Ашыкча бааланган идея

Ашыкча бааланган идея, ашыкча бааланган ой же ашыкча бааланып жаткан идея – бул реалдуу жагдайлардын натыйжасында келип чыккан жана инсандан, анын мамилесинен келип чыккан, бирок түгөнгүс эмоционалдык козголуу менен коштолгон жана аң-сезимде башка нерсенин баарынан үстөмдүк кылган ой жүгүртүүнү чагылдырган психиатриялык термин. Кандайдыр бир максатка жетүүдө, адамды ашыкча ынтызарлык басып алат.”

Википедия

Украинадагы согуш мени ушул темага түрттү. Саясат жана искусство жөнүндө окуп жүргөн кездерде кездештирип калдым эле.

Айткым келгени, кайсыл гана идея болбосун, ал ашыкча бааланып кетсе, коомдук түзүлүшкө терс таасирин тийгизип, ал түгүл чоң жоготууларга алып келиши мүмкүн экен.

Белгилүү философ Фридрих Ницше айткан: 

Кудай өлдү! Аны биз өлтүрдүк! Бардык канкорлордун канкору, өзүбүздү кантип сооротобуз? Биз төккөн кандарды жууганга кайсы суу жетет болду экен?

Фридрих Ницше

Бул жерде философ, патологиялык идеялар/идеялогиялар жөнүндө айткан. Мисалы, фашизм менен коммунизм сыяктуу идеялогиялар жана андай нерселерден келип чыкчу кесепеттер тууралуу.

Ошондо, азыркы болуп жаткан согушта мен бир гана нерсени көрдүм. Бул – адамдардын текеберлигин жана фундаменталдуу, жөнөкөй өмүр сүрүүгө даяр эмес экенин.

Менин оюмча биз көп патологиялык баалуулуктарды жаратып алганбыз жана Фридрих Ницше туура айткан.

Биз кудайды өлтүрдүк.
Эми бизге эч кандай суу жетишсиз ал канды жууп жоготконго.

Алдыда кандай келечек күтөт, белгисиз.

  • Подписаться
    Уведомить о
    guest

    2 комментариев
    Старые
    Новые Популярные
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии
    Aibek
    Aibek
    2 лет назад

    Ооба, тилекке каршы адамдын табияты ушундай экен, ашкере баалоо – же башкача айтканда объективдуу реалдуулукту туура баалоодон куру жалак калуу ото опурталдуу жагдай. Мындай кырдаал бутундой коомчулукту догмаларга, ар кандай прогпаганда жана маалыматтык манкуртизмге алып келип жатканын коруп жатабыз. Ошондуктан бизге маалыматтык коопсуздук жана жеке инсандык онугууну шарттаган мыкты билим беруу, негизги улуттук (элдик) кызыкчылыктарды эстен чыгарбоо ото зарыл!

    Контентчи

    © 2024 Контентчи
    2
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x