ЖАЙЧЫЛЫК ЖАНА ЖАЙ ТАШ.

Ар бир элдин ѳзүнѳ таандык каада-салты, маданияты бар. Ал эми ошол маданияттын башаты чыгышта, маданий башат чыгыштан башталган. Кадимки элдик билимдер жана диний ишенимдер да маданияттын бир бѳлүгү эмеспи. Ар элдин диний жѳрѳлгѳ, ырым-жырымдары ѳз ѳзгѳчѳлүгү менен айырмаланат. Ошондой жѳрѳлгѳлѳрдүн бири табигат кубулушун башкарууга негизделип, кар, жаан-чачын жаадырып же болбосо каттуу нѳшѳр добулду токтотуп, адам акылына сыйбай турган керемет кѳргѳзүп, эл оозунда уламыш болуп айтылып калган жайчылык ѳнѳрү.

Жайчылык ѳнѳр туурасында эл оозунда айтылып жүргѳн ар түрдүү аӊыз-кептер бар. Андан сырткары эӊ кѳрүнүктүү эпосубуз «Манас» эпосунда жайчылык туурасында кеӊ-кесири баяндалат. Мисалга алсак «Семетей» эпосунда Коӊурбай кароолго койгон Кырымдын уулу Мурадыл, Семетей Коӊурбайга каршы аттанып кароолго жакындап калганда Мурадылдын күн жайлашы тѳмөндөгүдѳй баяндалат:

Деп, ошентип, Мурадыл,
Жай ташты көлгө урду дейт,
Жай дубасын күбүрөп
Жайлап карап турду, дейт.
Кара сууну уютуп,
Кайра колун сунду, дейт.
Турунанын тунук көл
Ого бетер тунду дейт.
Жайлап карап турганча,
Айтып оозун жыйганча
Турунанын тунук көл,
Бууракан шамал урду, дейт.
Көгөрүп булут көрүнүп,
Көнөктөн куйган эмедей,
Көгүлтүр жамгыр төгүлүп,
Анын арка жагынан
Капкара болуп көрүнүп,
Калпактай болгон аппак кар
Кадимкидей төгүлүп,
Анын арка жагынан
Оргуган булут көрүндү,
Бөксө менен зуулдап,
Көк кашка мөндүр төгүлдү.
Көгөрүп турчу асманың
Бузулгандай көрүндү.
Каркайган тоолор чыдабай,
Жышылгандай көрүндү.
Карагай, токой качырап,
Жыгылгандай көрүндү.
Кайып менен канаттуу
Кырылгандай көрүндү.
Кең дүйнөсү тар болуп,
Кеңдикке пенде зар болуп,
Жердин бети мелтиреп,
Бел кырчоодон кар болуп,
Төр талааны муз каптап,
Жайлап турган кезинде.(Семетей, 1959;  374-б)

Жайчылык жөнүндө  Манас эпосунда эң эле көп маалыматтар учурайт, көбүнчө жайчылык өнөрдү Жолой, Нескара, Коңурбай, Шыпшайдар, Мурадыл өңдүү калмак-кытай баатырлары колдонушат. Кыргыз арасында Кытайда жүрүп Ажайыптан окуган Алманбет баатырдын жайчылыгы айтылат. Бул эпостогу гана маалыматтар, дагы тереңдей турган болсок түрк тарыхчысы  Сейф ибн Мухаммед ал-Херевини 1582-жылы жазган «Тарих-намэ-йи Херат» деген эмгегинде кыргыздардын жайчылыгы жөнүндө төмөндөгүдөй маалымат кездешет:
Кыргыздар капыр дагы, мусулман дагы эмес, ашуусу бар тоолордун эң бек жерлерине турушат. Аны менен жоо согуша турган болсо, катын-балдарын тоонун эң бек чыңына жиберип, жоонун келер жолун тосуп туруп, күндү жайлап жаадырат. Жоонун колу-буту томукканда каптап кирип, кырып таштайт.”

