photo, Photo London, Aipad сайттарынан табылат.

Paris Photo Fair

Заманбап фотосүрөттүн маанилүү жана өтө айкын эмес жери – анын тиражы.

Тираж – бул бир сүрөттүн басылып чыгарылчу саны.

Көркөм чыгармалар рыногунда сүрөт абдан көп убакыттар аралыгында бекемделген.Басма графиканыкы сыяктуу эле, сүрөттүн материалдык баалуугу үчүн, акыркы учурда анын жабык тираж модели популярдуу.

Тираж дилер менен сүрөтчүнүн же галерея менен автордун макулдугунда түзүлөт. Же болбосо, автор өзү түзөт.

Чектелген сүрөттөр оңой сатылат, анткени бир сүрөттүн басып чыгарылчу саны көрсөтүлгөн өлчөмдөн ашпоого тийиш. Бул, галереяга дагы, авторго дагы ыңгайлуу.
Ар бир басылып чыккан сүрөт, сүрөтчү тарабынан көзөмөлдөнөт жана белгиленет.
Канчалык тираж аз болсо, ошончо анын баасы жогорудай сезилиши мүмкүн, бирок, искусство рыногун баардык эле учурда сандар кызыктырбайт, андан дагы сериянын мааниси же белгилүүлүгү зарыл.

Тираж – сүрөтчү үчүн жашоо муктаждыгы – автордун чыгармасынын логикалуу актагычы. Эгер бул суроого философиялык жактан тереңдеп көрсөк, анда сүрөттү дайым эле материалдык баалуулук катары эмес, аны интеллектуалдык, же руханий чыгарма катары баалашат.
Мисалга алсак, модернист-сүрөтчүлөр дагы өзүнүн чыгармасынын көчүрмөсүн кыла алышкан, бирок чектелүү санда.

Тираждардын түрү

Ачык тираж (Open edition) – сүрөттөр чексиз санда басылып чыккан сүрөттөр, же болбосо басылчу саны автор тарабынан көзөмөлдөнбөгөндөр. Адатта, мындай сүрөт рынокто эч кандай баага ээ эмес жана коллекциялык кызыкчылык арттырбайт. Өзгөчө учурлар, кызыктуу провенанс болгондо кездешиши мүмкун. Мисалы? Henri Cartier Bresson’дун чектелген тиражы жок эле, бирок коллекционерлер арасында талапка кызыктуу провенансы бар(кайда жана ким аркылуу сатылып алынган ж.у.ш) эмгектери ээ. Анан, кээ бир учурларда, автор, кайсыл басып чыгаруучунукунда сүрөтүн басып чыгарганы дагы маанилүү.

Чектелген (жабык) тираж (limited edition print)

Жабык тираждын бирдиктүү системасы жок. Автор өзүнүн эмгеги жабык тиражда болот десе, мисалы 7 басмада, бул, бир сүрөттүн болгону 7 оригиналдуу басылмасы болот дегенди түшүндүрөт. Мындай шарттарда, ар бир басылмада уникалдуулук калат.

Joel Meyerovitz

Joel Meyerovitz’тин бир эмгегинин мисалында үч көлөмдөгү чектелген тираж жасасак болот:

Көлөм 121  х  152 см — тираж 5

Көлөм 76  х  101 см — тираж 10

Көлөм 50  х  60 см — тираж 20

(сүрөттүн жалпы тиражы) 35

Michael Kenna

Michael Kenna’нын сүрөттөрү бир гана өлчөмдө: 19 x 19 см,  тиражы болсо – 45 экземпляр. Бул тиражга 5 AP кошот. AP болсо Artist Proof, өзгөчө статустагы эмгектер, шарттуу түрдө тираждын уникалдуулары – дегенди түшүндүрөт.

Andreas Gursky

Andreas Gursky-нин чоң сүрөттөрү, мисалы “Rhein II” болгону 6 басылмага ээ. Ал эми бир аз кичирээк 80 – 112 см өлчөмдөрүндөгү эмгектери болсо 25 даана.

Уникалдуу басылма

Richard Learoyd

Уникалдуу(бир экземплярда) басылмасы бар сүрөтчүлөр бар. Richard Learoyd басып чыгаруунун өзгөчө технологиясы менен сүрөттөрдү чыгарат. Бул, авторлордун сүрөттөрүнө талап чектелген, тираж үчүн эмес, индивидуалдуу визуалдык стили үчүн чоң. Жалгыз басылманы жасалма түрдө кылып койсо болот, бирок, ал сүрөттү сатып алуу ыктымалдуулугу дайыма бар эмес. Автордун эмгектери өзүнүн уникалдуулугунан азыр эле аукциондорго түшүп жатат.

