Ролдук оюн деген эмне?

Интернет мейкиндигинде, өзгөчө коомдук тармактарында "ролдук оюн" деген сөз менен кездешип калышыңыздар мүмкүн. Азыр ал эмне экенин, жана ролдук оюнун кантип ойнолгонун кыскача түшүндүрүп беребиз.

Ролдук Оюн(англ. Role Play) – бул жөн гана сөзмө-сөз которгон болсок ролду ойногонду билдирет. Сиз жакшы көргөн компьютердик оюндарды эстесеңиздерчи – аларда сиз бир каарман менен башкарып, жасалма дүйнөдө жашап жүрөсүз. Өзгөчө РПГ(англ. RPG – Role Playing Games) жанрдагы оюндарында, мисалы "Skyrim"(орус. Скайрим) же "The Witcher"(орус. Ведьмак).

Ошондой эле ролдук оюнда да белгилүү, өзгөчөлөнгөн же дагы башка каалаган каарманды алып, аны менен ролду ойной аласыз. Бирок компьютердик оюндарындан айырмаланып, бул жерде чычканча жана баскычтар менен эмес, текст менен ойноо керек. Адамдын сөзү-тили бай болгондуктан, виртуалдык оюнда эч кандай чектери жок. Баары сиздин өзүңүздүн кыял жана элесиңизге байланыштуу.

Ролдук оюнда рольду кантип ойнош керек экен анда?

  • Жөн гана кадимкидей жазышып турган маекте кеп-сөзгө кошумча да аракеттериңиздерди да жазасыз. Диалог сөздөрүнөн кыймыл аракетти айырмалаш үчүн , "-", /-/, – сыяктуу ж.б. белгилерин колдонгону жакшы. Мисал:

------

Ролдук оюнду эки же андан ашык адамдар ойногону мүмкүн. Жеке маектерде эки адам өз арасынча, ал эми талкууларда болсо андан да көп адам ролду ойногону жетишишет.

Оюнчулар каалоолоруна карап, сюжет аркылуу же такыр даярданбастан, импровизация менен да ойношсо болот. Андай оюндар адамдын ой жүгүртүүсүн жана тил байлыгын өстүрөт.

  • Биздин каттарга жазыл

    Сиз бул татынакайга туруштук бере албайсыз! Ал сизге жума-айлык жаңылыктарды алып келсин.

    *Эч спамсыз. Каалаган учурда баш тартсаңыз болот.
  • Контентчини колдоңуз. Эгер колуңуздан келсе, каалаган сумма менен бизди колдоп турсаңыз болот. Биз Контентчи ресурстарында дагы да көп жана пайдалуу маалыматтарды чыгарып турабыз. Рахмат.
  • Жарнама

  • 0

    Бөлүш

    Лента Кененирээк

    Добавить комментарий

    Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

    Контентчи

    © 2023 Контентчи