Чыгыш таануучу, түрколог С.Е. Малов өз эмгектеринде жайчылык өнөр тууралуу эң илгерки маалымат катары байыркы түрк тилинде жазылган IX кылымга таандык Ырк Битиктеги (Жышаан Китебиндеги) маалыматтарды келтирет. Байыркынын «Ырк китебинде» төмөнкү маалымат камтылган:

Ырк Китебинин түп нускасы, 45-бет 52-сап (белги)
Ырк Китебинин түп нускасы, 45-бет 52-сап (белги)

Ырк Китебиндеги жазуу:
○○ ○   ○○○ – 52
𐱁:𐰉𐰃𐰆𐰽𐰆𐰽𐰞𐰆𐰍:𐱅𐰭𐱁𐰃:𐰉𐰆𐰞𐰃𐱃𐰞𐰍:𐰉𐰆𐰞𐰃𐱃𐰃:𐰀𐰺𐰀:𐰚𐰇𐰤:𐱃𐰆𐰍𐰢𐰃𐰾:𐰉𐰆𐰽𐰀𐰣𐰨:𐰺𐰀:𐰢𐰭𐰃:𐰚𐰠𐰢𐰃𐰾:𐱅𐰃𐱁:𐰨𐰀:𐰋𐰃𐰠𐰃𐰭𐰠𐱁:𐰓𐰏𐰇:𐰆𐰞:

Окулушу:
er : bususluğ : Teñri : bulıtlığ : boltı : ara : kün : tuğmis : busanç : ara : meñi : kelmis : tir : ança : biliñler : edgü : ol.

Мааниси:
Эр кайгырды: Асман бүркөк болду: (Булут) арасынан Күн чыкты. Кайгы арасынан (артынан) кубаныч келди дээр. Муну билгиле – Жакшы жышаан (Ийги бул).

Ырк Битик, 46-бет, 53-сап
Ырк Битик, 46-бет, 53-сап

Ырк Китебиндеги жазуу:
○○   ○○○   ○○ – 53

𐰉𐰆𐰔:𐰉𐰆𐰞𐰃𐱃:𐰖𐰆𐰺𐰃𐰑𐰃:𐰉𐰆𐰑𐰆𐰣:𐰇𐰔𐰀:𐰖𐰍𐰑𐰃:𐰴𐰺𐰀:𐰉𐰆𐰞𐰃𐱃:𐰖𐰆𐰺𐰃𐰑𐰃:𐰴𐰢𐰍:𐰇𐰔𐰀:𐰖𐰍𐰑𐰃:𐱃𐰺𐰃𐰍:𐰋𐰃𐰾𐰓𐰃:𐰖𐰽:𐰰:𐰇𐰤𐰓𐰃:𐰖𐰃𐰞𐰴𐰃𐰴𐰀:𐰚𐰃𐰾𐰃𐰚𐰀:𐰓𐰏𐰇:𐰉𐰆𐰞𐱃𐰃:𐱅𐰃𐱁:𐰨𐰀:𐰋𐰃𐰠𐰃𐰭𐰠𐱁:𐰓𐰏𐰇:𐰆𐰞:

Окулушу:
boz : bulıt : yoridi : bodun : üze : yağdı : qara : bulit : yorıdı : qaınağ : üze : yağdı : tarığ : bisdi : yas : ot : ündi : yılqıqa : kisike : edgü : boltı : tir : ança : biliñler : edgü : ol.

Мааниси:
Боз булут желди (жортту). Калк үстүнө жаады. Кара булут желди жалпы(баардыгын) үстүнө жаады. Таруу бышты, жаш от өндү. Жылкыга , кишиге ийги болду дээр. Муну билгиле – жакшы жышаан (ийги бул).

Жайчылар күндү жалаң эле душманга каршы жайлаган эмес, кургакчылык болуп эгин-тегин күйүп кете турган болсо, суу тартыштыгы жаралса же күн тынбай жаап мал-жанды жүдөтүп, калайык отун-суудан кыйналса, кышында кар калың жаап жут болуу коркунучу жаралса жайчылар күндү жайлап кырдаалга зарыл болгон аба-ырайы орун алышын шарттаган. Эгин-тегинди добулдан сактап, же болбосо кыш чилдеде күндү жымыңдатып малды жуттан сактап калган жайчылар болгон үчүн «Боз булут желди (жортту). Калк үстүнө жаады. Кара булут желди жалпы(баардыгын) үстүнө жаады. Таруу бышты, жаш от өндү. Жылкыга , кишиге ийги болду дээр. Муну билгиле – жакшы жышаан (ийги бул)» – деп бекеринен «Ырк Китебине» (Ырк Битик) жазылбаса керек. «Ырк Китебинин» (Ырк Битиг) өзү эле ар бир сабын талдап чыгууга арзый турган баалуу тарыхый эстелик.

