Oкуу жылы аяктап, окуучулар жана ата-энелерден суроолор кат куржунга батпай кетти. Жалпысынан эне тилибизде коп маалымат болбогондугуна байланыштуу, баардыгына пайдалуу болуу үчүн бул подкастты даярдадык. Бул жакта мектептен кийинки кадамдарды тизмектеп өттүк. ОРТ (ЖРТ) жана мектеп сынактарынын маанилүүлүгүнө токтодук. Маалыматты бөлүшө кетүүнүнү суранабыз.
Кыска-нусканын бүгүнкү мазмуну:
- Акыркы коңгуроодон кийинки алгачкы кадамдар
- Аттестаттын баасы жана баркы
- ОРТ же ЖРТ сынагы жана тапшыруу шарттары
- Туура кесип тандоо
- Сиз каалаган идеалдуу окуу жай
Ийгилик сага, бүтүрүүчү!
1. Акыркы коңгуроодон кийинки алгачкы кадамдар.
Негизи кесипти тандоону эрте жаштан башташ керек. Бул нерсени ата-энелерге дагы кулак кагыш кылып айта кетмекчибиз, баланын дагы шыгын байкап ага карата туура багыт берүү туура.
Ал эми бүтүрүүчү, эн биринчи кадам катары, өзүндүн жаркын келечегин үчүн жоопкерчиликти колго ал!
Албетте, ата-эне таасири астында мугалимдердин тапшырмасы менен жашачусун. Эми ал убактар бүтүп баардык маселелерди өз алдынча чечүүго убакыт келип жетти.
Бул үчүн, окуучу өзун бир тартипке (дисциплинага) салганды үйрөнүп, мектептен кийинки жашоого даяр болушу шарт.
Мисалы, жалпысынан окууга отүүчү даярдыктарды көрүү, маалымат топтоо, документтерди чогултуу жана туура чечим кабыл алуу.
Демек биринчи баалуу кенеш жоопкерчилик жана дициплина.
Кайсыл экзамендерге көңүл буруу керек?
ОРТнын жыйынтыгы менен Кыргызстанга таршырган элек. Ал эми Европа өлкөлөрү аттестатты гана кабыл алышат. Ал жакка ОРТ такыр роль ойнобойт.
2. Аттестаттын баасы жана баркы.
Аттестат бул өтө баалуу документ. Эң алгачкы күбөлүк. Ал мектептеги жетишкендиктердин баасы тизмектелип жатпайбы. Мына ошону тастыктаган күбөлүк.
Туура бизде (ОРТ) Жалпы Республикалык Тестке көңүл бөлүнүп эле, аттестаттын кадыры айтылбайт. Эгер сиз Кыргыз Республикасында окууга өтсөңүз, сөз жок, ОРТнын жыйынтыгы керек.
Ал экзамендерди абдан жакшы жыйынтык менен тапшырганды аракет кылыш керек. Ал эми окууңузду кийин чет өлкөдөн улантам, же иштейм десеңиз, аттестат талап кылынат. Мектепти бүтөөрүңүз менен чет өлкөгө бакалаврга тапшырсаңыз, магистратураны же докторантура кылып улантам десеңиз – аттестат керек. Же болбосо чет өлкөгө чыгуу үчүн жумуш издесеңиз деле, өнүккөн өлкөлөрдүн көбү аттестат – билим жөнүндөгү алгачкы күбөлүк документ катары суралат. Аттестаттагы баалар суралат.
Бул абдан маанилүү момент. Aттестаттагы баалардын тизмеси, кайсы сабакта кандай жетишкендиктер сиздин окууга өтүп жатканда болобу же жумушка кирип жатканда болобу башка конкуренттердин да баалары менен текшерилип, салыштырылат.
Ошол үчүн аттестатка түшө турчу предметтерге абдан көңүл бурушуңуз керек. 11-класстын 25-майында эмес эрте эле, жок дегенде эле 1-класстан бери билимге көңүл буруу керек. Аябай эрте көңүл буруу керек.
Кыскача айтканда, аттестат бул мектептеги баалардын күзгүсү.
3. ЖРТ (ОРТ) сынагы жана тапшыруу шарттары.
ОРТ бул дагы окуучунун билим денгээлин текшеруучу бир индикатор катары саналат. Азыр университетке өтүү үчүн бул сынакты ар бир окуучу сөзсүз берүүсү абзел.
