Бул жол тозокко алып барат

Атайын коркунучтуу фильмдерди жакшы көргөндөргө 2020 жылдын 13 март айында Netflix платформасы "Blodtur"(кырг. Кандуу Сапар) сериалын чыгарды. Аны жараткандар режиссер Гер Хеннинг Холланд жана Атле Кнудсен. Тартылган өлкөсү болсо Норвегия. Ким Норвегиянын тилин билсе бул сериалды толугураак түшүнүшү керек. Бул сериал эмнеси менен өзгөчөлөндү? Аны кимдер көргөнү үчүн тартылган жана башка суроолорго бул макалада жооп бергени аракет кылабыз. Айтмакчы бул сериалды жаш балдар көрбөгөнү сунушталат жана кадимкидей эле СПОЙЛЕРЛЕР ЖОК.

“Кандуу Сапар”дан кадр.

Сюжет:
Унчукпаган айдоочу дуушар болгон жүргүнчүлөрдү белгисиз бир жерге алып барып жатат.

Кандуу Сапар сериалы "ужас/хоррор" жанрында жасалган. Өз аты айтып тургандай кадрда толтура кан болот. Кан дегени менен бул жерде өлүмдөрдү айтабыз. Ушул четтен карасак сериалдын бир да эпизоду кургак бойдон бүтпөйт. Эпизоддор айтмакчы бул сериалды 6 эсеби менен саналууда. Ар бирисинин узактыгы 20-22 мүнөт. Тизмеси:

  1. Offrevilje (Курмандык)
  2. Tre syke brødre (Үч Жинди Бир Туугандар)
  3. Karakterdrap (Жаман жазуучу)
  4. Rottefelle (Тажрыйба кылынуучу чычкандар)
  5. Gammelskolen (Эски Мектеп)
  6. Elefanten i rommet (Бөлмөдөгү Пил)

Постердин экинчи варианты.

Ошондо бул сериал эмнеси менен өзгөчөлөнүптүр? Биринчиден, мазмуну менен. Бул сериал-антология, демек эпизоддор бир жалпы сюжет менен байланышкан эмес. Ар бир окуя бөлөк турат, жана аларды байламтап турган бир гана нерсе бул сырдуу автобус, жана аларды белгисиз жакка айдап жаткан унчукпаган айдоочу. Башка өзгөчөлүгү болсо коркутуучу ыкмасы. Бул сериал сиздерди түрү-сууктар менен коркутпайт. Жок, бул сериалда бүт каармандар акылынан ажырашкан. Ал тим эле айткысы келип турат "Эң коркунучтуу нерсе бул адам өзү" деп. Ошол ыкманы сценарисстер толугу менен пайдаланышкан. Кээбирде көрүп турганча "Бул кандай гана малдар! Адамдар эмес бул!" ойлор келип, кыжырыңыз келиши мүмкүң, бирок акырына чейин көрсөңүздөр, бүт баары ошондо аныкталат. Аягында айтып кетсем, Норвегия өлкөсү бизге өзүнүн коркунучтуу окуяларынын топтомун тартуулап берди. Көргөнү болсо жанрдын сүйүүчүлөрүнө гана сунушаталат.

IMDb6.4/10

Кинопоиск – ???

  • 0

    Бөлүш

    Лента Кененирээк
    Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Старые
    Новые Популярные
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2024 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x