Жайчылык жөнүндө бул макаланы окуп аткан окурманда сөзсүз түрдө Жайчынын өзүн көргөн киши болгон бекен деген суроо жаралышы турган иш. Кыргызга белгилүү төкмө жана жазгыч акын Наркул уулу Нурмолдо (1838-1920) атактуу молдо болуп, өз кезегинде Кашмир шаарына барып ал жерден жайчылыкты, сыйкырчылыкты үйрөнгөнү айтылат. Түрколог С. Е. Малов 1914-жылдын апрель айында Үрүмчүгө болгон сапарында Аксуулук Кадыр деген жайчыга, Хотан ооданын Керия аймагынын Кумбак айылынын жашоочусу Жакып Ажы уулу Мамыт Азиз-Акун деген жайчыга жолугуп, алардын жай ташты сууга салып коюп Куран сүрөөлөрүн окуу аркылуу күндү кантип жайлай тургандыгын, жол-жоболорун жана дуба окуунун ыраатын жазып «Советская этнография» журналына 1947-жылы жарыялаган. Ошондой эле «Айгине» маданий-изилдөө борбору тарабынан чыгарылган «Нарындын наркы: жандуу жайлар жана барктуу билим» (Бишкек-2014)  деген китепте Ат-Башы өрөөнүнөн чыгышкан жайчы ата-бала Көбөн жана Көбөн уулу Күчүк (1892-93 – 1959-жж) жайчылар жөнүндө бир топ кызыктуу маалыматтар баяндалат.

ЖАЙ ТАШ.
Эми жайчы адамдын эң маанилүү куралы болгон «жай» таш туурасында сөз кылалы. «Жай» таш ар түстө (ак, кара, чаар, кызыл, жашыл) сейрек кездешүүчү, Кудай сүйгөн пендесине ыроологон касиеттүү таш. Алтайлыктардын ишениминде «жай» таш аска-зоонун арасында дайыма шамал согуп турган жерде же тоолордогу үңкүрлөрдө кездешет деп эсептешкен. Түрк элдери (кыргыз, казак ж.б) «жай» таш эчкинин, буканын, жылкынын, койдун жумурунда, илбирстин жүрөгүндө болуп жана «жай» ташты денесинде алып жүргөн жандык башкалардан айырмаланып турган. Мисалы «жай» таш эчкиде болсо ал жайылган койлордон ээндеп (бөлүнүп) өзүнчө оттоп, өзгөчөлөнүп турат дешкен ( Малов 1947:152-б). Моңголдор «жай» ташты тоолордон, бугунун башынан, турпан, өрдөктөн кездештирүүгө болот деп эсептешкен.

Метеориттер. Жай таш - кара таш деп айтылып ал асмандан түшөт же жайчыга бүркүт берип кетет деген ишенимдер болгон. (сүрөт: Анарбек уулу Атай, 2020.08.20)
Метеориттер. Жай таш – кара таш деп айтылып ал асмандан түшөт же жайчыга бүркүт берип кетет деген ишенимдер болгон. (сүрөт: Анарбек уулу Атай, 2020.08.20)

Этнографиялык изилдөөлөргө таянсак жайчылык жана «жай» таш тууралуу Сибир, Кытай, Орто жана Борбор Азия, Ыраакы Чыгыштагы элдер жана айрым түрк элдери гана билишип, кереметтүү таштын кереметине терең ишенишкен. Жана ошол элдердин тилинде «жай» таш ар башка айтылганы менен жалпылык окшоштук көрүнүп турат: кыргыздарда- жай, алтайлыктарда – яда, жада, монгол, бурят, калмактарда – зад, зада, задай, хакастарда – чада, якутарда – сата, хота, тунгустарда – хата , тувиндерде – чат. Ал эми «жай» таштын сырын билген, күн жайлап, жаан-чачын жаадырган  дубакөй адамды кыргыздар – жайчы, алтайлыктар – ядачы, моңголдор – задачы, тувиндер – чатчы, отчу деп аташкан. Тувин жайчылары жамгыр жаадырыш үчүн «жай» ташты жылымык сууга салышкан, эгер кар жаадырыш керек болсо ташты муздак сууга салып, «Чаттаар ном», «Алкыш» деп аталган күчтүү дубаларын окушкан. Эгер күндү ачып, жаан-чачынды токтотуш керек болсо «жай» ташты отко кактап жылытышкан. Бирок «жай» таш дайыма эле керекке жарай берген эмес, себеби кээ бир учурларда «жай» таш өз күчүн жоготуп койгон. «Жай» таш күчүн жоготпос үчүн анны жоолукка ороп «аптар» деп аталган үкөккө салып сакташкан. Тувин (төбөй) жайчылары «жай» ташты чоочун көздөн сакташкан, эгер ташты жайчы адамдан бөлөк адам караса ал күчүн жоготот деп эсептешкен. Якут жайчылары «жай» ташты тыйын чычкандын, түлкүнүн терисинен же кездемеден тигилген баштыкчага салып, аны кичинекей кутуча сандыка салып жашыруун сакташкан.  Эгер жайчы адам жол жүрө турган болсо «жай» ташты баштыкчага салып баш кийиминин ичине тигип алган.

