Жайлоо-туризм — бул Кыргызстандагы жаңы туризмдин бир түрү. Жайлоодогу экскурсиялар болсо, цивилизация дээрлик козголбогон жергиликтүү эл жашаган жерлерге уюштурулуучу турлар. Мурда белгисиз туристтик продукт тайманбастарга жагып, убакыттын өтүшү менен өзгөчө популярдуулукка ээ болгон.
Тарыхы
Жайлоо-туризми 1990 жылдардын акырында Кыргызстанда жаралган. Жергиликтүү туроператорго батыш өлкөлөрүнүн туристтерине тоолук чабандын жашоосу менен боз үйдө жашап көрүүнү сунуштоо идеясы келген.
Адегенде жайлоо-турларын Швейцария, Германия, Великобритания жана Орусиядан туристтер текшерип көрүшкөн. Алар бир жума бою тоо жайлоосунда болушуп, токоч, кой жана кымыз менен тамактанып, боз үйдүн ичинде укташкан.. Цивилизациянын артыкчылыктарынын жоктугу тоолордогу унутулгус сейилдөө, таза аба, Саманчынын жолу менен капталган түнкү асман, жергиликтүү этникалык маданиятка аралашуу менен толукталган.
Эксперименттин жыйынтыктары күтүүлөрдөн ашып түшкөн, азыр жайлоо-туризмди дүйнөнүн алдыңкы туристтик фирмалары өз кызматтарына киргизишти.

Кыргызстанда жасалган туристтик ачылыш дүйнөнүн ар кайсы булуң-бурчунда популярдуулукка ээ болуп, кээ биринде жергиликтүү өзгөчөлүккө дагы ээ болду: Африканын кээ бир райондорунда, Амазонка токойлорунда, Азиянын талаа жана тоолуу аймактарында, Сибирде жана Түндүк Американын тундрасында.
2017 жылы 150 000 ашык адам бул туризмди текшерип көрүшкөн. 2018 жылы бул цифра 170 000 адамдан ашкан.
Булактар: Wikipedia , Kakprosto / Мукабадагы фотосүрөт © Kasia Nowak