Ben Cauchi

Yossi Milo галереясында көрсөтүлгөн Ben Cauchi-нин эмгектери амбротипия техноло
гиясы менен жасалган. Сүрөттөрдүн бир гана копиясы бар.

Hiroshi Sugimoto

Винтаждуу басылма

Винтаждуу басылма – коллекционерлер өзүлөрүнүн күндөлүк турмушунда колдонушкан түшүнүк. Мисалы, белгилүү сүрөтчүлөр чыгарган – баштапкы, винтаждуу басылма деп аталган басылмалар – такыр эле тиражсыз болушу мүмкүн. Кол коюлган сүрөттөр сейрек кездешүүсүн эске алганда, абдан жогорку базар баасына ээ. Акыркы басылмаларына салыштырмалуу, сапаты төмөн болушу мүмкүн. Бирок, сүрөттүн сейрек кездешүүсү жана провенансы жогорку баанын негизи болуп саналат өңдүү.

Аукциондор жана экинчи рынок

Аукцион

Экинчи рынок – сүрөттүн тиражы түгөнүп калганда, же болбосо, сүрөт аукционго коюлган жеке коллекциядан чыгып жаткан учурда. Мисалы автор аныктаган 6 басылманын алтоо тең сатылган болсо, сүрөттү галереядан сатып алууга мүмкүн эмес. Эгер баардык сүрөттөр сатылып бүткөн болсо жана кайсы бир экземпляры аукционго чыккан учурда, анын баасы баштапкы сатылып алынган баасынан жогору болушу мүмкүн. Көбүнчө учурда, аукциондогу сатууларга сүрөтчүнүн тиешеси жок. Аукциондор сатыкка жеке коллекциялардан же үчүнчү тарапык чыгармалардан гана тандашат.

Аукциондо автордун сейрек cүрөтү пайда болгон учурда, көп убакыт бою каалап, издеп келген көбүнчө коллекционерлер, сүрөт үчүн коюлган суммаларды төлөшөт.

Эгер Hasselblad Award сыйлыгын алгандардын тизмесин карап көрсөк, бул тизмедеги көбүнчө авторлордун эмгектери искусство рыногунда бааланышат, ал эми алардын сүрөттөрү аукциондо пайда болгондо, аларды коллекционерлер гана эмес, мисалы арт-дилерлер, музейлер, банктар ж.б. дагы сатып алышат.

Белгилүү аукциондор – Sothebys, Christies, Philips.

Баа тартиби

Азыр рынокто үйрөнчүк сүрөтчүлөрдүн дагы, мыкты сүрөтчүлөрдүн дагы сүрөттөрүнүн саны көп. Мисалы: Henri Cartier-Bresson-дун кичине көлөмдөгү, белгиленген сүрөтүн үч миң евро жана өйдө баага сатып алса болот.

Hiroshi Sugimoto

Hiroshi Sugimoto – замананын эң эле белгилүү сүрөтчүлөрүнүн бири болуп саналат, анын сүрөттөрү коллекционерлер арасында аябай популярдуу. 25 тираждан турган “Архитектура” сериясынын 50 x 60 өлчөмүндөгү сүрөттөрү 3 000 евро тура алат. Андан чоңураак, мисалы 5 экземпляр тираждагы “Деңиз” сериясынын 182 х 152 см басылмалары – чоң өлчөмүнөн жана өзүнө гана таандык өзгөчөлүктөрүнөн улам, 400 000 еврого жетет.

Hiroshi Sugimoto басылмаларын күмүш-желатин басма ыкмасы менен жаратат, процесс заманбап дүйнөнүн ченеминде кыйла татаал. Автор белгилүү сандагы экземплярларды басып чыгарат дагы, тиражды жабат. Андан ары, бүткөн түргө келтирүү менен галереялар алектенет. Басылмалар болсо, уникалдуу, аларды кайра басып чыгаруу мүмкүн эмес жана ошондой эле аларга мамиле дагы өзгөчө. Эмгек үстүндөгү иш, музей сапатынын бардык нормаларына ылайык жүргүзүлөт. Эмгектерге зыян келтирип албаш үчүн, атайын компаниялар ташышат. Эгер транспортировкада сынып кетсе, анда кайра басып чыгаруу практикасы жок. Жапон сүрөтчүсүнүкү сыяктуу, мындай класстагы белгилүү эмгектерди, көбүнчө, көргөзмөнүн ачылышына чейин эле сатып алышат.

Рынок эрежелерин сактоо, эмгек сапатын эстүүлүк менен баалап жана басылчу нускасын аныктоо абдан маанилүү.