Ар түрдүү таштар, минералдар. (сүрөт: Анарбек уулу Атай, 2020.08.20)

Якут жайчылары «жай» ташка кош бойлуу аядын колу тийсе, чоочун адам көрүп калса, күн нуру ачуу тийсе, ысык суу бүрксө таш күчүн жоготот деп эсептешкен. Моңгол жайчылары «жай» ташты атадан балага өткөрүп беришкен. Аларда ташты купуя сакташкан.

Эгер «жай» таш күчүн жоготуп койсо ага арнап курмандык чалып, курмандыкка чалынган малды мууздагандагы жылуу канга салып ж.б адаттан тыш өзгөчө расми жөрөлгөлөрдү жасоо менен «жай»таштын күчүн кайтарышкан. Бул өзгөчө касиеттүү «жай» ташсыз бир да жайчы күн жайлай алган эмес! Ал эми касиеттүү «жай» ташты сууга салганда шырылдаган үн чыгарып, ары-бери кыймылдаарын этнограф изилдөөчүлөр жазып калтырышкан(Г.Н.Потанин 1883: 189-190-б)

ЖАЙ ДУБА.
Жеринде жай дуба ар элдин өз тилинде айтылган жай таш айтымы болгон. Мезгилдин өтүшү менен ар кандай саясий кырдаал жана тыштан келген диндердин жайылуусу менен жай дуба дагы ошол учурдун ишенимдерине ылайыкташтырылып турган.

Кыргыз арасында Албарстыга кездешип, чачын кыркып алып бербей Албарсты менен антташа дубасын үйрөнгөн Куучу бакшылар көп болгон. Түн ичинде албарсты басканын, албарсты азгырганын, албарсты менен кармашып чачын алып дубасын үйрөнгөн окуялар жөнүндө аңыз кептерди жомоктото айтышкан. Бул албарстыдан дуба үйрөнгөн мисалдарга токтолгонубуздун себеби айрым жайчылар жай дубаны дал ошол албарстылардан үйрөнгөн.

Жай таш айтымы: «Карканын, султанын, акуу, кадуу менен туман абыраган ашкан. Карказынын жайын макинин. Каранаттык боз булутту, теңирим, сенден тиледим. Апкан булут, бери кел, тез кел! Булутум, жетип кел! Аа, аа аракетин арайын. Сиздин макинин бийнабайын. Канинин журтуш. Нийсараң, мийсараң, тарамун. Тарнашип, Жалилен, Шаман мосом Якут. Алдай акбар» («Кыргыз элинин оозеки чыгармачылык тарыхынын очерки», 37-б.)

Жогорудагы жай таш айтымынын көп сөздөрү түшүнүксүз жана Бакшылык мүнөздү камтып, аягындагы «Алдай акбар» сөзүнөн Ислам дининин таасири менен айкалыштырылганы байкалып турат. Эл арасында Жайчы күн жайлаганда «Калмак дуба» окуйт деген да кептер айтылат. Бул да болсо Калмак жапырыгы учурунда калмактардын кыргыздарга тийгизген таасиринен болсо керек.

