“Чөйрө” платформасынын негиздөөчүлөрү Азамат Токтакунов, Махабат Садырбек менен активдүү чөйрөчүлөр – Азамат Жаманкулов, Гулира Калыкова жана Мээрим Абдрахман кызы менен долбоордун ичиндеги долбоорлордун иштерине баш багып, алардын келечектеги кадамдары жана “Чөйрөнүн” ал жолдогу оорду менен таанышып, кызыктуу подкаст келип чыкты.
Мазмуну
0:12 Азамат Токтакуновдон саламдашуу
2:16 Тааныштыруу. Махабат Садырбек
3:33 Чөйрөнү жасоодо бир нече этаптардан кийин, универсалдуу бир платформа жасоо аракетинин жыйынтыгы кандай болду? Чөйрөнүн азыркы варианты кандай?
06:54 Тааныштыруу. Азамат Жаманкулов
07:34 Келечек Дижитал командасында иштер кандай жүрүп жатат? Чөйрөнүн идеясына кандайча ишенип кошулуп калдыңар? Бишкекте Чөйрөнүн идеялары кандай кабыл алынып жатат
12:23 Тааныштыруу. Гулира Калыкова
12:50 Стамбулда туруп иштер кандай жүрүп жатат? Чөйрө платформасы иштерди кандай алып барып жатат?
16:59 Тааныштыруу. Мээрим Абдрахман кызы.
17:20 Чөйрөчүлөрдүн долбоорлордогу ички процесстери кандай жүрүп жатат? Өз тажрыйба таржымалы кандай?
24:33 Азамат Токтакуновдун Чөйрө платформасын жасап, иштетүүдөгү тажрыйбасы. Чөйрөнүн келечеги кандай болуш керек? Чөйрөнү ким үчүн жасап жатабыз? Чөйрөнү өнүктүрүүдө кайсы нукка бурулуусу керек?
35:15 Чөйрө платформасын жаңы кошула турган жаратмандарга кантип жеткире алабыз? Эл арасына кандай кадамдар менен жайылта алабыз? Ушул жолдогу кийинки кадамдарыбыз кандай болуусу керек?
35:35 Чөйрө платформасы бул жеңил, көңүл ачуучу жер эмес, тескерисинче оор салмактуу, иштөөнү каалаган жана иштеп жаткан жаратмандар болгон жер.
49:32 Кызыктуу маек, кызыктуу подкасттын соңу.
Шилтемелер
choyro.com – “Чөйрө” платформасы
Бул подкасттын үстүндө иштеди
Азамат Токтакунов – продюсер жана алып баруучу
Гулира Калыкова – монтаж, тааныштыруу жана дизайн
Сырга Тыналиева – публикация жана таймкод
Мен дагы ар кандай проектилерге катышкым келет.Бирок кантип жолдорун билбейм. Сиреден уйронойун дедим эле.