#HackCoronaForKG


Автордон кыскача баяндама:

Урматтуу Интернет окурмандары, азыркы учурда 21-кылым Жаны Маалымат Технологиялар заманы болгондуктан бардыгыбыз Интернетти жандырып социалдык баракчаларга жана  интернет баракчаларына киргенде эле бардыгыбызга тааныш Таажы вирус пандемиясы жөнүндө маалыматка жык толуп калды.

Мындан бир нече ай мурун эле өзүбүз алыстан байкап, көрүп ушул вирус бизге келбестир деген ой менен бардыгыбыз бейкапар жумушубузду кылып жүргөн элек. Бирок тилеке каршы  ал вирус бизге да жетип, алгачкы адамдар  катталып, мамлекетибиздин шаштысы кетип бир чечимге токтолуп өз аракеттерин көрө баштаган. Таажы вирусу улам күндөн күнгө кучагын жая берди. Ушундай оор кырдаалда элибиз биримдиктүү болуп өз жардамдарын берип  жана дагы да кандай кырдаал, кандай оорчулук болбосун «БИЗ БИРГЕ ЖЕҢЕБИЗ» деп ишенем.


Кыскача маалымдама:

Жогоруда айтылгандай 21-кылым Жаны Маалымат Технологиялар заманы демекчи  ошол IT тармактын Таажы вирус  Пандемиясына каршы Мамлекетибизге кылган кызматын, жардамын ордун төмөндөгүчө түшүндүрүп берет элем:

Таажы вируска байланыштуу учурда түзүлгөн кырдаалдан улам Маалыматтык Технологиялар жана Байланыш Мамлекеттик Комитетинин (МТБМК) базасында ыкчам IT-штаб уюшулган.

IT-штаб ата-мекендик жана жалпы дүйнө жүзү боюнча 400 IT адисинин башын бириктирет. Бул адистер өз ыктыяры менен жана акы төлөнбөгөн негизде иштеп жатышат.

Ыкчам IT-штабдын маанилүү багыттарынын бири Республикалык ыкчам штабдын ишине көмөктөшүү болуп саналат.

Бүгүнкү күндө ММТБКнын алдындагы ыкчам IT-штаб тарабынан бир катар санариптик продуктулар түзүлүп, ишке киргизилген. Алардын катарында өлкөдөгү таажы вирус инфекциясына байланыштуу акыркы маалыматтар жайгаштырылып жаткан интернет-ресурстар:

www.virus.el.kg
www.virus.el.kg

virus.el.kg

Сайтта онлайн түрдө Кыргызстан жана башка өлкөлөр боюнча: ооругандардын саны, айыккандардын саны, өлгөндөрдүн саны ж.б. Covid-19 вирусунун таралышына байланышкан дагы башка статистикалык маалыматтарды байкап турса болот.

Штаб жарандардын убактылуу кыйынчылыкты жеңүүсүнө жардам бере турган жыйынтыктарды,идеяларды кайрадан карап чыкканга жана ишке ашырганга даяр.


http://okuu.edu.kg/
http://okuu.edu.kg/

okuu.edu.kg

Бүгүнкү күнү сайтта 400дөн ашык окуучулар үчүн 1-класстан 11-класска чейинки видео сабактар кыргыз жана орус тилдеринде жайгаштырылган. Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, мектеп окуучулары дистантантык формада окуттуу чечими кабыл алынды. Окуу портал борбору үйдө билим алуу процесин жөнгө салууга жардам берет, окуу порталы – бул, сапаттуу коомго билим берүүнүн бирдей мүмкүнчүлүгүн ачкан билим беруу системасы. Бул Портал дистанциялык окуу системасында билим берүү технологияларын  киргизүүгө жана өнүктүрүүгө комплекстүү мамиле кылууну камсыздоо максатында түзүлгөн. ОКУУ порталда жайгаштырылган мектеп программасынын бардык курстарын толук жана акысыз жеткиликтүүлүктү камсыздайт. Сайт үчүн Видео сабактар мугалимдер дайындалды. Бүгүнку кундо  ОКУУ порталында  мектеп программалары боюнча астрономия,биология, география, сүрөт, информатика, Кыргызстандын тарыхы, кыргыз адабияты, математика, физика, этика, “Манас” эпосу, ошондой эле башка билим берүү материалдары жеткиликтуу. Окуу процессин толук кандуу камсыздандыруу максатында жогорку окуу жайларына өтүүгө даярдык жана порталда мектеп окуучуларын жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) даярдоо боюнча мүмкүнчүлүк ишке ашырылган. ОКУУ порталында креативдүү окутуу жана программалоо багыттары боюнча кошумча билим берүү сабактары жайгашкан.

Сайт КР Билим Берүү Министрлигинин колдоосу менен ишке киргизилди.  

Иштеп чыгуучулардын командасы – Толеген Аматов, Ислам Нурдинов, Канат Кожогулов, Тансуулу Алиева, Канат Байбулатов.

