Азыркы кылымда маалымат алмашуу бат жүрөт. Ошого жараша эстүү адамдар өз убактысын туура колдонууга аракет кылышат.
Эгер сиз дагы эстүү адам болсоңуз жана сиз жараткан контентти көптөр колдонүп, жашоосуна позитивдүү өзгөртүүлөрдү киргизүүсүн кааласаңыз, анда бул кичи көргөзмө сиз үчүн.
1. Анонс жарыялаңыз
Сиздин соцтармактардагы досторуңуз, кээ бир маалыматты эстеп калышат. Макалаңызды чыгарардан мурда анонсторду жазыңыз жана чыгуу убактысын так белгилеңиз. Бул сизди соцтармактарда ээрчиген адамдардын сиз жазган контентти окуп чыгуу мүмкүндүгүн жакындатат.
2. Кириш сөз жазыңыз
Ар бир макаланын өзүнүн өзгөчө окурманы болот. Баарына эле оюн же фотосүрөт кызыктуу боло бербейт. Эгер сиз бир абзац бөлүп, ал жерге кимге пайдалуу болоорун же эмне жөнүндө сөз кылаарыңызды айта кетсеңиз, адамдар бул макаладан, же подкасттан эмнени алаарын алдын ала билишет жана ошого жараша кызыгышы мүмкүн.
3. Иденттүүлүктү сактаңыз жана кооздукка умтулуңуз
Сиз кооздукту жактырасыз да, туурабы? Канткен күндө дагы окурмандар контент продуктусунун сыркы келбетине да көңүл бурушат жана ар бир жаратуучунун иденттүүлүгүн сезип, биле алат. Мисалы, белгилүү саякатчы Антон Птушкиндин каналына көз чаптырсак. Дээрлик баардык превьюларында окшош ариптер колдонулган жана кооз сүрөттөр менен коштолгон. Бул нерсени иденттүүлүк деп коёт. Эгер сиз өзгөчө контент айдентикасына ээ болгуңуз келсе, бул жөнүндө ойлонуңуз.
Превью, анонсторду жасоо үчүн Canva колдонмосун колдонсоңуз болот.
4. Регулярдуулукту сактаңыз
Албетте, Контентчиде алгоритм жок. Ошенткен күндө да, кайсыл жерде контент жаратпаңыз регулярдуулукту сактаганыңыз туура. Бул үчүн Контентчидеги таймерди колдонсоңуз болот. Канчалык күчүңөрдүн жетишинче өзүңүз койгон регулярдуулукту сактасаңыз, күйөрмандарыңыз бош убактысында сизди эстешет же болбосо сиз жазган макалаларды күтүшөт. Ал үчүн татыктуу контент жаратышыңыз керек.
Контентчиде биринчи макаланы жазууну, ар түрдүү инструменттерди колдонуп, бул жерде көргөзгөнбүз.
Эгер сизге бул макала пайдалуу болсо, ылдый жактан билдириңиз😉
Эгер суроолор пайда болсо, төмөн жактан же Фейсбук группадан кайрылыңыз.