PHP менен код жазардан мурун сакталыш керек болгон кээбир эрежелер бар. Буларды төмөндө кыскача айтып кетели.
PHP код жазаардан мурун жана кийин
Жазылатурган PHP коддору сервер тарабынан табылып иштеп кетүүсү үчүн кодордун башына <?php жана аягына ?> белгилери койулат.
Мисалы:
<?php// php коддору ушул жерге жазылат?>
Ушул эки этикетканын (<?php жана ?>) ичине жазыла турган баардык нерсе PHP коду болуп эсептелет.
Чекит- үтүр
PHPда баардык команданын алдыда чекит-үтүр койулушу керек (;) (кээбир гана учурларда койулбайт).
Мунун себеби PHP баардык коддорду бир сапка тизип алып иштеши менен түшүндүрсөк болот. Чекит-үтүр, жазылган коддорду бөлүп кийинки командага өтүүгө шарт түзүп берет.
Мисалы милициянын рацияда “принял, ок” деп сөздү бүтүргөнү менен окшоштурсак болот. Чекит-үтүр РНРде “ок” деген тастыктоочу маанини берет.
Жыйынтыкты экранда көрсөтүү
РНРде жазылган коддор экранда чыкпайт. Ал арка планда серверде гана иштейт. Кандайдыр бир жыйынтыкты экранда көрсөтүү үчүн echo же болбосо print деген команданы колдонобуз. РНРде көбүнчөсү echo менен иштейбиз.
Мисалы;
<?phpecho "Салам дүйнө!";?>
Бул кодду иштеткенде экранга жалгыз эле Салам дуйнө! деген жазуу чыгат.
еcho ну колдонбосок экранга аппак бош бет чыгып калат. Еcho командасы жазууну экранга алып чыгат. Еcho –сөздүк мааниси чагылдыруу десек болот. Команданы экранга чагылдырып берет.
Коддордун ичине коментарий же кыска пикир кошуу
Жазган коддорубузга кээбир учурларда эске калтыруу же болбосо түшүнүктүү болушу үчүн, коментарий же пикир жазып калтырышка туура келет. Коддордун арасына калтырылган бул коментарийлер коддорубуздун иштөөсүнө тоскоол болбош үчүн, коментарийлерибиздин астына кээбир символдорду жазабыз.
Коментарий жазуунун үч түрү бар. Булардан экөөсү бир эле сапка коментарий жазуу үчүн колдонулат. Эгер коментарийбиз узун, бир канча сапка узарып кете турган болсо, анда башка символ колдонобуз. Бул коментарий же пикир жалгыз эле өзүбүз үчүн, өзүбүзгө түшүнүктүү болсун үчүн бирнерселер жазууга туура келген учурлар болот, ошол учурда жазабыз.
1- Бир эле сапка коментарий калтыруу үчүн каре (#) белгисин койобуз.
2- Бир эле сапка коментарий калтыруу үчүн жуп таякча (//) белгисин койобуз.
3- Коментарий бир канча сапка узай турган болсо, анда саптын башына (/*) белгисин койуп, сүйлөмдүн аягын да сөзсүз түрдө(*/ )белгиси менен жаап койобуз. Мисал:
<?php# бир саптык коментарий// бул да бир эле сап пикир/* бул болсоБир саптан ашканкоментарий*/?>
Эми ушул алгачкы билимибиз менен коддорду окуганга аракет кылалы.