Эмне үчүн оюнчулар CD Projekt компаниясын жакшы көрүшөт?

Оюн индустриясы июнь 17, 2019

Өткөнкү макалада биз америкалык ЕА компаниясын оюнчулар эмне үчүн жек көрүшкөнүн талдаганбыз.

Эмне үчүн оюнчулар EA компаниясын жек көрүшөт?
EA, же Electronic Arts - видеоюндарды таратуучу америкалык корпорация. Аны 1982 жылы Трип Хокинс деген адам курган. Ал учурда анын аты Amazin’ Software болчу. Башта ЕА видеоюндарды бастыруучусу гана болчу, бирок кийинчерээк ал өзүнө ийгиликтүү иштетүүчүлөрдү ээлеп калган. Ошентип 2000 жылдын башынд…

Ал эми бул макалада болсо тек тескерисинче оюнчуларга жагымдуу видеоюн иштетүүчү студияны караштырабыз.

CD Projekt бул польшалык холдинг компаниясы. Анын максаты бул видеоюндарды бастырып, иштетип чыгаруу жана аларды локализациялоо. Бирок биз анын видеоюндарды иштетип чыгаруучу туунду компаниясын караштырабыз. Анын аты CD Projekt RED. Бул студия болгону бир видеоюнду, албетте уландылары менен, чыгаргандан белгилүү болуп кеткен.

CD Projekt RED логотипи.

CD Projekt RED 2002 жылы CD Projekt Investment демилгеси менен негизделген. Анын жалгыз максаты белгилүү польшалык жазуучу Анджей Сапковскийдин(поль. Andrzej Sapkowski) андан бетер белгилүү Wiedzmin(кырг. Бакшы) романдар циклдын негизинде видеоюнду иштетүү болгон.

YamaOrce колдонуучунун арт иши.

Ошентип 2007 жылы студиянын биринчи долбоору жарыкты көрөт - Wiedzmin (Бакшы). Дебют абдан мыкты болгон эмес, бирок абдан начар да болгон жок. Сынчылар графика, музыкалык коштоо жана сюжетти мактаганы менен, видеоюнда техникалык жагынан көйгөйлөрү бар экенин белгилеп кетишкен. Е3 көргөзмөсүндө "Жеке компьютерлер үчүн эң мыкты RPG оюну" наамына эки жыл(2006-2007 ж.) ирети менен ээ болгон.

Metacritic баасы - 86

Кийин 2011 жылы анын түз улантуусу чыккан - Wiedźmin 2: Zabójcy królów (кырг. Бакшы 2: Падышаларды өлтүргүчтөр). Бунусунда иштетүүчүлөр геймплейин жакшы жагына өзгөртүшкөн. Андан тышкары, оюн үчүн атайын, жаңы оюн жүргүзмөсү иштетилген - RED Engine. Графика жагынан да видеоюн мыктыланган. Кайрадан да сынчылар оюндун ичинде жакшы жактары менен бирге начар жактарын да табышкан. Бирок жалпысында албетте видеоюн ийгиликтүү болгон. Мисалы ошол эле жылда оюнду сатып алгандардын саны 1 миллионго чейин жеткен.

Metacritic баасы - 88

Ал эми чынындасы талашсыз популярдуулук студияга видеоюндун үчүнчү бөлүгү алып келген - Wiedźmin 3: Dziki Gon (кырг. Бакшы 3: Жапайы Аңчылык). Эми сынчылардын эч кандай көйгөйлөрдү табуу мүмкүнчүлүгү болбой калган. Ал кайтадан эки жыл(2013-2014) ирети менен "Эң мыкты RPG оюну" наамына ээ болгон. The Game Awards жана Golden Joystick Awards боюнча ал видеоюн "Эң күтүлүүчү" деп кабыл алынган. Бүт көргөзмө мааракелерден Wiedzmin 3 оюну эң мыкты визуалдык дизайн, графика, геймплей, сюжет жана башка наамдарды кошуп жалпысында 200 премияларын жеңген. Оюн дагы чыга элек кезинде студия 1.4 миллион буюртмаларын алган. Ал эми сатуу башталгандан эки жума өткөнчө оюнчулар оюнду 4 миллион жолу сатып алышкан. 2017 жылындагы эсеп боюнча Wiedzmin 3 жана аны толуктоочтору менен кошо жалпысында компанияга 1 миллиард польшалык злотыйларды алып келген($268 млн).

