Эртең менен туруп, Стив Жобстун университетте сүйлөгөн сөздөрүн уктум. Мени аябай таасирлентти. Азыр отуруп, мен кылып жаткан долбоорлор жөнүндө ой жүгүрткүм келди.
Стив Жобс айткандай эле, мен бардык ишти сүйүү менен аткарат элем. Себеби, бардык иш менин тандоом болчу.
Бирок кепти ал жөнүндө эмес, ошол иштердеги кемчиликтер, ишке ашпай жаткан идеялар, ойлор жөнүндө сүйлөшөйүн дедим. Демек..
Эмнеге ойдогудай болгон жок?
Мен Контентчи долбоорун баштап жатканда, өтө ынтызар жана шаарда жашап калган жаш элем. Чет элдик басылмаларды окуп, чет элдин жашоосун көрүп, өзүм байкабаган менен менталдык жактан “шаардык” темаларга фокус алып алган элем.
Бирок, максатым болгону бир эле: адамдардын жашоо сапатын өстүрүүнү каалагам.
Бүгүнкү күнгө чейин бул саякат көп нерсе алып келди десем болот, бирок анткени менен, дагы деле каалоолор ишке ашпай келет. Буга себеп болгон нерсе, шаардык адам катары ой жүгүртүү болду деген ойдомун.
Сурануу же келлективдик ой жүгүртүү
Адамдар кемчиликтерин айтууну көп каалашпайт. Бирок, көп көйгөй жараткан кайырчыл ой жүгүртүү менде азыркы учурда да байкалып келет.
Дүйнөнү өзгөртүш керек болсо, эч кимден уруксаат сурабай эле өзгөртө берсе болот экенин түшүнүү керек. Себеби, көп чечимдерди кабыл алып жатканда, токтолуп калмай адатка айланды. Муну өзгөртүш керек деп ойлойм.
Алсыз синергия
Кайсы бир ишти кылып жатканда, ишке күйгөн же башкы нерселерге фокус ала алган, чечим кабыл алган адамдар менен иштешүү өтө манилүү.
Каржы жагынан көйгөйлөр бар, ошондуктан дагы керектүү адамдарды таба албай жатабыз го.
Айтоор, азыркы абалыбыз түшүнүксүз.
P.S. Четки сокку
Мен өткөндө тигүүчү ЦЕХте 2 күн иштеп келдим. Ошондо дароо эле жалпы группабызга кат жаздым. Суроо: “Кыргыз тилдүү чөйрөнүн азыр билимге умтулууга, өсүүгө моралдык жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрү барбы? Себеби, жумуш аягында сен ойлочу акыркы нерсе билим экен”, – дедим.
Ага командадан Азамат мырзадан мындай жооп алдым: ” – Ооба, ошондой. Курсак ачка, балдардын курсагы ачка болуп турганда, билимди ойлобойсуң. – Анткени, билимдин натыйжасы дароо көрүнбөйт, ага убакыт керек.”
Билим – марафон
, – деп белгиледи
Акча табуу, өз жанды багуу – спринт
Ошондо башыма суу куюлган чака бир тийгендей болду.
Албетте, мен эч кандай арыздангым келген жок. Себеби, четки соккуларга жоопкерчиликти асып коё берсек отура берчүдөйбүз. Бирок, бул нерсе мага чоң сабак болду деп эсептейм. Анткени, биз эми жаңы тектүү суроолорду өзүбүзгө бере башташыбыз керек.
Кыскасы жол узун жана кандай гана кыйынчылыктар болбосун кыргыз эли жолун таап кетерине дагы деле ишенем.
18 Апр/4 Май