Сайт кургучтар. Интернетте өзүңүз жөнүндө жарыялаңыз.

Бул тандоодо, убакыт менен текшерилген сайт куруучулар менен тааныштырам. Эгер сиз кичи бизнестин ээси, дизайнер, видеограф, фотосүрөтчү же башка чыгармачыл кесиптин ээси болсоңуз, бул тизмеде өзүңүзгө эң ылайыктуу аянтты тандап алсаңыз болот.

WordPress

Wordpress site

Бул, дүйнөдөгү эң эле популярдуу жана эң кенен таралган сайт куруучу болушу керек. Расмий булактарынын айтуусунда, дүйнөдөгү сайттардын 28 пайызы WordPressти колдонуу менен жасалган. WordPress чынында эле мыкты. Бирок, тажрыйбабызга таянсак колдонууда "салмактуу" сезилет.

WordPress | Шаблондору

Tilda

Орусиянын эң популярдуу конструктору. Негизи Landing барактарынын конструктору деп эсептелинет. Бирок Tilda менен Дүкөн, Блог ал түгүл Иш-чаранын дагы барагын ачсаңыз болот.

Tilda | Шаблондору

Webflow

Айдентикасына карасак, өтө заманбап куруучу. Куруучу экенинен да кам санап кетишиңиз мүмкүн. Бирок, бул платформада кызыктуу сайттарды эч код жазбастан жасап алсаңыз болот. Бекер шаблондору менен төмөндөгү шилтемелер аркылуу тааныша аласыз.
webflowscreen

Webflow | Шаблондору

Wix

Эң эле жарнамаланган сайт куруучу. Бир жакшы жери, ийкемдүү. Бир жаман жери болсо, сиз курган сайттын көрүнүктүү жерине логотибин кеңири орнотуп коёт. Эгер бул нерсе тоскоол кылбаса, бул куруучунун кең мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп, көп пайда таба аласыз.

Wix | Шаблондору

Weebly

Абройлуу сайт куруучу платформасы. Бул конструктордо долбооруңузду жарыялоодо сайтыңызды олуттуу контент менен толуктаганды унутпаңыз. Антепесе, жарыяланбай калышы мүмкүн. Кээ бир учурда, долбооруңузду тастыктоодон өткөрүп калышыңыз ыктымал.

Weebly | Шаблондору

Jimdo

Jimdo немис сайт куруучусу. Мурдагы баяндамасы боюнча, бул дагы гаражда, достор менен ачылган долбоор. Конструктордо жакшы дизайндарды тапса болот жана колдонуу ыңгайлуу.

Jimdo | Шаблондору

Mozello

Mozello көптөн бери бул чөйрөдө кызмат көрсөтүп келет. Бирок, өтө популярдуу эмес. Менин оюмча чала бааланган куруучу. Бул жактан бизнес, блог, интернет-дүкөндөр үчүн минималдуу сайттарды ача аласыз.

 

main-graphic-websites

Mozello | Шаблондору

Ал эми сиз кыргыз тилдүү коомчулукка жакын болгуңуз келсе, анда сиз үчүн макала даярдап койгонбуз. Биринчи макалаңызды жазуунун жолдору менен таанышып чыгыңыз:

Контентчиде биринчи постуңузду жарыялаңыз. Кантип кылса болот? Айтып беребиз.
Эгер сиз контентчиге жаңы эле кошулуп, эмнеден баштаарыңызды билбей жатсаңыз,бул макалада сиздин жашооңузду оңойлотуш үчүн идеялар менен бөлүшөбүз. Эгеркошула элек болсоңуз бул жактан [https://kontentchi.com/subscribe] кошулсаңызболот. Барак ачыңызАдегенде, барак ачып алыңыз. Ал төмөнкү ”кошуу”…

  • 0

    Бөлүш

    Лента Донат
    Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2024 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x