Metacritic баасы - 91

Бул кыскача тарыхый экскурстан биз - CD Projekt RED дайыма сапаттуу, кызыктуу жана үлгүлүү ролдук жанрдагы видеоюндарды чыгарганга жетишкен - деп билсек болот. Wiedzmin 3 аңгыча да оюнчулардын арасында эң мыкты, жана үлгүдөй болуп саналат.

Gwent оюнунун трейлеринен кадр.

Мындай караганда жагымдуу компания болгондун формуласы жөн гана сапаттуу оюндарды чыгаруу деп ойлосо болот. Бирок бул өтө одоно корутунду деп ойлойм. Андан тышкары дагы бир маанилүү фактор бул аудиторияңдын калоолорун билгени деп санайм. Мисалга CD Projekt RED'тин жаңы долбоорун карап көрөлү.

Cyberpunk 2077 иштетип чыгаруунун башталышын компания эчак 2012 жылы жарыялаган. Ошондон бери быйылкы 2019 Е3 көргөзмөсүндө так жарыкка чыгуучу күнү белгилүү болгон - 16 апрель, 2020 жыл.

Киберпанк - компьютердик өнүгүш эранын, технологиялык прогресстин фонундагы адам маданиятынын начарланышы.

Демек киберпанк жанры бул алыскы келечек деп айтсак болот. Ал эми студиянын эски оюндары көбүнчө Орто Кылымдарды камтыган болсо, азыр келечекти караштырганы бул оюнучуларга жаңы дем сыяктуу. Бул чечим абдан мыкты. Анткени оюнчулар бул оюн сапаттуу жана кызыктуу болгонуна ишенишет, ал эми ал дагы жаңы чөйрөдө болуп жатса, бул кошумча плюс.

Эгерде бул аргументтер да жетишпеген болсо, анда мына дагы бир. Быйылкы 2019 жылы Е3 көргөзмөсүндө CD Projekt RED өзүнүн Cyberpunk 2077 видеоюнунун трейлерин көрсөткөн. Ал эми бунда эч кандай өзгөчөлүк жок. Оюнчулар кооз, стильдүү, сонун кошмо музыка менен трейлерди көргөнүн билишкен. Ал эми акырында иштетүүчүлөр эч кимге айтпастан бир детальды кошкон - бүт коомчулук айран-таң калышкан. Бул деталь - Киану Ривз.

Киану Ривз Cyberpunk 2077 трейлеринде.

Иштетүүчүлөр видеоюнга Киану Ривзди Johny Silverhand(Джонни Сильверхенд) каарман катары киргизишкенин айтышкан. Ал трейлердин акырында көрүнүп, бүткөндөн кийин сахнага өзү чыгып, эл менен жолдоштук чөйрөдө маек берген. Бул дагы мыкты PR чечими эмеспи? Менимче бул CD Projekt RED өзүнүн күйөрман оюнчуларын жакшы тааныганынын далили.

Киану Ривз Е3 көргөзмөсүндө.

Тектер

Jean-Ghak

Оюн жана киного кызыккан жаран

Мыкты! Сиз Контентчиге ийгиликтүү катталдыңыз.
Great! Next, complete checkout for full access.
Кайта кош келдиңиз! Сиз ийгиликтүү кирдиңиз.
Ийгилик! Сиздин аккаунтуңуз толук активделди, эми сизге баардык контент жеткиликтүү.