Азыр өлкөдө өзгөчө кырдаалга карата, Covid 19 вирусуна жараша көп окуучулар маалымат алуу жагынан кыйналып жатышыптыр. Кайда, качан, кантип болот? – деген суроолор көп. Билим беруу министирлигинин расмий сайтында жарыялангандай, ЖРТга каттоо 4- майдан 15 – майга чейин болчу. Негизги тестти жана предметтик тестти тапшыруу үчүн 21 июндан баштап 25 июнга чейин 2 этап менен мектептерте өтөт – деп маалымдалып жатат.
Бул этаптарды жакшылап тактап алыңыз.
Ал эми, жогорку окуу жайга тапшырууга 20 июлдан 3 августка чейин 3 тур менен отот.
4. Туура кесип тандоо.
Кесип – адам өзүнө жаккан жумуштуу жасоо менен акча табуусу – деп тушүнсөк болот. Эгер сиздин хоббиңиз кесибиңиз болсо, анда сиз бактылуусуз. Азыр заман өзгөрүүсү менен көптөгөн жаны кесиптер пайда болуп, жоголуп жаткандары дагы бар эмеспи. Бирок азыркы кырдаал, кайсыл бир кесиптердин маанилүүлүгүн дагы да арттырды. Өзүнүздөр байкап тургандай медицина тармагындагы кызматкерлер, мугалим ж.б. ушул тармакта иштегендер кандай учур болбосун ар дайым иш менен камсыз болуп тураары көзгө баса көрүндү.
Бирок, ошол учурда тренддерди дагы унутпашыбыз керек. Заман кайсыл жакты көздөй багыт алып жатса, биз дагы ошол тарапка бурулууга муктажбыз. Дүйнөнун баарында технологиялык өзгөрүүлөр болуп жаткандыгына байланыштуу, деги эле IT тармагына байланышкан кесиптердин кадыры дагы да жогорулоодо.
Кесипти акча учун тандаш керекпи же талант учун тандаш керекпи?
Кесипти талантына, шыгына, жашоосуна жараша тандоо зарыл. Ошол эле учурда заман талабын да эске алуу керек. Чечим чыгаруу бул оңой эмес. Бирок азыркы баары тез өзгөрүп жаткан заманда, улам шартка жараша ошол алган кесибибизди өзгөртүп, улам жаңылатып турушубуз керек.
Улам квалификациябызды жогорулатып отурушубуз керек. Жаңы деңгээлге чыгып турушубуз зарыл. Бул же тигил кесип жакшы – деп айтуу кыйын. IT эле жакшы деп айткандан алыспыз.
Ар бир кесип ардактуу!
5. Сиз каалаган идеалдуу окуу жай.
Германияда окуу жайды тандоо мүмкүнчүлүктөрү (Айзада Акбекованын тажрыйбасынан мисал)
„Бизнестеги информатика багытына тапшыраарда алгач университеттердин лекцияларына кирип 1 айдай катышкам. Германияда окуучуларга ушундай мүмкүнчүлүктөр бар анан “Schnuppervorlesungen“ деп коет. Мына ушундан кийин анан ушул кесипти окуйм деп чечтим.
Ага чейин чечимиме ишенсем деле, чыныгы лекция кандай болуп жатат, практика жүзүндө кандай колдонушат экен деп маани бергем. Анын үстүнө 2008-жылы экономикалык кризис болгон да.
Азыркы кризиске вирус күнөөлүү болуп жатпайбы. А ошол кездеги кризиске IT – системалары да күнөөлүү деп эсептелген да өзүнүн ролун ойноп койду деген ойлорду угуп, окуп анан ушул системаны аябай түшүнгүм келди да. Экономиканы ага чейин эле предмет катары жакшы көрчүмүн. IT куралдары кантип пайдаланылат экен, код кантип жазылат экен, экономиканы кодго айландырган кандай болот экен? Мына ушул суроолорду аябай түшүнгүм келген да. Анын үстүнө немистердин күчтүү экономикасы кайсы IT куралдарды колдонуп, өнүгүп жатышканы мен үчүн өтө кызык болгон да“.
