Санариптик дүйнөдө кыргыз тилиндеги сапаттуу медиа-сайттар дегеле маалыматтар канчалык деңгээлде аз экендиги баарыбызга белгилүү. Азыркы учурда орус жана англис тилдүү контенттерде подкаст термини абдан көп колдонулуп келе жатат. Мына ошолордун катарында кыргыз тилинде дагы жазылган подкаттар чыга баштады. Албетте бул биз үчүн кубаныч. Негизи: “Подкаст деген эмне?” – деп жатсаңыздар керек. Подкаст – бул санариптик аудиофайлдардын сериясы, аны көчүрүп жана онлайн жазылып угууга болот. Адатта, ал сериал сыяктуу бир канча эпизоддору жана сезондору менен болот. Жөнөкөй тил менен айтканда эки же андан көп адамдардын маектешүүсүнүн аудиофайл форматында берилиши.
21-январь, 2020
1. Кажы-Кужу
Дортмунддан Азамат Токтакунов менен Бишкектен Жаныбек Мукаш биргелешип, кыргыз тилинде жаңы подкаст тартуулашат. Бул подкастта ар кайсы коноктор менен кесип жана жашоо жөнүндө маек курушат. Бул долбоор кыргыз тилинде сапаттуу маалыматтарды жайылтып, элдер арасындагы коммуникацияны бекемдөөгө багыт алган. Кажы-Кужу подкастын төмөнкү шилтеме аркылуу уга аласыз.
30-январь, 2020
2. Ысык-нан
Памирлик кыргыздар жана алардын Нарынга ылайыкташуусу жөнүндө подкаст. Алар кыргыз коомуна аралашып, анын толук кандуу бөлүгү болуп кала алабы? Алар өзүдөрүн өз үйүндөгүдөй сезе алышабы? Памирликтердин балдары кыргыз балдарына кошулуп билим алуу үчүн канча убакыт талап кылынат? Мына ушул сыяктуу жана башка суроолор боюнча подкасттын автору, журналист Салтанат Калдыбаеванын “Ысык-нан” подкасынан кенири уга аласыздар.
16-февраль, 2020
3. Эки дарыгер
Дарыгер, жалпы хирург Эрмек Исмаилов жана анын колегасы терапевт Бегимай Жетимишова менен биргеликте медициналык подкасты алып барышат. Подкасттын жаратуучуларынын айтымында, акыркы мезгилдерде өлкөнүн медициналык тармагына карата айтылган сын-пикирлер жана терс пикирлер көп пайда болду. Дарыгер менен пациенттин ортосундагы түшүнбөстүктөн улам көптөгөн чыр-чатактар келип чыгат. “Эки дарыгер” подкастынын жардамы менен Эрмек жана Бегимай жарандардын суроолоруна жооп берип, калктын медициналык сабаттуулугун жогорулатууну каалашат.
20-февраль, 2020
4. Киши
Бул “Киши” подкастында көйгөйлөргө кайдыгер болбой, аны чечүү үчүн өз салымын кошкон жөнөкөй адамдар жөнүндө Элмурат Аширалиев айтып берет. Алар билимин жана тажрыйбасын коомдогу көйгөйлөрдү чечүү үчүн колдонушат жана сырттан жардам күтпөстөн, өз алдынча иш-аракет кылышат. Бирок, алардын аракеттери дайыма эле оңой боло бербейт. Кээде алар ар кандай тоскоолдуктарга жана айланадагы адамдардын терс мамилесине туш болушат. Ага карабастан, алар өз максаттарына умтулуп, коомдун өсүшүнө жардам беришүүдө. Бир сөз менен айтканда, бул кайдыгер эмес адамдардын окуялары.
26-февраль, 2020
5. Бала-чака
Учурдун ата-энелери балдары менен кантип сүйлөшүшөт? Эмне жөнүндө? Кантип окутат? Эмнелерди үйрөтөт? Же азыркы балдарга эч нерсени үйрөтүүнүн кереги жокпу? Балага тарбия берүүдө кандай жагымдуу жана жагымсыз учурлар болот? Ушулар жөнүндө «Бала-чака» подкастын угуп, маалымат алсаңыз болот. Алып баруучулар бала-чакалуу Наргиза Кожобекова , Замир Казакбаев жана Улан Солтобек уулу.
Өй-бүлө темасына арналган «Бала-чака» подкастын Bilesinbi.kg сайтынан, Youtube каналынан, бир канча подкасттарды Google, RadioPublic Link платформаларынан уга аласыз.