Кыргыз элинин жаан тилөө айтымы:
Күн жаа, күн жаа,
Күндөн-күндөн көп
Карагай башын кайра Жаа,
Арча шагын айра жаа,
Чекенде башын черте жаа,
Чийдин башын ийип жаа,
Төө куйрукка уюп жаа,
Жер жаанга сыйып жаа,
Төгүп, төгүп куюп жаа! (Каада-салттар. Ак баталар / А. Акматалиевдин жалпы ред. астында, 2003; 113-б.)
Жогорудагы жаан тилөө айтымынан жайчылыктын элементтерин кездештирүүгө болот. Ошондой эле элдин «Жамгыр менен жер көгөрөт» -деген жамгыр ырыскынын белгиси экендигин билгизген изги тилек көрүнүп турат.

Өткүн. Кочкор өрөөнү. (сүрөт: Анарбек уулу Атай, 2018.07.30)
Өткүн. Кочкор өрөөнү(сүрөт: Анарбек уулу Атай, 2018.07.30)

Өткүн айтымы:
Өткүн-өткүн өтүп кет,
Өйүз сувун кечип кет.
Өсүп калды буудайым,
Ого барбай безип кет.
Өтүгүңдү чечип кет,
Биздин шакты калкала,
Бакылдыкын талкала.
Кара өткүн өтүп кет,
Кара сувду кечип кет.
Кылкан тартты арпабыз,
Качкын, барбай безип кет.
Кара тоонуң чечип кет,
Долу болсо талкала,
Дыйкан данын калкала!
Өткүн көбүнчө шамал менен коштолуп, чагылган чартылдап, күн күркүрөп, бир заматта алай-дүлөй болуп келип көнөктөп жаап, кала берсе мөндүрлөп добулга айланган. Күзгө маал эгин-тегин бышып турган маалда добулдун болушу дыйкан үчүн эң эле жагымсыз болгон. Катуу добул эгиндин башын күбүп кеткен. Жогорудагы өткүн айтымы ошондой табийгат кубулуштары кишинин чарбачылыгына зыянын тийгизбесе деген изги тилекти билдирет.

Кар жатпас Кара Кочкордун касиеттүү шамалы. (сүрөт: Анарбек уулу Атай, 2018.09.19)
Кар жатпас Кара Кочкордун касиеттүү шамалы. (сүрөт: Анарбек уулу Атай, 2018.09.19)

Алтайлыктардын Жай таш айтымы (жаан жаадырыш үчүн):
О, Кайракан,
Жети кырлуу жай ташым,
Жердин жандуу сур ташым,
Асмандан тешик берээр,
Теңдеринен оюк берээр,
Алтай жерди сактаар,
Ак шурусун себелээр
Ак асмандан чуурултаар,
Ак-Жалынга теңелтээр,
Жер-Энени сергитээр.
Баш ийдим, Кайракан! Чөөк!

Төөлөстөрдүн Жай таш айтымы (күндү ачыш үчүн):
Кайракан! Кайракан!
Алас! Алас! Алас!
Алаканча ачык бер!
Тамандай тешик бер!
Тектүү киши урпагымын!
Урлуу (Бүчүрлүү) дарак тамыры!
Абу-табу кыйкырган,
Оңостой Кулдурак кыйкырган,
Асман киндиги жерде!
Жер киндиги асманда!
Бышты чыкма кунан айттым,(курмандыка)
Асмандын жолун ач!
Алаканча ачык бер!
Тамандай тешик бер!
Бийик тоонун кырына өт!
Абакандын башына өт!
Кайракан! Кайракан!
Алас! Алас! Алас!
(В.В Радлов, «Образцы народной литературы тюркских племен, живущих в Южной Сибири и Дзунгарской степи» 1866; 220-221-б.)

