Кылымдарды карыткан кадырлуу кыргыз калкым! Кудайдын куттуу күнүндө көңүлүңүз көтөрүңкүбү? Күүлүү-күчтүүсүзбү? Келгиле кептешели, кеңешели. Кыргызга кантип кызмат кылабыз? Кыргызстаныбызды кантип көтөрөбүз, качан келиштиребиз? Канчалаган көтөрүлүштөр көтөрүлдү, канчалаган курултайлар курулду? Калк кырылган көтөрүлүштүн кимге кереги калды? Кандуу коогалаңдар кайталанбасын.Кеткен кетти, келген келди…Келечегибизди кимдин колуна калтырдык? “Келген” кишини кудай колдоп, Кыргызстаныбызды көтөрсүн. Калктын кызыкчылыгын көздөгөн көп-көп келишимдерге кол койсун.Кырдаалды көзөмөлдөсүн. Кудайдын каарына калгандардын катасын кайталабасын.Кагылайын кыргызым! Келгиле, карап калбай, кош колдоп колдойлу. Күчтүү Кыргызстанды куралы. Кара күчүбүздү коротолу.Кыргызга күйгөн, коктуну көздөбөй коомду көздөгөн, кыргыздын келчегине көмөк көрсөтүүнү каалаган, кайдыгер карабаган кишилерден кол курайлы.Кыз-келиндерибизди коргойлу.Качан кыргыздын кызгалдактай кыздары кышы катаал калааларда квартиралап калган? Коомубузда көөдөнү караңгы, калктын камы кызыктырбагандар, карындаш, кыз-келиндерди кордогондор кездешүүдө, канчалаган кылмыштар катталууда. Кыргызча кымындай кеп курганга кудурети келбеген көөдөнү караңгыларга капамын.Комшубуздун көзүн карап калдык.Капталыбызда кара курттай каптачу калк кароодо.
Кирешелүү кызматтарды коррупция каптап, коррупционерлер капчыктарын кампайтып, креслодо кайкайышат. Көйгөйү көп карапайым калк, кабинеттердин каалгасын каккылап келет. Калктын казынасына кайгырып, Кум-Төрдүн көйгөйүн көтөргөндөрдү камап койдук.
Колуна кылыч кармаган кыш келип калды. Кара кечеде кызмат кылгандарды кудайым колдосун. Калкка кызмат – кудайга кызмат.
Кыргыз калкым, капаланба, кейибе, кайгырба! Кез келет, канат күүлөп көккө көтөрүлөбүз.Келечек колубузда!
—————————-
А.Мусабеков, 22 – ноябрь 2017