Жаш авторлор өзүнүн эмгектерине, эч кандай артында маанилүү көргөзмөлөрү жок эле, эч бир галереялар тарабынан көргөзүлбөй туруп эле, 1000 евро деген бааларды койгону – бул искусство рыногуна карата туура эмес.

Жаш автор баасы боюнча өзү чечим кабыл алат, бирок эгер рынокту анлиздеп көрсө, анда жаш авторлор 1 басылмага 100 евродон кем эмес, ошол эле учурда белгилүү сүрөтчүлөрдүн баасынан жогору эмес баадан баштай алышат.

Рынок эрежелерин сактоо, эмгек сапатын эстүүлүк менен баалап жана басылчу нускасын аныктоо абдан маанилүү.

Кийинки басылманы сатууда көбүнчө учурда суммасы баштапкы баасынан 10 пайыздан кем эмес көтөрүлөт.

Michael Kenna-нын эмгектерин мисалга алса, тираждын биринчи басылмасы 2000 евро тура алат, ал эми экинчиси болсо 2200 евро, жана ушундай тираждын аягына жакындаган сайын өйдө карай.

Ар бир галерея, кайсыл авторлордун чыгармачылыгы өзүнүн концепциясына жарашса, ошолорду гана көргөзөт.

YellowKorner жана Lumas – чоң агым менен жана чоң сандагы (ачык тиражга жакын) экземпля
рлар менен саткан галереялар – Paris Photo сыяктуу жарманке катышуучуларынын деңгээлинен төмөн текчени ээлейт. Кесипкөйлөр жана коллекционерлер арасында, бул галереяларда саткан авторлор, эч качан музейлердин көргөзмөлөрүндө же абройлуу галереяларда коюлушпайт. Мындай эмгектердин баштапкы өзгөчөлүгү, заманбап искусствонун маселелерин козгогонго карганда, интерьерди кооздоо үчүн мүнөздүү – декоративдүүлүгү. Алардын көпчүлүк бөлүгү көркөм чыгармаларды элестетет, бирок андай эмес. (Бир гана нюанс, мындай галереялар, рынокто коллекционерлер тарабынан талапка ээ эмес белигилүү фотографтардын постерлерин да сатышат. Постер болсо – басылма авторго тиешеси жок дегенди түшүндүрөт жана үчүнчү тараптан басылып чыгарылган, ошондой эле жабык тиражга каршы келет)

Искусство интерьерде колдонулса болбойт деген нерсени түз мааниде кабыл алууга болбойт. Адатта, кадыр-барктуу галереяларда кездештире алчу сүрөттө, дароо эле окула бербес эстетикасы, көбүнчө идеясы же болбосо сериянын өзү биринчи орунга коюлат. 1990 жылы эле, Германияда кимдир бирөө Bernd жана Hilla Becher-дин сүрөттөрүн сатып алып, алар менен интерьерин кооздоп жатканын элестетүү кыйын эле. Азыр болсо, көптөгөн сүрөтчүлөр немистердин стилин туурап, экинчи даражадагы копияларын жаратышат. Ал эми Hasselblad премиясы сыяктуу сыйлык алган авторлор, визуалдык эстетиканы кайра ойлонуп чыгышат, заманбап искусствонун авангардында калып же чыгармачылыкта толугу менен жаңы багытты жаратышат жана заманбап сүрөт деген түшүнүккө жаңы маанилерди алып келишет.

Peter Lik

Питер Ликтин профессионалдуу дилерлер аркылуу сүрөтүнүн сатылуусу менен болгон белгилүү окуя, искусство дүйнөсүнүн адистери тарабынан өздүк персонага жана бизнеске көңүл бурдуруу үчүн болгон алдоо деп эсептелинет.

Эгер сүрөттөрдү музей мекемелери, коллекционерлер туруктуу сатып алып жатышса, алардын баасында белгилүү динамика бар жана кээ бир гана учурда курч өзгөрүүлөр байкалат, бирок мындай өзгөрүүлөр маанилүү окуялар менен же болбосо автордун көпчүлүккө белгилүү болуп баратышы менен байланыштуу.

Эгер сайтты карап көрсөк, artprice сайтында Peter Lik-тин эмгектерине коюлган баалардын динамикасы бир нече миң евронун тегерегинде айланат, ал эми Andreas Gursky-ники болсо, көп жылдар бою туруктуу жана Peter Lik-тен айырмаланып, рекорддук сатууларына чукул. Peter Lik-тин сатуулары болсо алдамчылыкка окшошуп кетет.

Макаланын автору: Дмитрий Богачук
Которгон: Janybek

  • Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2023 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x