Подкаст. Алып баруучу жана меймандар.

Подкаст жаздыруу кантип башталган жөнүндө макаланы окусаңыздар, анда бул макала анын уландысы. Эми биз алып баруучу жана меймандар жөнүндө сүйлөшөбүз. Кандай формат тандабаңыз, кандай сонун микрофон болбосун – эң негизгиси, бул ошол подкастты ким алып барат жана ага кандай меймандар келет? Алып баруучуда кандай сырлар болуш керек? Ылдый жактан окусаңыздар болот.
Жаңы подкастерлер үчүн кеңеш
Жаңы долбоор баштаарда бир нерсени түшүнүп алыш керек –подкаст бат эле ийгиликке жетип кетпейт, адегенде эле аны миңдеген адамдар угуп баштабайт жана анын аркасы менен көптөгөн акча таба албайсыз. Монетизация жагынан подкаст ар дайым видеого уттурат, мисалы радио телевизорго уттургандай. Ошондуктан, подкаст жаздыруу үчүн чындап ал ишти жакшы көрүш керек, антпесе бат эле таштап саласыңар.
Баштаган соң – таштаба
Эгерде сиз жаздырып жаткан подкаст пайдалуу болсун десеңиз жана аны башка угуучулар уксун десеңиз, анда аны регулярдуулук менен дайыма жаздырып туруу зарыл. Бир-эки эле жолу эмес, айлап-жылдап, ошондо гана подкаст чыныгы пайдалуу болот. Анкени подкасттын угуучулары, подкаст чыгаар замат укпайт, аны өзүкаалаганда, атайын бош убакытысы болгондо угушат. Анан ал көнүмүш адатка айланып калат.
Билими күчтүү миңди жыгат
Макул, эми биз подкаст жаздырууну чечтик. Анда эмесе ошол айтып бере турчу нерсе жөнундө билимибиз көп болуш керек. Андыктан, биз көп макала окуп, макала жазып жана китеп окуубуз зарыл. Андан соң, алган билимибизди башка бирөөгө айтып бергенди үйрөнүшүбүз керек жана подкаст жаздыруу практикасын башташыбыз керек. Андыктан, баардык иш чаралар даяр болгон соң – баштоо керек. Биринчи кадам – эң оңой жана эң оор. Ката кетирем деп коркпой, ошол биринчи кадамды баштап, биринчи үч подкастты жаздырып көрүү керек. Андан соң төртүнчүсүн, бешинчисин жана андан кийинкилерин жазып кете берүү. Ошентип, кайрадан алып баруучунун билими өсөт жана көндүмдөрү өнүгө баштайт. Жолдо кетип бара жатып, дикцияны кантип оңдош керек, кайсыл убакытта пауза кылыш керек, кандай сүйлөш керек – анын баары убакыт менен келет.
Мейман чакыруу
Бир адам баарын эч качан биле албайт. Биз социалдык адам болгондуктан, ар дайым башка бирөө менен карым-катнашта болушубуз керек. Ошондуктан, эгерде сиздин билимиңиз жетпей жатса, албетте сизден билимдүү адамдарды коноко чакырып, алардын ой тажрыйбаларын уксаңыздар болот. Ал үчүн мейманга туура суроолорду берип, анын ичиндеги сырларын алып чыгууга аракет кылыш керек. Кунт коюп угуп, кайсыл темада сөз болуп жатканын эске алып, ошого жараша импровизация кылып, ортолоруна бир аз тамашаларды кошуп, подкастты кызыктуу кылып жаздырганга аракет кылыш керек. Жаңы баштап жаткада, албетте тааныш-досторду чакырса болот, анан улам сиз тааныбаган, бирок сизге кызык болгон меймандары тизме кылып, аларга жазып подкастка конок болуп кетүүсүн сурансаңыз болот.
Чындыкты айтуу
Подкаст жаздырып жатканда, ар дайым чындыкты айтыш керек. Эгерде бир нерсени билбесеңиз, билбейм деп жооп берүү туура. Башкаларга жакшы көрүнөм деген ой менен алдап баштасаңыз, анда ал нерсе эң биринчи өзүңүзгө тиет жана жаман нерселерге алып барышы мүмкүн. Ошондуктан, темага жакшы даярданып, болгонун болгондой айтсаңыз, угуучулар дагы ошону эске алып, сизди жана сиздин подкастты барктайт.

Азамат Токтакунов

  • Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2023 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x