Коронавирустан кантип сактануу керек?

Бул маалымат Бүткүл Дүйнөлүк саламаттык Сактоо Уюмунун баракчасынан алынды.

Колуңарды убак убагы менен жуугула

Колуңарды маал-маалы менен спирт камтыган каражаттар же самын менен жуугула

Бул эмне үчүн?  Эгер колуңардын үстүндө вирус болсо, колду спирт камтыган каражат менен же самын менен жууса вирусту өлтүрөт.

Коомдук жерлерде дистанцияны кармаңыз

Кишилерден аз дегенде 1 метр аралыкта карманыңыз, өзгөчө аларда жөтөл, мурундун бүтүшү жана жогору температура байкалганда.

Бул эмне үчүн? Жөтөлүп же чүчкүрүү менен, 2019-nCoV сыяктуу респиратордук инфекция менен ооруган адам, өзүнүн тегерегинде кичинекей вирус камтыган тамчыларды таратат. Эгерде сиз андай адамга өтө жакын болсоңуз, анда вирусту аба аркылуу, дем алуу менен жуктуруп алышыңыз мүмкүн.

Мүмкүн болушунча, колуңар менен көз, мурун жана оозуңарга тийбегиле

Бул эмне үчүн? Колуңар вирус камтыган көп нерселерге тийет. Инфекция кармап алган колуңар менен көз, мурун же оозуңарга тийип, вирусту колуңардын терисинен организмге өткөрүп алышыңар мүмкүн.

Респиратордук гигиенаны сактаңыз

Жөтөлүп же чүчкүргөндө оозу мурдуңарды салфетка же чыканак менен тосуңуз; салфетканы дароо капкагы бар таштанды контейнерине ыргытыңыз жана колуңарды спирт камтыган антисептик же самын менен суулап жууңуз.

Бул эмне үчүн? Жөтөлүүдө же чүчкүргөндө оозу-мурдуңарды жабуу вирустардын же башка оору жаратуучу микроорганизмдердин таралып кетишине жол бербейт. Эгер жөтөлүп же чүчкүргөндө оозу-мурдуңарды колуңар менен тоссоңор, микробтор сиздин колуңузга жугуп, андан кийин буюмдарга же сиз тийген кишилерге жугушу мүмкүн.

Температура жогорулаганда, жөтөл пайда болгондо жана дем алуу оорлосо мүмкүн болушунча эртерээк медициналык жардамга кайрылыңыз

Эгер сиз 2019-nCoV катталган Кытай райондоруна барып же Кытайга барып келгенден кийин респиратордук оорунун белгилери байкалган киши менен жакын байланышкан болсоңуз, бул жөнүндө медицина кызматкерине билдириңиз.

Бул эмне үчүн? Температуранын жогорулашы, жөтөл жана дем алуунун начарлашы тезинен медициналык жардамга кайрылууну талап кылат, анкени алар респиратордук инфекция менен байланыштуу болушу мүмкүн же башка олуттуу оору менен. Дем алуу органдарынын жабыркануу белгилери температуранын жогорулашы менен бирге ар кандай себептерден болушу мүмкүн, алардын арасында оорулуу жасаган сапарларына жана анын байланыштарына жараша 2019-nCoV дагы болушу мүмкүн.

Акыркы маалыматтарга көз чаптырып, медициналык адистердин сунуштарын аткарыңыз

COVID-19 жөнүндө акыркы маалыматтарды караңыз. Өзүңүздү жана тегерегиңиздегилерди COVID-19дан коргоо боюнча борбордук же жергиликтүү саламаттыкты сактоо органдарындагы специалисттердин жана сиз иштеген уюмдун сунуштарын аткарыңыз.

Бул эмне үчүн? Борбордук жана жергиликтүү саламаттыкты сактоо органдарында сиздин райондо COVID-19га чалдыгуулар динамикасы боюнча эң актуалдуу маалымат камтылат. Алар сиздин райондун жашоочулары үчүн жеке коргонуу чаралары жөнүндө эң керектүү кеңештерди бере алышат.

Булак: https://www.who.int/ru/emergencies/diseases/novel-coronavirus-2019/advice-for-public

  • Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2024 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x