Иштетүүчү – бул видеоюнду иштетип чыгарган студия.
Бастыруучу – видеоюнду басып чыгарган компания.
Оюн индустриясында бул эки ролдор пайда болгонуна эки себеп бар:
Каржы
Оюн индустриясы бул кадимкидей эле экономика рыногу. Ал жерде өндүрүмдүн сатыктары жана коммерциялык ийгилик баарын чечет. Азыркы учурда ал индустрия өнүгүп, жылдык каржы жүгүртүмү дүйнө боюнча 1 млрд $ чейин жеткен. Сапаттуу видеоюндарды сатып алууга даяр болгон адамдардын саны көбөйүүсүнө карата, видеоюндарды иштетүүчүлөр да көбөйүүдө.
Жакындан баштап некстген технологиясынын негизинде видеоюндар техникалык жактан оор болуп башташкан. Анысына да жараша сапаттуу жана кооз дагы. Андай видеоюндарды иштетип чыгаруу абдан кымбат турганы анык. Бирок так сандарды эч кайсы компания ачыктаганы каалабай турат. Бирок эгерде ишкерлердин айлыктарын гана алсак – башкы орундардагылары 100.000$, кичүүлөрү болсо 35.000$ жылына алышат. ААА-рейтингдеги видеоюндун иштетип чыгарылышына 100-1000 адам 2-5 жыл иштешет. Ошондо болжолу менен видеоюнду иштетип чыгарылышына орточо 25 млн$ баштап 150 млн$ чейин кетиши мүмкүн.
Бул кичинекей сандар эмес, макулсуздарбы? Сапаттуу жана ийгиликтүү видеоюнду чыгарыш үчүн жаш студия акчасы көп бастыруучуга муктаж.
Жайылтуу
Дейли, иштетип чыгаруучу студия бай экен. Өзүнүн видеоюнун жасап түзгөнү үчүн бюджети жетти. Бирок бул даяр видеоюнду сатып алганы үчүн бүткүл дүйнөнүн геймерлери аны таанып билиши керек да. Миллиондорду сарптаган, убакыт, күч жана сабырды кетирген видеоюнуңузду бир канча жүздөй адам гана сатып алышса абдан аянычтуу болмок, чынбы? Дегеле он миңдей адам да сатып алышкан болсо, анда ийгиликке жетишпейсиз, анткени каржылык жагынан өндүрүмүңүз урап түшкөн деп эсептелинет.
Кыскача айтканда, видеоюнду иштетип бүткөндөн кийин аны дагы геймердик коомго таанытып, жайылтуусу зарыл. Ал үчүн ар кандай пиардын стратегиялары колдонулат. КМШ мамлекеттеринде көп билинбейт, бирок батыш тараптагы өлкөлөрдө видеоюндарды таанытууга кинотасмларды тааныткандай эле каржылар сарпталат.
Шарт жана Милдеттер
Ошондо ийгиликке жетишкени үчүн иштетүүчү студия менен бастыруучу компания бирге иштешкени аргасыз. Алар бири-бири арасында келишим түзүшөт. Адатынча бастыруучу компания видеоюнду иштетүүнүн сарптоолорун өзүнө алат, кошумча дагы анын башкы жумушу даяр болгон өндүрүмдү жайылтып, жарнамалык кампанияны өткөрүү. Белгилеп кетсек, кээбирде жарнамалык кампаниянын баасы видеоюндун иштетип чыгаруу баасынан да кымбат чыгышы мүмкүн. Бул долбоорду тобокелге салат, бирок бир нерсени эстеп турушубуз зарыл – ийгиликтүү болуп көп акча тапканы үчүн оюн сөзсүз түрдө кымбат болгону шарт эмес.
Бастыруучу студия кээбир учурларда тапшырыкчы болушу мүмкүн. Ал өзүнүн видеоюнунун концептин өзү ойлоп табып, аны ишке ашыруу үчүн өзүнүн же болбосо четки студияны жалдайт. Эки учурда тең тапшырыкчы видеоюндун иштетүүсүнө төлөгөнү үчүн видеоюнга тиешелүү баардык автордук укуктары ал ээлейт. Табылган пайда болсо бастыруучу менен студиянын арасында бөлүнөт. Бастыруучу компания иштетип чыгарылуусун, пиардык жарнамасын да төлөгөнү үчүн, ал пайданын көпчүлүгүн алат.
Сын
Үстүдө сүрөттөлүп келген система заманбап учурда коомучулукка жакпай келе жатат, анткени студияларды камсыздандырган бастыруучулардын оюнда болгону бир гана акча жана пайда табуу дегенине ишенишет.
Мисалы, бир видеоюн долбоору ийгиликтүү болгону жетишсе, анда бастыруучу студияны кайра кайра ошол оюндун уландыларын чыгартууга аткартат. Бирок жаңыдан сюжетти түзүп, буга чейин белгисиз болгон механикаларды ойлоп тапкандан көрө, эскиде эле болгон нерселерди иштеткени зордойт – ошондо бастыруучулар тобокелдиктин ыктымалдыгы төмөн болуп, илгерттей
эле пайда алып келишине ишенишет.
Андай ыкма бирок видеоюндардын искусство наамын жок кылып, алардын баардыгын өндүрүм, азык кылганы турат. Бул мисалга Electronic Arts компаниясын алып келсек болот. Анын жараксыз саясатынан көп мыкты студиялар жабылып кеткен. Ал америкалык видеоюндарды жайылтуучу белгилүү корпорация. Оюнчулардын коомунда EA өзгөчө “шайтан”, “жамандык” наамын алган.