Анаморф жөнүндө кыскача

Дүйнө жүзүндө көптөгөн тасмалар жана музыка видеолору анаморфтоштурулуп тартылган. Алардын ичинен:

Анаморф – жөнөкөй тил менен айтканда, өзгөчө линзалардын жардамы менен алынган тасма. Алар кадрды реалисттүү, көрүүчүгө “жакын” кылып көргөзгөндүктөн, көптөгөн тасмачылар арасында анаморф линзалары өзгөчө бааланат.

Бул болсо анаморф түрүндө тартылган кыскача тасма:

Seb Hazel Ютуб колдонуучусунун анаморфтоштурулган видеосу 

Эгер байкасаңар анаморфтошкон кадрларда боке (англ. bokeh) туурасынан чоюлган, биз көнгөндөй тегерек эмес. Ошондой эле жарыкка каршы тарткан учурларда, түстүү же жөн гана горизонталдуу сынууларды кездештиребиз. Бул анаморфтуу тасмалардын негизги өзгөчөлүктөрү.

Жогорку тасманы тартуу үчүн Sony A7III камерасы, Sony Zeiss 55mm F1.8 объективи жана Isco Wide-Screen 2000 анаморфтуу адаптери, жакын фокуска алуу мүмкүнчүлүгү үчүн +0.5 диоптрий линзасы колдонулган жана жабдуулардын баасы болжолдуу 3000 доллардын тегерегин түзгөн.

  • Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2024 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x