Бир Ирмем

Бир ирмем бар. Жок, бир эмес, бирок 1001 жетпээри анык. Жетпеши керек. Алар тоок мээ болсоң да унутулбай сакталып калат. Сен анда бактылуулук, терең кайгы же толук жан дүйнө тынчытыгын сезгенсиң. Көңүлүң ток, курсагың ток, жылуу жайда олтурганда ал ирмем калкып учуп өтөт. Аны түшүнүү үчүн сага сөз керек болгон эмес. Өзүнөн өзү аян болуп түшкөн сыяктуу. Ал учурда сен бакытка толуп, жашооңо терең ыраазы болуп кетесиң. Баштан өткөн кыйынчылыктар унутулуп кетпесе да, бул ирмемге салыштырганда алар кумурскадай кичине көрүнүп калат. Кинолордо башкы каарман бактылуу учурларын эстеген сыяктуу, сен да ал ирмемди  эстейсиң. Мына дал ошол ирмемдер сенин жашооңдун маңызы.

  • 2

    Бөлүш

    Лента Кененирээк
    Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2024 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x