Эгерде сиз билим берүү материалдар менен камсыз кылгыңыз келсе, аларды төмөндө көрсөтүлгөн электрондук дарекке жөнөтүңүз: okuuedukg@mail.ru.


https://1312.tunduk.kg/
https://1312.tunduk.kg/

1312.tunduk.kg

Саат 7:00 дон 20:00го чейин жүрүүгө электрондук уруксат берүүчү онлайн түйүнү ишке берилди. Бишкек шаарынын коменданты А. Орозалиевдин буйругу менен 2020-жылдын 1-апрелинен баштап, IT штабынын кесипкойлору тарабынан электрондук уруксат озгочо абалдар кырдаалын камсыздоочу органдардын транспортторуна берүүчү онлайн түйүнү ишке берилди. Берилген уруксат саат 7:00дөн 20:00гө чейин жүрүүгө уруксат берет. Онлайн түйүн алыстыктан туруп уруксат алууга мумкунчулук тузот.

Электрондук уруксат алуу үчүн же арыз  калтыруу учун уруксат алуунун максатын жана убактысын көрсөтүү менен, тийиштүү документтерди көчүрүп, берилген электрондук форманы толук толтуруу зарыл. Маанилүү – тастыктоочу документтер берилген тартиптин негизинде сунуштамага чогу кочурулуусу зарыл. Эгерде, белгиленген иш дайыма траснпорт менен жүрүүнү талап кылса жана кошумча жүргүнчү алып журсө, сунуштамага жүргүнчүнүн да маалыматын жаздырып чыгуу зарыл. Сунуштаманы толтуруу боюнча кененирээк маалымат төмөндөгу ссылка менен…. 1312.tunduk.kg/

Тартиби менен туура толтурулган сунуштамалар 24 сааттын ичинде каралат. Толтурулган форманын бети каралып жаткандагы статусту көрсөтуп турат (каралууда, кабыл алынды, кабыл алынган жок). Берилген сунуштаманын бетин жоготуп албоо үчүн ссылкасын көчүрүп алуу керек же QR- кодун сүрөткө тартып алуу зарыл. Сунуштама кабыл алынгандан кийин, сунуштама берген адам уруксат кагазынын QR кодун басып чыгарып, машинасынын бетине чаптап коюу зарыл (же жанында салып жүрүшү керек). Уруксат кагазы чыныгы экенин тиешелуу кызматчылар  QR коду аркылуу кол телефон менен текшере алат.

Онлайн түйүнүн ишке берилгенден бери азыркы убакта 1500 сунуштама келип түштү.

Эгерде электрондук уруксат кагазын туура эмес пайдалануу боюнча иш аныкталса, сунуштама берүүчү КРнын закондорунун негизинде өзгөчө кырдаалдар абалдарынын тартиби менен жоопкерчилике тартылат.


www.hidoctor.kg www.covid.gov.kg

covid.gov.kg

Бул сайтта акыркы учурда Кыргызстан ичинде болуп жаткан Таажы вирус пандемиясы тууралуу  акыркы маалымат алуу үчүн түзүлгөн.

hidoctor.kg

Бул булактар аркылуу жарандар Covid-19 вирусунун КРда жайылышы, мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттери тууралуу так маалымат ала алышат.

Ошондой эле сурап-билүү боюнча бардык телефон номерлер камтылган.


https://1227.tunduk.kg/
https://1227.tunduk.kg/

1227.tunduk.kg

Муктаж үй-бүлөлөрдү азык-түлүк менен камсыз кылуу, алуу жана онлайн арыз толтуруу программасы иштеп баштады.

Бул программа муктаж жарандарга азык-түлүк алыш үчүн онлайн арыз калтырууга мүмкүнчүлүк берет. Ал арыз тийиштүү органдар тарабынан каралат.

Арыз калтырып жаткан жаран өзүнүн толук аты жөнүн, жеке идентификациялык номерин (ИИН), уюлдук номерин, үй-бүлө мүчөсүнүн санын жана азыркы жашап жаткан дарегин толук көрсөтүшү керек. Берилген маалыматтар жергиликтүү бийлик тарабынан каралып такталат. Ошондой эле 1227 номерине чалуу аркылуу арыз калтырсаныз болот, бул жерде сурап-билүү борборунун адистери өз алдынча арызды толтуруп коюшат.

Кошумча маалыматтар үчүн 1227 номерине кайрылсаныздар болот.⠀

www.help.covid.kg
www.help.covid.kg

help.covid.kg

Өлкөбүздүн өз эрки менен же өз каалоосу менен жардам берем деген жарандарыбыз үчүн түзүлгөн. Ошондой эле жардам кылам деген жарандарыбыз  үчүн электрондук капчык, мобилдик же интернет банкинг кызматтары аркылуу жардам бере алышат, ал жардамдардын толук эсеби же башкача айтканда ал жардамдын суммасын жогорудагы интернет сайттан коруп маалымат алып турса болот. Жана бул жерде жардамга муктаж болгон адамдар үчүн мүмкүнчүлүк да түзүлгөн. Тагыраак айтканда жөн кана арыз калтыруу керек.


IT-штаб социялдык тармактарда:

https://www.facebook.com/It.shtab/
https://www.instagram.com/it.shtab/

  • 0

    Бөлүш

    Лента Кененирээк
    Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2024 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x