(Калыгул Жунушбековдун тажрыйбасынан мисал)
„Бакалаврды Румынияда кылгам. Эн негизгиси университеттин Европа Биримдигинде болгондугу жана АКШ менен ортоктошуп ачылган эл аралык статусу маанилүү болгон. Окуу жайдын студентке сунуштаган мүмкүнчүлүктөрү дагы өзүнө тарта алган.
Эми, 11-классты бүтүрүп жатканда университетти кандай тандагандыгымды айта кетсем. Бутуруп жатканда Кыргызстандагы жана чет мамлекеттеги окуу жайларга бир убакта тапшыргам. Кыргызстандагы тапшыруу процесстерине токтолуштун көп кереги жок ко дейм. Себеби мугалимдери тарабынан баардыгы айтылат. Эн негизгиси Кыргызстандагы университеттер каалгасын ачкан кезде, ошол жакка барып эле, керектүү документтердин баарын таштап анан жообун күтүшү керек. Чет мамлекеттердеги университеттерге онлайн түрдө регистрация кылып жана почта аркылуу документтеримди жөнөткөм. Негизи эле чет өлкөдө окуйм дегендерге англис тилине жакшы көңүл буруп, TOEFL, IELTS – бул англис тилин канчалык деңгээлде билээринди аныктоочу сынагын алуусун өтүнөт элем. Албетте, бул сынактарды жазуу үчүн талыкпай даярдануу дагы керек. Жакшы балл алса чет мамлекетте мүмкүнчүлүктөр абдан көп.
Эч качан таалыкпай, ар кандай суроолор болсо, коркпой дүйнөнүн каалаган университетине электрондук адресине (email) жазып сураңыз, алар сүйүнүү менен жооп беришет.
Жана маалыматтарды алуу үчүн дагы ушундай подкасттарды угуп, башкалардын дагы маалымат алуусун кааласаңыз, алар менен дагы сөзсүз бөлүшө кетүүнү унутпаңыз!
Кыргызстандын шартында идеалдуу университет кандай болушу керек?
Идеалдуу университет – деген бул коррупциясы жок университет.
Ата-эне, бүтүрүүчүгө кулак кагыш. Сиз тандап тапшырып жаткан университеттин интернеттеги баракчасына кирип же түз эле телефон чалып аккредитациядан өткөнбү, Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлигинен жарактуу лицензиясы барбы текшересиз.
Бул эң биринчи, эң маанилүү суроо. Экинчиден университеттин кадыр-баркы чоң роль ойнойт.
Коррупция жок болсо абдан мыкты болмок. Материялдык базасы чың, мугалимдер күчтүү, библиотекасы күчтүү кенен болсо, барып эле тапшыра бериңиз.
Чет өлкөдөгү университеттердин өзүнүн статистикасы бар. Улам жаңыланып турат Германияда ар кандай критерийлер менен каралат:
· Мугалимдери канчалык күчтүү?
· Кандай эл аралык сыйлыктарды алган? Мисалы Нобель сыйлыктарды алган.
· Компьютердик лабораториялардын деңгээли канчалык жакшы?
· Библиотекасы канчалык жакшы? Шарты кандай?
Мисалы жылдын 365 же 366 күнү 24 саат ачык болгон китепканалар бар. Базасы чың болушу зарыл. Анан дагы студенттердин канчасы окууну бүткөндөн кийин жумуш менен камсыз болду? Бул дагы чоң маселе да. Жумушка орношуудагы университеттин кадыр-баркын дагы көңүлгө алыңыз. Ушундай статистика Кыргызстанда бар болсо караш керек.
Жыйынтык – Кыргызстандагы идеалдуу университет бул:
· Aккредитациясы, лицензиясы бар. Жок дегенде сиз окуй турган 5 жылдыкта.
· Кадыр баркы жогору
· Мугалимдери күчтүү
· Инфраструктурасы мыкты
· Mатериалдык базасы чың
· Kитепканасындагы шарты жакшы
Азыр өзгөчө абалга байланыштуу онлайн катталуу менен документтериңизди убагында жөнөтүңүз
Кечикпеңиз, убагында, колдон келсе эрте тапшырыңыз.
Саламатта болуңуздар!
Ийгилик сага, бүтүрүүчү!
Авторлор:
Айзада Акбекова – Facebook / Instagram
Калыгул Жунушбеков – Facebook