Life is Strange видеоюну тууралуу

Life is Strange(сөзмө-сөз "Турмуш Кызыктай") – Dontnod Entertainment франциялык компаниясы иштетип чыгарган интерактивдик кино жанрындагы видеоюн. Ал видеоюн 2014 жылдын баш оона айынын 11-де жарыяланып, 2015 жылдын үчүнчү айынын 30-да Square Enix тарабынан чыгарылган.

106
Оюндун постери

Сюжеттин Синопсиси:

Оюндун окуясы 2013 жылдын тогуздун айында өз ордун алат. Жаш өспүрүм Макс(Максин) Колфилд беш жылга жок болуп кеткенден кийин өзүнүн Орегон штатында турган туулган шаарына Аркадия Бэйге кайтып келет, каерде аны престиждүү Блэквелл Академиясына кабыл алышкан. Бул жерде ал өзүнүн эски теңтушу Хлоя Прайс менен жолугат, кимдин атасы Макс кеткенден мурда жол кырсыгына каза болгон. Макс кетип калгандан кийин, кайгыланган Хлоя Рейчел Эмбер менен достошуп, анда өз колдоосун табат. Бирок Макстын кайтып келгенинен жарым жыл мурда ал сырдуу түрдө кайып болот.

image-life-is-strange-40055247-1024-1154
Башкы каарман Макс Колфилд – оң жагында, жана анын жакын теңтушу Хлоя Прайс – сол жагында

Оюндун Жараяны:

Life is Strange видеоюну бул графикалык, окуялуу үчүнчү жак тарабынан болгон интерактивдүү кино жанрдагы оюн. Ал 5 эпизодторго бөлүнгөн:

Chrysalis (кырг. Пилла)
Out of Time (кырг. Мезгилден Тышкары)
Chaos Theory (кырг. Хаос Теориясы)
Dark Room (кырг. Өң Чыгаруучу Бөлмө)
Polarized (кырг. Жик Ажыратылган)

Оюндун дүйнөсү өз ара аракеттенүүгө сөзсүз болбогон каармандар жана буюмдар менен толгон сызыктуу локациялардан турат. Башкы каарман ар бир өз ара аракетти жорумдап берет. Башка каармандар менен болгон диалогдордо интерактивдүү кино жанрдын өзгөчөлүгүндө жооптун тандоосу берилет. Бирок оюндун башка маанилүү өзгөчөлүгү бул убакытты артка кайтаруу мүмкүнчүлүгү. Бул жөндөмдү бүткөн аракетти тууралаштырууга же башка жолду тандаганы пайдалуу болот. Андан тышкары оюнда дагы квесттин элементтери бар.
image

Оюндун өтүү убактысы:
--0----

Саундтрек

Life is Strange оюнундагы музыкалык коштоосу бул өзгөчө бир тема. Оюн иштетүүчүлөрү кадимкидей түрдө атайын долбоору үчүн ырчыларды чакырып, саундтрек жаздырган жолун тандашкан жок.

Андан көрө алар буга чейин өзүнүн чыгармаларын ырдап, жаздырып жүргөн көркөм адамдарын чыгармаларын колдонушкан. Ошондон улам, видеоюнда уккан ырлардыр баардыгы бул инди-музыка. Инди ырлар башкы музыка рыногуна карабастан өз алдынча жашайт. Демек андай чыгармалар пайда табуу же белгилүү болуу үчүн эмес.

Оюндун Өзгөчөлүктөрү:

Визуалдык жагынан видеоюн абдан кооз жана көрктүү. Каармандардын, жайлардын жана интерфейс дизайндары абдан укмуш. Оюндун ырастамаларын эң төмөнкүгө түшүргөн болсок да, ал кооздугун эч жоготпойт.
Видеоюндун саундтреги болсо жагымдуу инди-музыкадан турат.
Акыры, сюжети да артта калган жок. Оюндун жараянын ичинде жасаган тандоолоруңузга карабастан оюндун окуясы ичиңизде катуу сезимдерди жаратат. Өтө катуу.
ESRB уюму боюнча видеоюн M(17+) рейтингин алган. Ал деген бул оюн жаш балдарга ылайык болбой калат, анткени анын мазмуну кичүүлөргө ыңгайсыз болушу мүмкүн.

Сыйлыктары

Develop Industry Excellence Reward:

  • New Games IP – PC/console – Жеңүүчү
  • Эң мыкты сюжет – Жеңүүчү

Golden Joystick Award:

  • Жылдын ролү – Жеңүүчү(Хлоя Прайс ролүндагы Эшли Бёрч)

The British Academy Game Awards:

  • Эң мыкты сюжет – Жеңүүчү

Сын

Metacritic сайтында видеоюндун рейтинги – 83/100
Game Rankings сайтында – 85/100
Видеоюн эпизод катары кезек менен чыкканынан бул сайттар эпизоддордун ар бирин бөлөк баалашкан, бирок орточо баасы 83-85 арасы болуп жатат.

5/5 – Эң мыкты окуялуу эпизоддук оюн
BC – Blogcrtics

8.5/10 – Көрүнүктүү… Үмүттөндүргөн жана укмуш дебют
Game Informer

8/10 – Таасирдүү жана ийгиликтүү
IGN

2017 жылдын баш оона айынын 31-де видеоюндун приквелы чыккан – Before the Storm.
6635

Ал эми оюндун экинчи бөлүгү 2018 жылдын аяк оона айныны 26-да чыккан – Life is Strange 2.
life-is-strange-2-1536x2048-playstation-4-xbox-one-pc-games-4k-8k-15552

  • 0

    Бөлүш

    Лента Кененирээк
    Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Старые
    Новые Популярные
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2024 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x