2019 жылдын эң укмуштуу мультсериалы

2019 жылдын жаз мезгилинде америкалык белгилүү Netflix компаниясы дүйнөнүн көрүүчүлөрүнө өзүнүн жаңы мультсериалын жарыялаган – "Сүйүү, өлүм жана роботтор"(LOVE DEATH + ROBOTS). Чыгышы менен бул долбоор дароо эле элдин сүйүүсүнө татыктуу болду. Көрүүчүлөр жана сынчылар тең андан абдан кубанышкан. Бул макалада биз талдайбыз эмне үчүн "Сүйүү, өлүм жана роботтор" баарына жаңылык болуп чыкты. бул Ал эми сиздер ал сериалды көргөндөн шектенип турсаңыздар, анда бул макаланы окуңуз. СПОЙЛЕРЛЕР ЖОК.

Сериалдын логотипи.

Сүйүү, өлүм жана роботтор бул кыскаметраждуу тасмалардын тобу. Биринчи сезондо алардан 18. Ар бир тасма өзгөчө бөлөк окуяны баяндап келет, жана эпизоддор бири-бири менен эч кандай мамиледе турушпайт. Андай ыкманы сериал-антология деп аташат. Анын дагы бир өзгөчөлүгү чоңдорго гана ылайыктуулугу – 18+.

Сериалдын ар бир эпизодуна бөлөк режиссер, студия жана адамдар жооптуу. Ошол үчүн эпизоддор ар түрдүү анимация ыкмалары менен жасалышкан: мисалы кол анимациясы же компьютердик 3D анимациясы, же аралаш. Жалгыз "Ice Age"(Муз Доору) эпизоду тирүү актёрлор менен тартылган. Айтып кетсек, техникалык жагдайынан, демек анимациясы, саундтрек жана башка жактарынан сериал абдан жогорку сапатта жасалган. Бул таң калычтуу эмес, анткени аларды тартканы үчүн белгилүү, атактуу, жана тажрыйбасы бар студиялар чакырылышкан. Алардын арасында: Blur Studio, Blow Studio, Digic Pictures, Pinkman.TV, Studio La Cachette ж.б.

Сериалдын интросу.

"Мэйли, сырты конфета экен, ал эми даамы кандай болор?" деп сурасаңыздар мен так азыр жооп берем. Даамы абдан сонун. Башкача айтканда, сериалдын өзүнүн мазмуну бар. Окуялары кызыктуу. Ал эми билесиздерби эмнеге? Бүт 18 эпизоддордун окуялары, 2-3 тышкары, баарысы фантаст-жазуучулардын аңгемелеринен алынган. Ошентип мисалы, биринчи эпизоддун окуясы "Sonnie’s Edge"(Соннинин Артыкчылыгы) негизи катары Питер Гамильтондун "A Second Chance at Eden" жыйнагынан алынган. Кээбир эпизоддордо сериал чын эле терең мазмундарды тартуулап келет. Сериал өзүнө эң жарашкан атты тандаган. Ал эмне жөнүндө? Сүйүү, өлүм жана роботтор жөнүндө.

Сериалдан алынган кадрлардан коллаж.

Эгерде ушул жерге чейин окуп келип дагы көргөнү шашпасаңыздар, анда мына сиздерге ишеничтүү платформалардан алынган сынчылар жана көрүүчүлөр берген баалары.

IMDb – 8.6/10

Кинопоиск – 8.2/10

Rotten Tomatoes – Сынчылар 77%, Аудитория 89%

Ошол эле жылдын жай мезгилинде Netflix сериал 2 сезонго узарганы жөнүндө маалымдап берген.

  • 2

    Бөлүш

    Лента Кененирээк
    Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2024 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x