Испаниялык фотограф Xavi Bou (кырг. Хави Бу) хронофотография процесси аркылуу куштарды сүрөткө тартат. Бул процесс жүздөгөн сүрөттөрдү бириктирүү менен, кыймылдап бара жаткан объекттердин элесин чагылдырган, XIX кылымдарда пайда болгон сүрөт түрү.
Хронофотография заманбап кинематографты ойлоп табуу процессинин бир этабы болуп саналат жана ал кыймылдагы кинокартиналарды жаздыруунун негизги принциптерин түшүнүүгө жардам берген.
Xavi Bou хронофотографияны колдонуу менен, куштардын кыймылын изилдейт.
Автордун сайты: xavibou.com
Инстаграм баракчасы: xavibou