Анда эмне, ширеңке 1 сом… Ал кезде адамдар азыркыдай эмес, башкача болчу. Алда кайда артта болчу. Көп нерсе башкача эле. Кока-коланын 1 литри 40 сом эле. Газдалган суу ичип, фастфуд эле жеп калганбыз. Товардын баары Кытайдан келчү. “Кытайдыкы сапатсыз, ден-соолукка зыян, жумуртканы тоок туубай эле колго жасап берет экен”- деп коюп эле, алып келип, сата берген, “ мен жеп жаттым беле, көзүм көрбөсө болду, көчүгүмдү курт жесин”- деген заман эле.
Жол кире 10 сом болчу. Азыркыдай метро, жайнаган троллейбус, метробус деген жок болчу. Бирин-экин линияда тролейбус жүрчү. Аларга кары-картаңдар, инвалиддер эле отурбаса көбүбүз чакага салынган балыктай маршрутка менен жүрчүбүз. Боюнда бар же балалуу аялдарга шаарда жүрүү оор болчу. Кечкисин тыгылганда айдоочунун мойнуна деле минип алчубуз. Кыскасы жолдо жүрүү азыркыдан кадыресе оор болчу. Азыркыдай автобуска өзүнчө, велосипедке өзүнчө деген ээн жолдор жок эле. Эки багыт болгонуна сүйүнчүбүз. Ошентсе да кээ бир көчөлөр бир багыттуу кууш болчу. Жолдо жүрүүнүн эрежеси көп бузулчу, кырсыктардын саны арбын эле. Адамдар абийирден коркпой, акчадан коркот эле. Азыркыдай: “Мен эрежени бузсам, мыйзамга баш ийбесем, менин айымдан башка бирөө жабыр тартышы мүмкүн. Кой, менин да балам бар, менин да жакшы көргөн адамдарым бар”- деп ойлонгонго келе элек болчубуз. Тартип деген, эреже деген ар бир адамдын өмүрүн коопсуз кылуу үчүн коюлганын түшүнө албайт элек. Акча менен коркутуп, айып пул менен жарга такап, жаза жазмайынча эрежеге баш ийчү эмеспиз.
Көчөдө жалаң кара түтүн буруксуткан унаалар эле. Азыркыдай электромобиль дегенди кинодон эле көрчүбүз. Азыр эми алар каптабадыбы. Ал кезде бир дагы Teslа’нын машинеси келе элек болчу. Кудайга шүгүр, 2018-жылы электромобилге бажы төлөмүн жок кылып койгондон бери бензин дегенди унуттук. Акылдуу шаар деген долбоорду киргизебиз деп, башкаларды көрүп, 10 жыл дегенде араң киргизгенбиз. Ал заманда шаарыбыз азыркыдай акылдуу эмес эле, көчөлөрдө бир дагы камера жок болчу. Жолдо трафикти көзөмөлдөө, адамдардын кыймылын пландоо, жолдо тыгындарды болтурбоону алдын алуу деген жок эле. Азыркылар тыгын деген эмне экенин билбейсинер да. Окууңа же жумушуңа шашып бара жатсаң жолду тосуп коюп, 1 адам өтүш үчүн миң адам кечигет экен деген нерсени силерге айтса жомок. “Ошентип жашаганча жашабай эле койгонубуз жакшы, ошол нерсени жөнгө салып коюуу колуңардан келбегенби”- деп айтышың мүмкүн. Ал кезде адамдар өзгөрүүнү таптакыр каалашчу эмес, кайдыгерликтин ташы оор болчу. Күн батареясы, күн коллектору дегенге өтө элек болчубуз. Абаны кирдеткен, Бишкекти ыштаган жалгыз, көзгө басар бир эле жылуулук борборубуз бар эле. Ал да кара түтүн буруксутуп, шаардын ортосунада жайгашкан. Аны да оңдой калабыз деп кытайларга белчебизден карызга малдырып, мамлекетибизди батырып коеюун дешкен. Эсимде, бир жылы буу казандары жарылып кетип калаанын элдери тоңуп өлүп калай жаздаган.
Паракорчулук деген сазга малынган убак эле. “Акчаң болсо танкасың, болбосо маңкасын”- деп, жемкорлуктун куйругу кесиле элек заман болчу. Акчаң болсо каалаган эшикти аччусуң, акчаң болбосо ачык турган эшикке да кире алчу эмессиң. Эки адам болсо – бирөө паракор эле, оң колуң менен алганды сол колуң көрбөсүн деген заманды башыбыздан өткөргөнбүз. Чек арада бир нерсе болсо, паспорттун ортосуна көк кагаздан бирди таштасаң, оозу – мурдуң кыйшайбаган бойдон өтүп кетчүсүң. Паспорт, зачёттук китепче, газета – булар жанагы кафеде, жеген тамагыңдын эсебин ортосуна салып берчү акча салгыч сыяктуу нерсеге айланган. Калк эсебинен кара джип минип, очки сүрткөн чиновниктер сүйлөп турчу, карапайым элдин үнү угулбаган заман эле. Мамлекеттик жумуштарда иштегендердин айлыгы тачка түртүп, үтүк баскандардын айлыгынан аз болчу. Ошентсе да “зато движение бар да, бийлик бар. Май кармаган бармагын жалайт”- деп көктү тиктеп, теңсинбей турушчу.