Угуз хандан калган Жайчылык өнөр.
Жайчылык өнөр кыргыз, хакас, якут, тувин, тунгус, моңгол, уйгур, төлөңгүт, бурят элдеринде жана Америкадагы түрк элдерине кирген индейлерде гана бар. Башка элдерде жайчылык деген жок. Анын себеби да бардыр уламышка караганда, бүтүн дүйнөнү топон суу каптап бүткөн соң Нух пайгамбар өзүнүн Хам, Сам, Яфас аттуу балдарына жер жүзүн бөлүштүрүп берет. Яфаска (Япас, Жапас) азыркы түрк элдери жашаган зор аймак энчиленет. Атасы Нух пайгамбар Кудайдан Яфаска күн жайлай турган дубаны үйрөтүүсүн суранып жалбарат. Яфас дубаны үйрөнүп болгон соң, аны унутуп калбаш үчүн, дубаны алакандын отундай ташка оюуп жазып моюнуна тагып алат. Яфас кандай гана убакта болбосун дубаны окуганда жамгыр жаайт. Дуба жазылган ташты сууга салып коюп, ошол сууну кесел адамга ичирсе куландан соо болот. Яфастын булл ташы атадан балага мурас болуп өтүп отуруп Угуз (Ууз, Өгүз) ханга жетет. Угуз хан  Яфастын тогузунчу урпагы болгон. Угуздун касиеттүү ташка эгедер болгонуна ич күйдүлүк кылышкан бир туугандары Калаш менен Хазар Угузга келип чүчү кулак кармайлы дешет. Акыры ким утса таш ошонуку деген чечимге келишип, боло турган күндү белгилешет. Акыл менен иш кылган Угуз хан касиеттүү таштын дал өзүндөй таш таап ага дубаны бурмалап жазып моюнуна тагат да, белгиленген күнү таймашка барат. Мелдеште Калаш жеңип, жасалма ташты алат, а чыныгысы уламыштарда айтылып, санжырада баяндалган Кыргыздын чоң атасы Угуз ханда кала берет. Ошол себептен айрым гана түрк элдери жайчылык өнөрдү билишкендигин жогорку уламышка таянуу менен тарыхчы Гардизи (XI к) да ырастаган.

Жоокерчилик заманда жайчылар «жай» ташты душманга каршы колдонушуп алардын жолуна кар, мөндүр жаадырышып жеңилүүгө дуушар кылышкан. Тарыхчы Белек Солтонкелди уулу өзүнүн «Кызыл кыргыз тарыхы» деген эмгегинде кыргыздардын согуш жөнү туурасында жазып келип, жайчылык жөнүндө минтип кыстара кеткен: «Жоо өтө коркунучтуу болсо күндү жайлап жаадырып туруп, изин билгизбей качып кеткен. Жоо менен дайым атчан согушкан. Айбалта, союл чапканга, найза сайганга, мылтык атканга, жаа тартканга өтө уста болгон.» (Кыргыздар 1991: 228-б) Ушунун өзү эле кыргыздардын жайчылыгынын күчтүү болгондугунун далили эмеспи!

Кыргыз элинин аң-сезиминде түпкүлүгүнөн табият менен эриш-аркак, шайкеш жашоо деген түшүнүк калыптанып, Кыргыз эли көчмөн турмушунда табийгаттын баардык кубулуштарына кылдат байкоо жүргүзүп кылымдарды камтыган тажрыйба топтошкон. Ар бир кыргыз күн жайлап жайчы болбосо дагы эч болбоду дегенде арпа-буудай сапырып жатып ышкыра шамал чакырганга аракет кылган.

Тизгин жыяр.

Дегеле жайчылык туурасында сөз кыла берсек түгөнбөстөй, себеби ар бир чыгыштаануучу түрколог изилдөөчүлөр жайчылык өнөргө көңүл буруп, кеңири токтолушкан, илимий эмгектерди жазышкан. Керек болсо Н.К. Рерих «Борбордук Азия жана Манчжурия» экспедициясына чыкканда «жай» ташты издеген. Экспедиция учурунда аялы Елена Рерих көптөгөн өзгөчө таштарды тапкан. Бирок алар «жай» ташты табышкан эмес. Ал эми Рерихтер тапкан өзгөчө таштар Н.К.Рерих атындагы Москвадагы музейде сакталуу.

Бүгүнкү күндө Кыргыз элинде Жайчылар болбогону менен жалпы эл чогулуп жаан тилеп Түлөө берүү салты кеңири жайылган.

СССР мезгилиндеги идеологиялык саясаттын күчтүүлүгүнөн олуялык, кайып дүйнө, бакшылык, эмчи-домчулук, жайчылык сыяктуу ж.б көркөм-философилык мыкты ишенимдерге тыюу салынып, алар жөн гана «кыялый миф» катары каралып, 70 жылдан ашуун өкүм сүргөн совет бийлиги тарабынан жокко чыгарылган. Учурда болсо жогорудагы аталган Элдик билимдер Ислам динине туура келбейт делинип, динаятчылар тарабынан шариятка дал келбейт деген жүйөлөр келтирилүүдө.  Ошол себептенби элибиз улам мезгил өткөн сайын жайчылык эмне экенин, ал кандай өнөр экекенин унутуп бараткандай?!

Анарбек уулу Атай

  • Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2023 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x