Tomb Raider(кырг. Күмбөз Талоочу) бул белгилүү археолог Лара Крофт жөнүндөгү видеоюндардын сериясы. Бул серия толук 12 оюнду түзөт. Ал оюн америкалык Crystal Dynamics жана канадалык Eidos Montreal аттуу студиялардын кош аракеттери менен иштеп чыгарылган. Бирок биз болсо бүгүн анын жаңы жүргүзүүсүн карап чыгабыз. Биздин максат азыр оюндар чыгышынын хронологиясын, кыскача сюжетин жана көбүнчө коомдун пикирин талдоодо турат.
Tomb Raider(2013)
Киришүү
2013 жылы Tomb Raider аттуу видеоюну менен Лара Крофттун жаңыдан түзүлүүсү башталат. Бул компьютердик видеоюн ролдук элементтери менен аралаш үчүнчү жактан болгон окуялуу экшн жанрында. Ал оюн Playstation 3, Xbox 360 жана жеке компьютерде жүргүзүлөт(кийинчегирээк дагы Playstation 4, Xbox One жана Linux системасына да тууралаштырылган). Оюндун урааны “A survivor was born”(кырг. “Уламыштын жаралуусу”) деген болду.
Кыскача Сюжети
Жаш археолог-кыз Лара Крофт кемесинин чөгүп кетишинен улам сырдуу бир аралга түшүп калат.
Коомдун Пикири
Tomb Raider көп көргөзмөлөрдөн өтүп, эң мыкты экшен, эң мыкты трейлер жана Electronic Entertainment Expo боюнча эң мыкты оюн деп аталган. Жалпы алганда 150 аталмаларда жеңген. Оюн прессалары “франшизанын” жаңыдан жүргүзүүсүнө ар түрдүү таасирденишкен. Tomb Raider франшизасы бунусу менен төртүнчү жолу жаңыдан жүргүзүлүүсүнөн улам, баары өзгөрүүсүз калгандай ойдо болушкан. Бир четтен эски оюндарынын сыйкыры кеткенине капа болуп, башка четтен жаңы көрүнүштөрдү кабыл алганы даяр болгондор дагы чыккан.
Өзгөчө бир сценасында аялга карата зордуктоо көрүнүшү болгонунан прессалар оюнду иштеп чыккандарды “сексизмде” күнөөлөшкөн. Бирок ага карабастан, оюнду иштеп чыккан студия ал сценаны жок кылуудан баш тартышкан.
Оюндун трейлеринен алынган сцена.
Rise of the Tomb Raider(2015)
Киришүү
Лара Крофттун жаңы түзүлүүсү жөнүндөгү экинчи оюну “Rise of the Tomb Raider”(кырг. “Күмбөз Талоочунун Көтөрүлүүсү”) 2014 жылдын жайында жарыяланып, 2015 жылдын ноябрында иштеп чыгарылган. Ал Xbox 360 жана Xbox One үчүн жүргүзүлгөн. Кийинки жылы Playstation 4 жана жеке компьютер үчүн да тууралаштырылган.
Кыскача Сюжети
Башкы окуясы боюнча,Лара Крофт эми өлбөстүк сырын тапканы үчүн Оруссияга жөнөп барат.
Коомдун Пикири
Күмбөз Талоочунун уландысын оюн прессасы жакшы кабыл алышкан. Өзүнөн мурда чыккан оюнунан көрө, жаңы оюну абдан жакшы деп “Игромания” басмасы белгилеп кетти.
Вторая часть перезапущенной саги о Ларе Крофт на порядок убедительнее первой. Crystal Dynamics подтянули сценарий и сдвинули акценты в сторону классических приключений (чтобы больше не называли «конкурентом Uncharted»), но не отказались при этом от зрелищной постановки и механик, которые раньше работали хорошо. В таких условиях Rise of the Tomb Raider чувствует себя прекрасно.
– “Игромания” оюн журналы.
Оюн үчүн 3 толуктоочтор чыгарылган:
Endurance Mode – оюнга жогорулатылган татаалдыкты кошкон. Анысында Ларага тирүү калуу үчүн тамак-аш жана күйүүчү майды табыш керек.
Baba Yaga: Temple of the Witch – бул толуктооч оюнга жаңы күмбөздөр, баш катырмалар жана сюжеттик кампания кошулган.
Cold Darkness Awakened – үчүнчү жана үч толуктоочтордун акыркы бөлүгү. Анысында кадимкидей кескилер, зомбилер менен алмаштырышкан.
Толуктоочтордон тышкары, иштеп чыгаруучулар Лара үчүн кошумча кийим-кечелерди жана курал-жарактарды кошушкан.
Shadow of the Tomb Raider(2018)
Киришүү
Лара Крофттун жаңыдан түзүлүүсү жөнүндө трилогиясынын акыркы бөлүгү быйыл 14 сентябрьда Shadow of the Tomb Raider(кырг. “Күмбөз Талоочунун Карааны”) деген аталышы менен чыгарылган. Трилогиянын соңку бөлүгүн эми канадалык студия Eidos Montreal жалгыз иштеп чыгарган. Ал оюн Windows, Playstation 4 жана Xbox One үчүн жүргүзүлөт.
Кыскача Сюжети
Бул жаңы бөлүктө Лара Крофт Түштүк Америкадагы Косумель аттуу мексикалык аралга жөнөйт. Тоолор, тропиктик токой, жалдангычтар, күн тутулуусу жана пирамидаларды кайтарган илгерки күчтөрдүн жанга кайтуусу караңгылык жана кыяматтын жакындаганы жөнүндө кабар берет.
Коомдун Пикири
Оюнчулар коомунун сөздөрүнөн көзгө көрүнгөн биринчи нерсе бул айлана-чөйрөнү жакшыртуу боюнча укмуш иш аткарылганы. Чынындасы илгерки цивилизациянын деми сезилчүдөй көрүнүш деп белгилеп турушат. Оюндун графикасы абдан кооздонуп кеткенинен артык, кошумча дагы оюн жараянына да катуу өзгөрүлүштөрү кошулган. Бирок көйгөйсүз да калган жок. Оюн жогорку сапатта жүргүзүлбөгөнү көпчүлүктү капа кылган. Буга чейинки эки оюндун сценаристи Рианна Пратчеттин ордуна башка бирөө(Джилл Мюррей) келген болсо да, оюндун сюжети кадимкидей бойдон калган деген ой-пикирлер жаралууда. Оюн эскидей эле окуялуу экшн жанрында болгон болсо да, кээбирлери бул оюн рпг(англ. RPG – role-playing game) жанрына өтүп кеткен деген ойдо. Бирок толук таасирди билүү үчүн дагы эрте. Ошондон улам бул макала дагы бир жыл ичинде өзгөрүлүп турушу мүмкүн.