Заманбап дүйнөдө видеоюнду ойнобогон бир да адамды табуу кыйын болсо керек. Анткени, баардыгыбыз жаштыгыбызда жок дегенде "Тетрис" деген нерсени билчүбүз. Ошондо, видеоюн бул өзү эмне болду экен?
Видеоюн – электрондук аппарат аркылуу жасалган сүрөттөрдү иштеткен оюн. Башкача айтканда, видеоюн бул визуалдык интерфейс аркылуу адам менен тузмөктүн, мисалы монитор же телевизор, ортосундагы өз ара аракетинде негизделген электрондук оюн.(Wikipedia)
Видеоюндар индустрия катары 1970-жылдары жаңы курулган "Atari" компаниясынын жардамы менен өнүккөн. 1972-жылы ал компания Pong аттуу 2D графикасында жасалган спорттук, теннис оюнун иштетип чыгарган.
Pong(1972) оюндун геймплейи
Эми болсо искусство эмнени билдирет экенин карап көрөлү. Көпчүлүгүбүз искусство бул адамдын көркөм чыгармасы болгонун билебиз. Бирок, көркөм чыгарманын баары эле искусство боло береби? Андан да маанилүүсү – видеоюндар көркөм чыгарма, ошондуктан искусство түрүнө киришеби?
Илгерки замандан бери чыныгы искусство түрү жогорку искусство деп саналган. Жогорку искусствонун чыгармалары адамдын ичинде кооздукка болгон сезимдерин жаратууга максат алышкан.
Искусство – чыгармачынын чындыкка көркөм элесиндеги берилген маани, же түшүнүүсү.
Коомдук өлчөмүндө искусство бул адамдын маданий жана рухий түзүлүшүн таанып жана анын көркөм түрдө чагылдыруусу.
Ошондо биринчи ийгиликтүү видеоюн деп аталган Pong искусство түрүнө киреби? Жок, ал жөн гана зоок үчүн жасалган электрондук оюн. Башталышта, оюндар жөн гана зоок үчүн жасалып келишкен. Бирок бара-бара эволюциядан өтүп, видеоюндар индустриясы техникалык жактан гана эмес, мазмун жагынан да өнүгүп келген. Видеоюндар башта аркада жанрында гана иштетилип чыгарылган болушса, азыр эми анын башка да жанрлары пайда болду. Видеоюндарда жакындан баштап толугу менен сюжети, окуясы иштетилип чыгып баштады. Бул дагы башка бир индустриянын мисалына окшошуп жатат. Ал индустрияны да баштан искусство катары эмес, зоок-оюн катары эсептешчү. Ал кино индустриясы.
Ал эми, сиздер сурашыңыздар мүмкүн – эмнеге анда кино кийин искусство түрүнө кирип калган? – деп. Бул суроого жооп бериш үчүн кинодон мурда кандай тармактар искусство деп эсептелгенин билгени туура. Булар – адабият, театр жана живопись.
Эң жалпы ой бул киного ушул үч искусство түрлөрү өз салымын кошушканы:
- Адабият киного сюжет жана окуянын түзүлүшүн берет, сценарийди.
- Театр киного актерлорду, декорацияны түзүү боюнча жана мизансцена тажрыйбасын берет.
- Ал эми живопись киного композиция жана түс менен иштөөнүн тажрыйбасын берет.
Ошентип, өзү башка искусство түрлөрүнөн турган кино искусство болуп саналбай калат беле?
Акыры, эмнеге видеоюндар бул искусство экенин түшүнүү үчүн анын эволюция жолун карап кетсек болот. Ал үчүн бизге мисал катары видеоюндарда пайда болгон бир гана тармагы керек. Ал FxV-оюндары – бул оюндар FMV(Full Motion Video – сөзмө-сөз "толугу менен кыймылдаган видео") негизинде жасалган оюндар. Андай негизде жасалган оюн атайын тартылган фильм же мультфильмден турган. Оюндун мааниси видео кыймылдап турганы үчүн туура тандоо жасаш керек, эгерде жаңылышсаң анда видео бүтүп калат(башынан башташ керек).
Андай жанрдагы оюндарды "интерактивдүү фильм" деп аташат. Интерактивдүү фильмди жөнөкөй түшүнүктөгү кинодон айырмалаган нерсе бул "чечим, тандоо" мүмкүнчүлүгү. Кино – бүт башынан аягына чейин тартылып бүткөн жана соңуна жеткирилген чыгарма. Аны көргөнгө болот, бирок аралашуу мүмкүн эмес. Интерактивдүү фильм оюндары болсо бизге өзүбүздүн окуябызды түзүү мүмкүнчүгүн берет. Андай оюндардын мисалдарына көпчүлүк 1983 жылы чыккан "Dragon’s Lair"(сөзмө-сөз "Ажыдаардын Үңкүрү") деген оюндары кирет.
Dragon’s Lair оюндун геймплейи(ооба, бул видеоюн)
Ал эми заманбаптарынын бири бул Quantic Dream аттуу франциялык компания иштетип чыгарган "Detroit: Become Human"(сөзмө-сөз "Детроит: Адам Болуу) деген оюн.
Жакшынакай андроидтин көз кысып коюусу
Видеоюндары искусство түрү катары маданий ишкерлер үчүн дагы талкуу жараткан суроо, бирок 2011 жылдан бери АКШ мамлекети видеоюндарын толук искусство катары кабыл алган.