Компьютердин баскычтобуна кыргыз жайылмасын кантип кошобуз?

Компьютерден кыргыз тилинде текст жазайын десек кең жайылган орус жана англис баскычтоптун жайылмасы туура келбей калат, анткени кыргыз алиппесинде "ө", "ү" жана "ң" сыяктуу өзгөчө тамгалары бар. Бул макалада компьютердин баскычтобуна кыргыз жайылмасын кошконду көрсөтүп беребиз.
Эскертүү!!! Бул колдонмо Windows иштетүү тутумунда гана иштейт.

Биринчи иретте, маселе тактасында тилди билдирген салмасына басып, баптоолоруна киребиз.

1-2
2

Экинчиде, ачылган айнекчеде "Добавить"(кошуу) баскычын тандайбыз.

3

Кийинки ачылган айнекчеде тилдердин тизмегинен кыргыз тилин("киргизский язык") табабыз.

4

Анда салмаларына кирип, "Киргизская (кириллица)"ны тандап коебуз.

5

Акырында "ОК" баскычын басканды унутпайбыз.

6

Өзгөртүүлөрдү тастыктоо үчүн "Применить"(Колдонуу) баскычын, андан соң кайрадан "ОК" баскычын басабыз.

7

Эми биз иш тактасынан кыргыз тил жайылмасын тандасак болот.

8

Кыргызча "ө", "ү", "ң" тамгаларын жазыш үчүн оң ALT(ALT GR) баскычын кармап туруп, керек болгон тамгага жараша "о", "у" же "н"ды жазабыз.

9

  • 0

    Бөлүш

    Лента Кененирээк
    Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2024 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x