Кыска-нуска #2. “Зомбулук көргөн бактылуубу?

Бул подкастта жалпылоо жана өзүнөн кошуп айтуу аныкталды. Шарттар менен таанышып чыгыңыз

Саламатсыздарбы,
Бүгүнкү биздин тема “Зомбулук көргөн бактылуубу?” деп аталат.
Сиздердин назарыңыздардa Германиядан Айзада Акбекова жана Калыгул Жунушбеков.
А: Калыгул, сени ала качып, үйлөнтүп койгонуңду элестете аласыңбы? Ал эми колуңду таңып, мойнуңа оор жүк асып, басмырлап бетке уруп, анысы аз келгенсип, муздак сууну башыңдан ылдый куюп, сабаган адам менен өмүрлүк жар деп жашайт белең?

Өткөндөгү Сузак жергесиндеги, кордук көргөн аялдын видеоcy, коомчулукта ар кандай пикир жаратты. Бул жөнүндө биз мекендештирибизге төмөнкү суроолорду узаттык.

  1. Өткөндөгү өлкөбүздөгү аялына зомбулук көрсөтүп,  басмырлаган окуяны кандай кабыл алдыңыз?
  2. Мындай окуялардын улам-улам болуп жаткандыгынын себеби эмнеде?
  3. Ушундай жат көрүнүштөр кайталанбаш үчүн кандай чара көрүлүшү керек?

Мекендештерибиз:
a)  Берлиндеги юрист-антрополог, Макс-Планк этнология институнда илимий изилдөөчү Dr. Махабат Садырбек,
b)  Дортмунд шаарындагы программист, блогер жана ишкер Азамат Токтакунов,
c) Бонн университетинин политология бөлүмүнүн магистранты, немис тили боюнча мугалим Зейнура Бирназарова,
d) Германиядагы Халле шаарындагы табигий ресурстарды анализдөө жана текшерүү боюнча Wessling компаниясынын жаратылыш инженери (Umweltingenieur) Руфат Султаналиев,
e) АУЦА Борбордук Азиядыгы Американ Университетинин психология факултетинде магистранты Жибек Кенжебаева жана
f) ADVANCE Академиясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси,  Америка, Германия жана Япония өлкөлөрүндө окyп жана жашап келген Алмаз Араповдун
ойлорун ушул подкасттан угуңуздар.

Авторлор:

Айзада Акбекова – Facebook / Instagram
Калыгул Жунушбеков – Facebook

  • Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Старые
    Новые Популярные
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2024 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x