Интернеттин ылдамдыгынын өсүшү менен, адамдардын жашоо мүнөзү дагы кыйла өзгөрдү. Мурда аз көлөмдөгү файлдар менен алмашып, канааттансак, азыр жөнөкөй эле документ эмес көптөгөн гигабайт маалыматтар менен бөлүшүү адаттагы көрүнүш болуп калган. Мисалы: видеосайттар.
Бүгүн силер менен чыгармачылык үчүн бекер видео сайттар менен бөлүшөм. Кээ бирлеринин өзгөчөлүктөрүн атай кетем.
(+) – артыкчылыгы, (-) – кемчилиги
Coverr
Башкы барак үчүн видеолор.
(+) Сапаттуу көп темаларды камтыган видеолор
(+) Авторду көргөзүүнүн кажети жок
(+) Жеке жана коммерциялык негизде колдонууга болот.
(+) Чыгармачылык үчүн колдонсо болот
Сайты: coverr.co
Pixabay
MP4 форматындагы бекер видеолордун библиотекасы.
(+) Видеорлордун кең түрдүүлүгү
(+) 4K роликтер бар
(-) Өзгөрмө сапаттуу
Сайты: pixabay.com
Free HD stock footage
Vimeo видеохостингиндеги группа.
Сайты vimeo.com/groups/freehd
Mixkit
Заманбап жана Product Hunt сайтында #1 даражага жеткен видеоресурсу.
Сайты: mixkit.co
Pexels
Эч кандай шарттары жок сапаттуу видеолор. Бул сайтта вертикалдуу видеолорду да кездештирүүгө болот.
(+) Авторду көргөзүүнүн кереги жок
(+) Жакшы роликтердин ар түрдүүлүгү
(+) Жогорку сапаттагы кадрлар
(-) 4k жок
Бул сайтта чынында эле укмуш видеолор жайгашкан. Баардыгы Creative Commons 0 (б.а. коомдук мүлк) лицензиясы боюнча. Бул болсо, сиз видеолорду баардык – өздүк жана коммерциялык негизде колдоно алаарыңызды түшүндүрөт.
Сайты: pexels.com/videos
Mazwai
Толук чыгармадай, эстетикалуу видеолордун сайты.
Сайты: mazwai.com
Life of Vids
Өзгөчө бизнес үчүн кызыктуу видеолор.
Сайты: lifeofvids.com
Videvo
Сайты: videvo.net
Videezy
Дагы бир бекер видеолордун сайты. Бул сайтта HD форматынан тарта 4k видеолорго чейин тапса болот.
Сайты: videezy.com
Мен жасаган видео
Жогорку видеосайтты колдонуп төмөнкү видеону жасадым.
Эгер, силерге бул материал пайдалуу болсо, төмөн жактан баа берип, комментарий калтыргыла. Ал эми мен ошого жараша дагы көптөгөн керектүү макалаларды жазганга аракет кылам 🙂