Жаштар, баары эмес, басымдуу бөлүгү кайдыгер, адепсиз эле. Көчөдө бассаң семичка чагып, түкүрүнгөн, тамекисин ыргытып, оңду-солду сүйлөгөн жаштар арбын эле. Таштанды таштабай таза кармоо өзүбүз үчүн экен, өзүбүзгө жагымдуу болот экен, гүлдөгөн, жыпар жыттуу шаарда жашагыбыз келет деп ойлоно албайт элек. Швейцария, Германия, Япония сыяктуу өлкөлөрдүн тазалыгын, тартибин көрүп суктанат элек. Аларга жетээрибизге көзүбүз деле жетпей калган. Кыргыз тили кор болуп, башка тилди чалып сйлөө модага айланган. Ишенип жүргөн тил комиссиябыз сууга аккан. Эне тилин билбеген улут экен деп четтен келгендер тан калчу.
Кадыры жок дипломдор көбөйгөн. Баарында диплом бар эле. Бирден эмес экиден. Сатып алган, окуп алган, айырмасы жок, баарын бирдей сандыкка салып коюп, Москвага же башка чет жака жөнөгөндүн аракетин көрүп, басып калганбыз. Эптеп тил үйрөнүп, тааныш таап, жармашып кетиш керек. Англис тилин үйрөнүүнүн максаты Кыргызстандан чыгып кетүү болуп калган. “Азыр деген чет тил билбесен өмүр бою Кыргызстанда калып каласың “- деп бири-бирибизди мазактап, мамлекетибизге болгон сүйүүгө шек келтирип калганбыз.
Кыргызстан дүйнөдөгү демократиялык арал деген менен, шайлоо болгондо, армияда кызмат өтөгөн аскерди мындай кой, мамлекеттик кызматта иштеген доктур, мугалим, студенттерди ачык эле айтып, белиглүү бир талапкердин тарабын жактатып койчу. “КТРК”, “ЭлТР” деген каналдарга, бирине коомдук, экинчисине элдик канал деген макам берилгени менен көп нерсени эфирден бердирбей бууп койчу. Билип туруп тескери сийген, көрүп туруп кол куушурган, түндүк-түштүк болуп бөлүнгөн карапайым, карангы эл элек.
Дагы бир нерсе, өтө ысырапкор элек. Кредит алып той берчүбүз. Куру намыс маанилүү болчу. Аш-тойдо акчаны жөн эле абага чашчубуз. Адам өлүп жатса ага дуа кылып, даарат алып жаназасына туруп, мусулмандык милдетимди аткарайын деп анын абалын ойлонбой, адамдарга эт бериш керек, кудаларга уят, чоңураак жылкы соёюун деп, карыздап, керек болсо кошуна айылдан бери издеп, таап келип сойчубуз. Тирүүсүндө сыйлабай, өлгөндөн кийин мактап калчубуз. Атасы өлсө, эл көрсүн деп заңкыйтып, Кремлге коюлган кызыл кирпичтен алып келип мүрзө салышчу. Азыр да жолдун боюнда ошол мүрзөлөр турат. Азыр элдер андай кылбайт, андан көрө ошол мүрзөгө кеткен, жылкыга кеткен чыгымды жетимдерге жумшаса пайдасы да, сообу да көбүрөөк болоорун билип калышкан. Ошондой оор күндөрдө, тоо-ташыбызды паралап, көлүбүзгө өрдөк конбой калай жаздап бара жатканда, арабыздан кайраттуу, эр жүрөк, чындык үчүн күрөшөкөн, чыныгы мекенчил уул-кыздарыбыз чыкты. Башында оңой болгон жок. Аларды эч ким колдоп, көтөргөн жок. Тескерисинче буттан тартып, көргө тыккандары да болду. Ошентсе да жаштарыбыз ак жолунан тайбай, ого бетер күчөп, бирин көрүп бири таасирленип, бирин колунан бири жетелеп, деңиздей толкуп, өз киндигин өзү кесип, мамлекет үчүн жанын үрөп кызмат кылып, элдин жүгүн аркалады. Эчендери өмүрүн берди, тарыхта калды. Ошолордун эмгеги акталып, алардын артынан азыркыдай гүлдөгөн, таптаза мамлекетте жашап жатабыз. Азыр эмне жыргал жашоо да. Бизди көрүп башкалар суктанып карашат. Шайлоо болсо, талапкерлер: “Биз Кыргызстан сыяктуу тез арада өнүккөн өлкө болобуз, алардын өнүгүүгө болгон тажрыйбасын колдонуп, биздин өлкөнү да алардын катарына кошом, айланайын элим, алардын өнүгүү планын биздин да мамлекетке алып келем, эмне үчүн биз алардай боло албайбыз, урматтуу элим!” деп сүйлөп турат. Өлкөдө эмиграция төмөндөп, иммиграция өстү. Адамдарыбыздын аң сезими өзгөрүп, таштанды ыргытпай эле, бири-бирине жылмайып мамиле жасап койсо эле Япония менен Швейцария болуш оңой экенин билишти. Баардык нерсеге ар бир адам жапа тырмак киришсе эле өнүгөөрүбүздү сездик. Тилибизди сактап калдык. Тил жоголсо улут жоголоорун билип, аракеттерди көрдүк, жыйынтыкка жетиштик. Айтор баары сонун. Жогоруда айткан көйгөлөрдүн баарын жеңе алдык, калктын ырысын кескен илдеттерден кутула алдык. Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы деген сөз бар, иним…
———————
А.Мусабеков, 20ХХ-жыл