Дизайнерлер кантип алдашат

Бул тандоодо мен дизайнерлердин жашоосунан алынган чынчыл фразаларды чогулттум. Кээ бирин кесиптештеримен уккам, кээ бирине болсо болуп жаткан диалогдордо түздөн-түз күбө болгом.

1) Биз сиз үчүн жабдууларды сатып алуу боюнча эң оптималдуу вариантты тандап алдык.(Башка сонун варианттары деле бар, бирок биз аларды алган жокпуз же ар кандай себептерден улам ала албай калдык)

2) Сизге, биз чогуу кабыл алган чечим жакканына кубанычтамын!(Мага ал толугу менен жаккан жок, бирок кардардын каалоосун сыйлаш керек)

3)Жок, бул күнү мен Сиз менен объектте такыр кездеше албайм(Анткени пландаштырылган жумуштар өз убагында али бүтүрүлө элек)

4) Сизден бул буйрутманын сапатттуу аткарылышын күтөм(эмерек жасоо боюнча подрядчыга кайрылуу)! Жакында бизде зор долбоор күтүлүп жатат – сизди үгүттөгүбүз келип атат.

Бул зор долбоор негизинде эле бар, бирок ага жалдоочу тендер уюштурат.

5) Бул жумуш эки күндү талап кылат(Же.. 2 саат, маанайга жараша…).

6) Мен сизге бул маселени бригадир менен такташыңызды сунуштайт элем (Чындыгында, мен бул маселе тууралуу эч нерсе билбейм)

7) Бул чечим – даана Сиз үчүн!

(Башка деле көп ылайыктуу варианттар бар, бирок окшош долбоорлорду жасагы келбей эле)

Жыйынтыгында айткым келет эле, эгерде биз чынчылыраак болуп, өзүбүздүн кызыкчылыктарыбызды жана кээ бир жерлерде чектелген жөндөмдүүлүгүбүздү көрсөткөндөн коркпосок, мүмкүн көбүрөөк ишеним жана түшүнүүгө татымакпыз. Ооба, өзүбүздүн башыбыздан бийик секирбеген жана натыйжаларга жетүү үчүн башкалардын башын аралабаган мындай чынчыл оюнда кубаныч, “чейин жана кийин” сыяктуу сыйкырдуулук азыраак болгону менен, тобокелдер дагы, акталбаган үмүттөр дагы азыраак.

Өзүңөрдөй болгула жана алсыз жактарыңарды көрсөтүүдөн коркпогула!

  • Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2024 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x