13-апрель, 2020
6. Бирге өсөлү
Коомдун өзгөрүшүн кааласаң, өзүңдөн башта деп айтылгандай, өзгөрүүнү өзүңдөн баштоо үчүн кандай кадамдарды жасоону же кандай аракеттерди кылууну “Бирге өсөлү” подкастында Алия Токторбек Кызы жана Ак-Бермет Багачиева, “Контенчи” платформасынын жардамы менен кыргыча тартуулашат. Албетте, сиздин өнүгүүңүзгө салым кошуучу эң керектүү маалыматтарды кыргыз тилинде ала алсыз.
4-март, 2020
7. Акчанын айланасында
Акча жана айланасындагы мифтер жана уламыштар, суроолор жана жоромолдор. А айтмакчы, деги эле акча деген эмне? Ал чын эле адамды бузабы? Аны сүйүш керекби же жек көрөбүзбү? Акча менен эмне өлчөнөт? Эмгек кантип бааланат? Мамлекеттин чөнтөгү деген эмне? Тойлор коррупциянын булагыбы? Бул суроолорду жана түшүнүктөрдү “Акчанын айланасында” подкастында Capital Media’нын башкы редактору Назгүл Коңурбаева чечмелейт.
7-март, 2020
8. Таберик
Таберик подкастынын ар бир чыгарылышында Суусамырдан келген журналист Айзад Калканбаев коноктор менен кыргыздын тоюн жана каада-салттарын талкуулайт. Кыргызстан ата- бабалардан таберик катары калган салт- санаалар кандай нукка бурулуп, өзгөрүүгө дуушар болуп жатат. Биринин артынан бири ыксыз болуп жаткан тойлордо эл алдына көрүнүү, карызга батып дагы элден кем калбайын деп жасалмалуулукка жол берип жатканын талдайбыз. Ар бир чыгарманын каарманы өз тажрыйбасы жана пикири менен бөлүшөт.
9 март, 2020
9. Айылга арналган өмүр
Гүлбарчын Мамытбекова Нарын облсунун, Ак-Талаа районундагы айылдык мектепте 24 жылдан бери мугалим болуп иштейт. Ал өзү иштеген чөйрөдөгү мугалимдердин эмгеги, түмөн түйшүгү, коомдогу ролу жана орду, “өкмөттүн” балдары деп жүрүп өз балдарын унутта калтырган ж.б учурлар тууралуу аралашып жүрүп, абдан жакшы билет. Ошондуктан жөнөкөй айылдык мугалим, алардын ийгилиги, кубаныч-кайгысы, чет жерге жакшы жашоо издеп кетип, ал жерден көргөн кыйынчылыгы, үй-бүлөлүк жашоосунун оомал-төкмөлү, жан кейиткен жалгыздыкка карабай, эч кимге догурунбай балдарын чонойтуп, ошол эле учурда коомдук иштерден калбаган жигердүү мугалимдер тууралуу подкаст даярдоону максат кылган. Ар бир подкастта айылдык мугалим жан дүйнөсүндөгү, ишиндеги, жеке жашоосундагы сырларын жашырбай бөлүшөт.
16-апрель, 2020
10. Байбол
Айзат Түмөнбаева Нарын районуна караштуу Куланак айылынын тургуну. Ошол эле учурда айылда иш менен камсыз болуу өтө кыйын экенин да жакшы түшүнгөн. Бирок айылда жумуш жок дебестен, өзү туулуп, өскөн жеринде эле өз алдынча ишкердик кылып жаткан ишкерлер жөнүндө баяндайт. Ал эми ийгиликке жетүү жолу, оңойго турбаган иш экенин жакшы билебиз. Айылдагы бизнестер боюнча башкача айтканча айылдагы ишкерлердин жумуштары тууралуу «Байбол» аталышындагы подкастты тартуулайт.
Урматтуу, окурмандар эгерде сиздер дагы мына ушул сыяктуу подкасттарды жаратам десениз, анда биз сизге контентчи подкасттарды жаратууга жардам беребиз. Подкаст жаздырып кантип жайылтууну билбей жатсаныздар, бизге кайрылыңыздар. Дагы бир мүмкүнчүлүк биздин контентчи сайтыбызга дагы чыгарсаныздар болот. Эгерде кыргыз тилиндеги подкасттарды угуп, билип жүргөн болсонуздар, биз менен бөлүшкөндү унутпаңыздар.
Макала жаратууга жардам берген Контентчи авторго чоң рахмат: @cheksiz