коронавирус[COVID-19]

март 07, 2020

Саламатсыздарбы?(Бул кириш сөз азыркы абалдарга арналган сыяктуу)

Мен азыр Түштүк Кореядамын. Оа оа, билем бул жак кытайдан кийинки орунда турат. Ушул убакытка чейин 6767 адам оорулуу деп аныкталды. Күнүнө 450 - 700 аралыгында жаңы оорулуулар кошулуп жатат. Бирок Корея укмуш тез текшерип жатат. Мындай ылдамдыкты дүйнө көрө элек. Рахмат. Кокус ооруп калсаң, мамлекет өзү сакайганга чейин кам көрүүнү моюнга алган. Дагы бир жолу рахмат. Оорунун алгачкы белгилери 2 жума ичинде сезиле баштайт. Ошон үчүн алдын ала башкаруу кыйын.

сыя көк түс менен аялдардын, кызыл менен эркектердин өлүү ыктымалдуулугу(Түштүк Корея)

Эмне үчүн Кытай ар дайым оорунун очогу?

2019 жылдын аягында Кытайдын Ухан шаарынын тургундары жапырт ооруй баштады. Аларда биринчи курук жөтөл жана дене табы жогорулап анан пневмония(өпкөнун сезгинип оорусу) болуп жатты. Кээ бирлерин өлүмгө жетеледи, кээ бирлери оору менен күрөшүүдо. Докторлор бул ооруга COVID-19, толугураагы coronavirus 2019 деген ат беришти. Оорунун очогу Ухандагы тамак базары болуп чыкты, себеби 41 оорулуудан 27си ушул жерде болгон. Токтогулачы. Ушундай окуя мурда дагы болгондойбу? Туура, 2002 Гванжау провинциясында коронавирустун башка түрү - SARS(толугураак Severe acute respiratory syndrome, же дем алууну катуу кыйнаган оору). Бул дагы КЫТАЙдан башталган. 29 өлкөгө тарап, 774 адам олгон. Азыр, 18 жыл өткөндөн кийин жаңы вирус 71 өлкөгө жайылды жана 3127 адам каза болду. Эми, бул тамак маркеттеринин коронавирус менен эмне иши бар? Эмне үчүн бул Кытай мамлекетинде болуп жатат? Ооруга чалдыктура турган вирустардын көбү жаныбарларда жашайт. Мисалы, грипп(influenza) - тоок жана чочкодон, ВИЧ(HIV) - шимпанзеден, эбола(ebola) - жарканаттардан адамдарга жуккан. Акыркы коронавирус болсо - биринчи жарканаттан кескелдирик сыяктуу жаныбарга(pangolin) анан адамга жуккан деген далилдер бар. Бирок бул цыкл болушу үчүн, үч жаныбар бир жерде кесилиши керек. Бирок кантип? Оа, Ухан тамак маркетине кош келиниз. Бул жерде капаска салынган жаныбарлар бири-биринин үстүндө тизилип турат. Алардын кесектери, суюк заттары жана кандары астындагы жаныбарга оңой эле жетет. Сатуучу ал жаныбарды кесип этин сатат, же жөн эле кармалайт анан алуучуга калган акчасын кайрып берет. Алуучу үйгө келип тамак жасайт. Ал тамакты ичип баласы мектепке барат. Анан ....

Эмне үчүн жапайы жаныбарлар тамак ашка жана дарылыкка Кытайда сатылат? Жыл 1970, Кытай азыркыдай эмес эле, ачкачылык 36 миллион адамды өлтүргүн болчу. Коммунисттик мамлекет 900 миллион адамды тамак менен камсыз кыла албай калган эле. 1978 мамлекет адамдарга жаныбар багууга уруксатын берет. Чочко, үй канаттууларынын этин чоң компаниялар чыгара баштады. Кедей адамдар жапайы жаныбарларды тутуп, алар менен сооданы кылып жан бага баштады. Бирок 1988 жылкы жаңы эреже боюнча, кичинекей жапайы маркеттер дагы аябай чоңойду. Коп сандагы жапайы жаныбар - вирустун жашоо майданы. Ал оорулуу жаныбардан соосуна жугат, абдан тез тарайт. Керек болсо, кызыл китепке кирген жаныбарлар дагы сатыла баштады. Коп өтпөй SARS чыкты, мамлекет уруксатын кайра алды. SARSты женгенден кийин кайра уруксатын берди. 2004 жылы бул маркеттен 14.5 миллиард доллар пайда тапты. Азыр кайра убактылуу бул маркеттерди жабышты.  

Baiaman Bazarbaev

жайдары бала

Great! You've successfully subscribed.
Great! Next, complete checkout for full access.
Welcome back! You've successfully signed in.
Success! Your account is fully activated, you now have access to all content.